Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:26

Евробиримдик кыргыз бийлигин адам укугуна көңүл бурууга чакырды


Евробиримдик Кыргызстанда адам укугунун артка чегинип жатышына тынчсыздануу билдирип, кыргыз бийлигин бул жагдайга тез арада көңүл бурууга чакырды. Мындай билдирүү 23-февраль күнү Брюсселде өткөн Евробиримдик-Кыргызстан алакаларын талкуулаган жолугушууда айтылды.

Евробиримдикте болгон сөздү эмнеге жашырып жатышат?

Евробиримдик менен жолугушууга катышып келген тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев жетектеген кыргыз делегациясы Брюселлдеги талкууда адам укугу, журналисттерге кол салуулар тууралуу кеп болгонун азырынча ачыка чыгарышка элек. Алар эки тараптуу жолугушууда соода-экономикалык карым-катнаш, коопсуздук, аймактык кызматташтык сыяктуу гана маселелер талкууга алынганын билдиришүүдө.

Ал эми Евробиримдик өкүлдөрүнүн тараткан маалыматка ылайык, жыйында аталган союз Кыргызстандагы адам укугунун абалына тынчсыздануу билдирип, кыргыз бийлигин бул проблемага чукул арада көңүл бурууга чакырган.

Жаш укук коргоочу Гүлшайыр Абдрасулованын пикиринде бул абройлуу уюмдун Кыргызстандагы кырдаалга кабатырлануусуна толук негиз бар:

-Евробиримдиктин тынчсыздануусу туура деп ойлойм. Себеби 2009-жылы, 2010-жылдын башталышында эле көптөгөн фактылар катталды. Журналисттерди сабоо, саясий активдүү адамдарга чоң басым болуп жатат. Өзүнүн ой-пикирин билдиргендерге да куугунтук күчөдү. Жөнөкөй жарандар өз көйгөйүн бийлике жеткиргенге мүмкүнчүлүктөрү калбай калды.

Абдрасулованын пикиринде оппозициялык саясатчылардын камалышы, чындыкты жазган журналисттердин өлтүрүлүшү боюнча жарандык коомдун үнү эл аралык уюмдарга жетүүдө.

“Кыргызстанда эркиндик бар”

Анткен менен бийликтер, депутаттардын басымдуу көпчүлүгү Кыргызстанда коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу адам укугу, сөз эркиндиги бар экенин айтып келишет. Парламенттеги “Ак жол” фракциясынын өкүлү Жангороз Каниметов буларды айтты:

-Адам укугу жаатында көп жакшы иштер болуп жатат. Аны эч ким танбайт. Бирок журналисттерди өлтүргөндөр табылбай жатышы албетте өкүндүрөт. Жакшы жагын айтсам, бей өкмөт уюмдардын эркиндиги, каалагандар митингге чыгып жатышат. Мына Алайда, Нарында өз укуктарын коргоп жатышат. Мунун баарын эркиндик деп айтсак болот.

Каниметов сыяктуу өлкөдө адам укугунун абалы жакшы деп айткандар, жагдайды Батышка же Европага эмес, коңшу Өзбекстан менен Казакстанга салыштырып айтышат. Серепчилердин белгилешинче, Кыргызстанды дал ошол авторитардык өлкөлөргө салыштырып түздөнүүнүн арты, эл аралык кадырлуу уюмдардын кара тизмесине кирип, эркин эмес өлкө деп табылууда.

Жаш саясатчы Урмат Казакбаев, өткөн жыл соңунда жүздөгөн жаштардан атайын сурамжылоо жүргүзүп, жыйынтыгында өлкөдө адам укугу күн санап начарлап баратат деген тыянак чыгарганын айтат:

-Эмне үчүн дегенде канча журналисттен айрылдык. Айрым саясатчыларды тирүүлөй өрттөп жиберген окуялар жүз берди. Буга чейин таптакыр болуп көрбөгөндөй укук бузуулар болуп жатат. Аябай артка кеттик.

Бул жаш саясатчы сыяктуу эле “Кыргызстанда адам укугу корголбой калды, өлкөдө авторитардык бийлик орноду” деген тынчсыздануулар, кайрылуулар жергиликтүү бей өкмөт уюмдар, укук коргоочулар тарабынан далай ирэт айтылды. Евробиримдик -Кыргызстандагы адам укугуна тынчсызданган, кыргыз бийлигин бул жагдайга көңүл бурууга чакырган уюмдардын алгачкысы эмес.

Абройлуу Хьюман Райтс Уотч уюму 2009-жылдагы адам укугунун дүйнөдөгү абалы тууралуу баяндамасын жарыялап, анда Кыргызстандык укук коргоочулар менен журналисттерди куугунтуктун бутасына айланды деп баса белгилеген. Өткөн жылы Фридом Хаус уюму болсо Кыргызстанды эркин эмес өлкөлөрдүн катарына кошкон.

Бирок мындай билдирүүлөрдөн соң Кыргызстанда бийлике сын айткандарды камоо, журналисттерге чабуул, нааразылык акцияларына чыккандарга куугунтук токтоп калган жери жок. Эми Евробиримдиктин бул олуттуу чакырыгына кыргыз бийлиги кулак салаар бекен?
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG