Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:13

Соңку реформалар боюнча өлкөнүн акча каражатын, келген инвестицияны Өнүктүрүү кору тейлейт. Коомчулукта бул корго ишенбөөчүлүк күчөөдө.

Кыргызстандын каржы-экономикалык тармагын өнүктүрүү максатында Өнүктүрүү кору 2007-жылы түзүлгөн. MGN Group деп аталган каржы-инвестициялык компания Өнүктүрүү коруна башкы кеңешчи катары тандалган. Коомчулукта соңку кезде пайда болгон чет элдик жарандар ээлик кылган бизнесттик түзүлүштөр тууралуу пикирлер ар түрдүү. MGN Group компаниясынын ээси Евгений Гуревич “Азаттыкка” курган маегинде Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошуп жатканына сыймыктанаарын жашырбады.

"Азаттык": - Гуревич мырза, MGN тобу Өнүктүрүү корунун башкы кеңешчиси катары канча акча алат? Эгер бул ишкердик жашыруун сыр болбосо, айтып кетсеңиз?

Е. Гуревич: - Бул жашыруун сыр эмес. Маалыматтын баары тең жалпыга ачык. Биз кантип акча таап жатканыбызды билүүнүн эки жагы бар. Анткени, Өнүктүрүү кору аудитордук текшерүүдөн кийин финансылык ишмердүүлүгү тууралуу отчет жарыялайт. Биз дагы ошондой эле отчет жарыялайбыз. Финансылык кеңешчи катары биз сааттык чен менен акча алабыз.

Бул төлөм Кыргызстандын рыногунда иштеген консалтинг, аудиторлук ишканалар алган чен менен бирдей. Ал эми брокер-диллерлик кызмат үчүн дагы эле рыноктун чегинде эсептейбиз. Бул төлөмдөрдүн өлчөмүн салыштырып карап чыгуу оор деле эмес. Мен айткандай, бул жарыяланчу отчетто көрсөтүлөт.

Өнүктүрүү кору дагы өз отчетунда брокерлик, кеңешчилик, юридикалык кызматка канча төлөгөнүн көрсөтөт. Мен бүгүн бул сумма канчаны түзөөрүн айта албайм. Анткени бул активдер баалуу кагаздар рыногунда канчалык кымбат болоорунан жана Өнүктүрүү кору биздин кызматтан канча жолу пайдаланганына байланыштуу.

Эми активдерди башкаруу боюнча. Бизде турган активдерден түшө турган кирешеден 2,5% өйдө акча алабыз. Бул 5% түзөт. Ал эми дүйнөлүк практикадагы стандарттык өлчөм – табылган кирешенин ондон жыйырма пайызга чейинки көлөмүн түзөт.

Өнүктүрүү кору биздин стратегиялык өнөк болгондуктан, биз ушундай азыраак пайызга макул болдук.

"Азаттык": - Өнүктүрүү корунун башкы финансылык кеңешчиси катары канчалык деңгээлде алардын ишине, чечим чыгарууга кийлигише аласыңар?

Е. Гуревич: - Биз тигил же бул долбоор тууралуу рекомендация бере алабыз.


"Азаттык": - Демек, рекомендация берүү менен гана чектелесиңерби?

Е. Гуревич: - Биз рекомендация гана беребиз. Башкача айтканда, алар бизге финансылык кеңешчи катары тигил же бул долбоорду баалап берүүгө кайрылышат. Бул жерде бир ооз сөз менен жооп берип коюу татаалыраак. Анткени, биздин эки компания тендерди утуп алган. MGN капитал – финансылык кеңешчи катары, MGN Asset Management (баалуу кагаздарды башкаруу) – активдерди башкаруучу компания катары тендерди утуп алган.

Финансылык кеңешчи катары эмне кылабыз? Өнүктүрүү коруна кайсы бир долбоорду – маселен, Камбар-Ата-2 ГЭСине 100 миллион доллар бөлүүнү сунушташат. Негизги инвестор болгон Өнүктүрүү кору өз кезегинде бизге кайрылып, аталган долбоор канчалык деңгээлде кооптуу же коопсуз экендигин аныктап бергиле дейт. Анан биз долбоорду анализдеп, көз карандысыз бүтүм чыгарып беребиз.

Андан кийин Өнүктүрүү кору директорлор кеңешин чогултат. Анын курамына премьер-министр, Улуттук банктын жетекчиси баш болгон адамдар кирет. Алар канча өлчөмдө, кандай шартта каражат бөлүүнү чечишет. Демек, бул жерде биз кеңешчи катары мындай чечимге таасир эткен жүз фактордун бири гана элебиз. Акыркы чечим башкаруучу директорлор кеңеши тарабынан гана кабыл алынат.
...биз кеңешчи катары мындай чечимге таасир эткен жүз фактордун бири гана элебиз...


"Азаттык": - Өнүктүрүү кору белгисиз статуска ээ, өкмөттүн курамына кирбейт. Сиздер ушундай уюм менен кандайча биргелешип, өз-ара ишенүү менен кызматташасыңар? Балким бул кор эртең жоюлуп кетсе эмне болот?

Е. Гуревич: - Бардык нерсе болушу мүмкүн. Өнүктүрүү кору түзүлгөндө бизден эч ким эч нерсе сураган эмес. Ал эми азыр болсо мен өз атымдан бул кор туура же туура эмес түзүлгөн деп айтканым одоно болуп калат деп ойлойм. Бул саясий суроо. Мен болсо финансы, экономика, бизнес менен алектенем. Ошондуктан, эгерде ал корду жоюп салса, жоюлуп кетет да.

Бирок мен баарлашкан мамлекеттик органдардын бардыгы тең өнүктүрүү корунун иш ыкмасы, анда иштеген адамдар, корду башкаруунун, өнүктүрүүнүн жолдору, методдору өкмөттүк ишканаларга караганда алда канча эффективдүү экенин айтышат. Бул факт.

Балким бул үчүн кимдир бирөө мага таарынаар, бирок бул чындык. Маселенин юридикалык жагына тийшпей туруп карасак, Өнүктүрүү кору көзөмөлдүк кылган каражатты ачык, жоопкерчиликтүү инвестициялоодо өзүнө тапшырылган ишти эң мыкты аткарып жатат.

"Азаттык": - Өкмөттүн функциясын өзүнө тартып алган Өнүктүрүү коруна Орусия ишеним артпайт. Ошондуктан, эки миллиард доллар насыянын бир миллион жети жүз миңи азыркыга чейин берилбей жатат деген маалымат тарады. Сиз буга кандай карайсыз?

Е. Гуревич: - Мен мындай маалыматты - Орусия ушул себептен акча бөлбөй жатыптыр дегенди сизден биринчи угуп жатам.

"Азаттык": - Жергиликтүү, ошондой эле орусиялык массалык маалымат каражаттары жазып жатышат.

Е. Гуревич: - Аа, анда түшүнүктүү. Менин жообум мындай, Өнүктүрүү кору менен өкмөттүн өз-ара кызматташуусу жетишээрлик так аныкталган. 1) өкмөт өнүктүрүү корунун 100% акционери, 2) Өнүктүрүү кору – каражатты бөлүштүрүүдө өкмөттүн алдында 100% жоопкерчиликти алат. Чын-чынына келгенде, ал жерде баары күзгүдөй эле чагылдырылып турат, өкмөттүн Орусия алдында, кордун өкмөт алдында жоопкерчилиги турат.

Директорлор кеңешинин курамын карап туруп, ал жерде кызыкчылыктар ортосунда талаш-тартыш чыгат деп ойлобойм. Өкмөт башчы калпагын кийип, өнүктүрүү корунун директорлор кеңешинин чечимине кол коердо кантип эле өлкө кызыкчылыгын, өзүнүн кызматтык милдетин унутуп койсун.

Же болбосо, Алапаев (Улуттук Банктын жетекчиси – ред.) Улуттук Банк кызыкчылыгына кайчы келчү чечимди колдоп ийиши күмөн. Ал жерде отурган каржы министри Орусияга кайтарчу акчаны кантип эле башка жакка жумшап ийишине жол берсин. Бул өзү ойлонулуп жасалган иш.

"Азаттык": - Мындай ишти аткаруу үчүн мамлекеттик институттар бар жана бул алардын түздөн-түз милдети. Ага карабастан, эмне үчүн ушундай корду түзүүгө кыргыз тарап мажбур болду?

Е. Гуревич: - Бул жерде эки жагдай бар. Чындыгында, өкмөттө илим-билимдүү, корпоративдик башкаруунун тилин билген тажрыйбалуу адистер, ыкмалар жетишпейт. Бул эч кимге жашыруун эмес, ал тургай президент дагы экономикалык башкарууну кайра жаңылоо тууралуу айтпады беле. Эми бул бир нече убакыт алаарын айта кетели.
...өкмөттө илим-билимдүү, корпоративдик башкаруунун тилин билген тажрыйбалуу адистер, ыкмалар жетишпейт...


Экинчиден, учурда Өнүктүрүү кору өкмөткө караганда каражатты сактоодо катуу көзөмөл жүргүзүп жатат. Мисалы, Камбар-Атаны өкмөт кандай каржылады эле, азыр бул ишти кор кандай аткарууда? Өкмөт каражатты «Электр станциялар» ишканасына жөн эле кредит, же ссуда катары берип койгон. Ошону менен иш бүткөн.

Өнүктүрүү кору болсо мыйзамды өзгөртүүнү талап кылды. Эми бөлүнгөн насыя «Камбар-Ата-2» акционердик уюмунун эсебине которулат, алардын активдери болсо Өнүктүрүү корунун колунда күрөө катары турат. Эгерде насыя кайра кайтарылбай калса, өнүктүрүү кору кайра каржылайбы, же акциясынын бир бөлүгүн сатабы, баалуу кагаздарды басып чыгып инвестор издейби – айтор, жолун табат. Алар насыяны кайтарууда биргелешкен жоопкерчилик тартат. Өнүктүрүү кору насыяны кайра кайтарууга толук жоопкерчиликтүү.

"Азаттык": - Гуревич мырза, коомчулукту дагы түйшөлтөн нерсе - Өнүктүрүү коруна ишенимдин жоктугу. Эртең бул кор өз ишмердүүлүгүн токтотуп, же анын жетекчилери өлкөдөн чыгып кетсе Кыргызстан мойнундагы сырткы карызы менен сызга отуруп калбайбы?.. Башкы кеңешчи жана негизги өнөктөш катары бул тобокелдикти канчалык баалайсыз?

Е. Гуревич: - Бул жерде тобокелдикти чететтүү үчүн эч кандай «эреже» жок, андай "эреже" эгер каражатты мамлекет башкарса деле болмок эмес. Биз бул учурда эки факторду карай алабыз. Биринчи фактор – тобокелдикти башкаруу. Өнүктүрүү корунда тобокелдикти башкаруунун так стратегиясы бар. Ал стратегия дагы толукталат, такталат.

Ошол эле кезде стратегия 100% кепилдик бере алабы? Жок. Ошондой эле, бул каражат мамлекеттин башкаруусунда болгондо дагы 100% кепилдик жок. Бир гана нерсе – тобокелдикти башкаруу жана аны азайтуунун жолун билүү керек. Ал эми бир нерсеге толук кепилдик берүү деги эле турмушта жок.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Элеонора Бейшенбек кызы

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин журналисти. 2009-жылы Internews уюмунун "Жылдын мыкты радио журналисти" наамын алган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG