Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:20

Экономика жана соода министрлиги, Дүйнөлүк банк менен ЮСАИД өкүлчүлүгү 2010-жылга ишкерликти жеңилдетүү программасын тааныштырды.

Дүйнөлүк банктын “Ишкерликти жүргүзүү” рейтингинде Кыргызстан ишкерликке жагымдуу шарт түзгөн реформаларды ыкчам жүргүзгөн он алдыңкы өлкөнүн бири катары аныкталды. Ошол эле учурда адистер “Ишкердикти жүргүзүү” рейтинги коррупция, макроэкономикалык туруктуулук, көмүскө экономиканын деңгээли сыяктуу көрсөткүчтөргө көңул бурбагандыгын сындашат. Кыргызстандын экономика жана соода министри Акылбек Жапаров “Азаттыктын” төмөнкү суроолоруна жооп берди.

- Бул иликтөөдө коррупция, макроэкономикалык жана каржы системасынын туруктуулугу сыяктуу Кыргызстандын экономикасындагы көйгөйлөр камтылбайт экен. Анда ушул отчет өлкө үчүн, өкмөт үчун канчалык маанилүү?

- Бул отчет ошол коррупцияны ооздуктайбыз деген рейтингдердин бирден бири. Анткени 1-сентябрда президент элге кайрылганда ушул коррупцияны жоюунун өзөгү бир гана нерсе – аткаминерлердин уруксаат берем же бербей, акча берем же бербейм деген эки функциясын алып койсок, анды коррупция өзүнөн өзү жоюлат деген эле. Анткени ошондой функциялар болбогондон кийин ишкерлер аларга барбайт.

Мына мен бир жарым жылдан бери өзүмдүн министрлигим менен ушунун үстүндө иштеп келатабыз. Буюрса, мына бүгүн өзүңөр көргөндөй жыйынтык жаман эмес. Анан биз бул рейтинг үчүн эле эмес Кыргызстандын экономикасы, эли үчүн жасап жатабыз да. Мына былтыр түз кирген инвестициялардын көлөмү 100% көбөйдү. 2007-жылы төрт жүз миллион доллардын тегерегинде болсо 2008-жылы сегиз жүз элүү алты миллион доллар болду.

- Кыргызстанда көмүскө экономиканын саны 70% чейин чыкканы айтылууда. Чет элдик инвесторлор мындай өлкөгө канчалык кызыгат деп ойлойсуз?

- Көмүскө экономиканы ар кайсы эксперттер ар кандай айтып жатышат, бирөөлөр 50% дешсе, бирөөлөр сиздей 70% дешет. Бул көмүскө экономиканын алдыга чыгып жатканынын бир гана белгиси, 1-январдан баштап кошумча нарк салыгы 20 пайыздан он экиге түшүрдүк. Бюджетке 3,6 миллиард сом түшпөй калаарын билип туруп биз буга бардык. Ушул акчанын баары бизнесте калсын дедик.

Бүгүнкү күнү өткөн жети айдын жыйынтыгы менен карасак, кошумча нарк салыгы мурунку 20% кезиндегиге караганда 12% менен чогулган салыктын көлөмү беш жүз отуз миллион сомго көп болду. Бул эмнени айтып жатат? Эми ошол көмүскөдөгү ишкерлер сыртка чыга баштады. Былтыр эле он алты салык бар эле, азыр болсо анын сегизи калды. Биз мындан ары да кыскартабыз.

Салыктын саны аз, басымдуулугу да аз болсо анда жанагы көмүскө экономикада иштеп жаткан бизнесмендердин баарын ачыкка чыгарат элек, түз инвестициялар да келет. Биз ички дүң продуктту карап көрсөк, андагы ички жыйымдар боюнча 1990-жылдардагы 24-25% деңгээлге жеттик. Демек, кыргыздар өзүнүн байлыгын, акчасын ачыкка чыгарып, үй-тамдарды салып, бизнес ача баштады. Бул жакшы көрсөткүч.

- Кыргызстанда ишкердикти жүргүзүүнүн коопсуздугу канчалык? Өзүңүз билгендей бизнести тартып алуу, рейдерлик күч алды деп жатышат. Булар чет элдик эле эмес жергиликтүү ишкерлерди да коркутат да?..

- Ооба, эң туура. Бул биздин ички ишкерлерди да коркутуп жатат. Ошондуктан рейдерликке каршы бир катар документтер, он-он эки мыйзам кабыл алынды. Алардын баарына президент кол коюп, бүгүнкү күнү ишке кирише баштады. Бири-бири менен мүлк талашкан акционерлер, жеке менчикти талашуу, же болбосо жанагы сотто кайрадан ачылган жагдайлар деген бар. Ким бийликке келсе же кимдин таанышы келип калса эле ошолор сотко акча бере коюп, мүлктү алгандар бар. Биз ошол талаштуу мөөнөттү үч жылга чейин кыскарттык. Мурда эч кандай мөөнөт жок болчу.

Үч жылдын ичинде эч кандай чыр-чатак болбосо, анда сот экинчи жолу менчикти кайра кайрыбайт. Менчик мурдагы ээси ким болсо ошондо калат. Бир гана бул мыйзамга эмес, банкроттук тууралуу мыйзамга, граждандык кодекске, башка мыйзамдарга дагы өзгөртүүлөрдү киргиздик. Мүлктү сактап калуубуз керек. Капитализмдин өзөгү мүлк да. Кыргызстанда гана мыйзам кабыл алынды, ага ылайык өзүңдүн менчигиңди мылтык менен да коргосоң болот.

- Ал эми өкмөт ошого кепилдик бере алабы?

- Өкмөт эми ошого кепилдик берели деп атабыз. Ошон үчүн эл аралык ишкердикке ачык чыгып жатпайбызбы. Бул рейтингде дагы инвесторлорду коргоо деген бар да. Анан эл аралык деңгээлде ачык-айкындуулукка чыгып жаткандын себеби да ошондо.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG