Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:00

Э. Үмөталиев: Экономикага эски түшүнүктөр үстөмдүк кылууда


“Кыргыз консепт” ишканасынын президенти Эмил Үмөталиев Кыргызстандын “Doing business” рейтингинде алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кириши - өлкөдө ишкерликти өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарттар түзүлдү дегенге жатпайт деп эсептейт.

- Эмил мырза, бүгүн Дүйнөлүк банк өзүнүн маалыматын жарыялады. Ага ылайык Кыргызстан дүйнөлүк “Doing business” рейтингинде 41-орунду ээлеп, баштапкы 50 мамлекеттин катарына кирген. Ошол отчетто айтылгандай Кыргызстан бизнести өнүктүрүү жаатындагы 10 реформанын жетөөнү ишке ашырган. Мунун ичинде бизнес ачуу, курулуш иштерин баштоого уруксат алуу, жумушчуларды жалдоо, менчикти каттоо, насыя акча алуу, салык жыйымдары жана эл аралык соода жүргүртүү киргизилиптир. Сиз мындай баага макулсузбу?

- Бул Дүйнөлүк банктын маалыматына макул болбой койгонго эч кандай негиз жок, макул болуш керек. Бирок Дүйнөлүк банктын бул рейтингинин максатын туура түшүнүш керек. Башкача айтканда, бул рейтинг чындыгында өлкөнүн ичинде түзүлгөн абал жөнүндө эмес, кабыл алынган чечимдер жөнүндө. Эгерде кабыл алынган чечимдер мурдагы болгон акыбалга, шартка караганда кандайдыр бир илгерилеген шарттарды сунуш кылган болсо, ошол чечимдердин негизинде бул рейтинг түзүлөт. Анан бул рейтингде сөзсүз түрдө калп, жалган айтылган сөздөрбү, же иштебеген чечимдерби деген максаты жок. Аны текшербейт. Ошондуктан биздин кабыл алынган жаңы чечимдерибиз эгерде мурдагы кабыл алынган чечимдерден жакшыраак, илгери болсо, шарттары конкреттүү болсо анда ошонун негизинде бул рейтинг берилет. Ошентип биздин кабыл алынган чечимдерибиз чындыгында эле болгон. Ал чечимдер жок дегенде айтылган, ал кагаздагы түрүндө мурдагыдан чын эле илгерилеген конкреттүү шарттарды сунуш кылат. Ошонун негизинде алган ордубуз, рейтингдин маалыматы бул так маалымат, ага ишенип эле коюш керек.

- Сиз ишкер катары айтсаңыз, ушул алынган чеимдер, кабыл алынган мыйзамдар канчалык деңгээлде иштеп жатат бүгүнкү күндө?

- Ошону менен бирге эгерде бул рейтингдин максатын түшүнсөк, анда биз бул маалыматты туура эле кабыл алабыз. Бирок туура кабыл алганы менен биз өтө ишенбей кабыл албаган менен салкын, реалисттик түрдө кабыл алышыбыз керек. Анткени бул жарым гана кадам. Кабыл алынган чечимден кийин анын аткарылышы андан дагы негизги иш. Муну өтө ысык мамиле менен кабыл албаш керек. Эч качан буга дардаңдап, өтө кубанып, аны менен мактана бербеш керек. Буга жөнөкөй гана салкын баа берип коюп туруп, анан анын негизинде иштерди аткарганга умтулуш керек.

- Мына быйыл кыргыз бийлиги жаңы салык кодексин кабыл алды. Ошол учурда сиз жакшы билесиз, жаңы салык кодекси ишкерлердин айрым учурларда нааразылыгын туудурду. Мисалы ушундай каржылык каатчылык мезгилинде жаңы салык кодексинин киргизилиши бир аз туура эмес болуп калды деген пикирлер болгон болчу?

- Биз ал салык кодексинин көп жылдан бери өзгөрүүгө умтулуусуна катышып келаттык. Ошондуктан бул процесс бизге бир нерсени ачык көрсөттү. Биздин мурдакыдай эле бюрократия менен карама-каршылыгыбызды жана бюрократиядагы чечимди кабыл алууга күчү жеткен адамдардын экономикага дагы, коомчулуктун баалуулуктарына дагы көз караштары жана принциптери ишкерлердикинен айырмаланып турганын аныктады. Анан бул процесс негизинен биздин жетишкендигибиз. Ишкерлер уттуруп койгон кезде дагы мамлекет үчүн бул жетишкендик болчу. Анткени бул процесс өлкөбүздүн ичиндеги болуп аткан кыймылдардын далили болду. Анан ушул жаңы курулуп келаткан ишкерлер топтору, өзгөчө чакан, орто ишканаларда иштеген коррупциялык күч менен пайдаланбаган көпчүлүк жөнөкөй адамдардын укугун колдогон жана ошолордун талабын мыйзамга жеткирүүгө, мыйзам ченемине айландырууга аракет кылгандардын топтолуп өсүп келатканы бул коомчулук, мамлекет үчүн жаңы даража. Бирок бул даражада биз дале болсо совет доорунан бизге куюлуп келаткан мурдагы билимдин, мурдагы илимдин, мурдагы экономикага болгон түшүнүктөрдүн дале болсо ордун бербей, кээ бир учурларда үстөмдүк болуп турганын далилдеди.

Эми аны өзгөртүш үчүн дагы кандай бизге элдик, адамдык капитал керек. Кандай адамдар топтолуп келиш керек, кайсы жерден окуп, кайсы жерден жаңы тажрыйбанын негизинде турмушту түшүнүп, жаңы түшүнүктөрдүн, жаңы экономиканын мыйзамын куруучу күчтөр кайдан, качан топтолот? Мына ушул маселелерге биз тереңирээк ойлонуп, анан саясатчыларды ушуга үгүттөйт элек. Ушул саясатчылар ошол маселелерди тереңирээк талкуулап, түшүнүп, анан эл үчүн алдыга умтулууга керектүү шарттарды качан түзүп беришет деген кайрылуулар болот эле. Биздин болгон деңгээлибиз ушул экен бүгүнкү күндө, карама-каршылыгыбыз ошого барып такалды, баардыгы тең жаман болгон жок. Бирок өтө ийгиликтүү иштерди жасап жибердик деп дагы өтө дардаңдабай туралы, салкын аң-сезим менен кабыл алалы бул ишти андан ары улантышыбыз керек.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG