Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:26

Дыйканчылык кимге керек?


Жазгы талаа иштеринин башталышына аз эле убакыт калды

Жазгы талаа иштеринин башталышына аз эле убакыт калды

Быйыл пахта менен тамекинин баасы көтөрүлөөрүн ишендирген Айыл чарба министрлиги дыйкандарды жазында буудайдын ордуна техникалык өсүмдүктөрдү айдоону сунуш кылууда. Дыйкандар болсо өткөн жылкы бааларды мисал келтирип, жайды жайлай кылган мээнет акталбай эле күйүп кетип жаткандыгын, мамлекет тарабынан дыйканчылыкты көтөрүүгө эч кандай жардам берилбей атканын айтышууда.

29-январь күнү ЖК азык-түлүк коопсуздугу боюнча мыйзамды талкуулады. Анда кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрү депутаттардын алдында быйылкы азык-түлүк коопсуздугун, өткөн жылдагы баалар, жыйналган түшүм жана башка маселелер боюнча маалымат беришти.

Айыл чарба министри Искендербек Айдаралиевдин билдиргени боюнча, былтыр 1 млн. 929,2 тонна буудай жыйналган. Анын айтуусунда, сунушталып жаткан мыйзамда калкты азык-түлүк менен камсыздоо үчүн 2009-2015-жылдарды камтыган узак мөөнөткө эсептелинген программа иштелип чыгып, ал былтыр өкмөт жана Коопсуздук кеңеши менен макулдашылган.

Программага ылайык, 2009-жылы жазгы талаа иштерине 550 млн. сом бөлүнгөн. Ошондой эле былтыр дыйкандарга үстөк пайызсыз товардык насыя ирээтинде буудай жыйноочу 20 комбайн, 221 тракторлор тапшырылган.

«Айылбанк» акционердик коому тарабынан айыл-чарба ишкерлери үчүн 150 млн. сом эсебинде насыя берилген. Мамлекеттик колдоонун эсебинде былтыр айыл-чарба өнүмдөрүнүн товар алмашуусу 110,1 млрд. сомду түзгөн. Министр ошондой эле келерки жылы пахта, тамеки сыяктуу техникалык өсүмдүктөрдүн түшүмүнө баалар кымбаттай тургандыгын да кошумчалады.

Мамлекет дыйкан менен малчыны ойлогон жери жок

Иш жүзүндө болсо дыйкандар мамлекет тарабынан айыл чарбасын колдоо иштери жакшылыктуу жолго коюлбай жатат деген нааразылыгын айтышууда. Өткөн жылы түшүмү мол болгон буудайды өкмөт мурда убада кылгандай килограммын 15-16 сомдон эмес, 10 сомдон сатылып алынышы, ага дагы буудайдын жабышкактыгы 23% кем болбошу керек деген талаптын коюлушу чындыгында дыйкандардын нааразылыгын жараткан.

Ушул тапта дыйкандар жаз келсе кандай эгин айдарын билбей, баштары катып турган чагы. Анткени өткөн жылы пахтанын баасы да өтө төмөн болуп, жумшалган мээнет менен сарпталган каражатты актаган жок, дешет алар.

Айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө зарыл бардык чыгымдар жылдан жылга кымбаттаганы менен пахтанын баасы 23-25 сомдон ашпады. Өкмөт дыйкандардын өнүмдөрүн сатып алууга кызыккан жок. Облустагы пахта заводдору өзү каалаган бааны коюп, мамалекеттик сатып алуу болбогон соң, пахтакерлердин мээнети менен эсептешпеди. Ноокен районундагы Сакалды айылынын тургуну Рустам Абдурасулов баа коюларда дыйкандардын пикири эске алынбаганын, бир жактуу баа коюларын айтат.

Пахта баасы жасалма жол менен кымбаттабай келатканына дыйкандын укугу корголушуна кызыккан тармак болгон жок, - деп айыл чарба министрлигине нааразы болду, Рустам Абдурасулов:
Акыркы жылдары пахтага кеткен мээнет менен сарпталган каражат акталбай жатат


- Пахтанын баасын башында 23 сом деп коюшту. Кийинчерээк дүйнөлүк биржада баа көтөрүлгөн жок деп төмөндөтүп салышты. Бирок былтыр АКШ долларынын курсу 36-37 сом эле, быйыл 44 сомго чыкты. Ортодогу айырманы кошкондо деле баа көтөрүлүп атпайбы? Ошондуктан, пахтанын баасын бийлик атайылап көтөрбөй кармап турат деген пикир туулат.

Облустун тургуну Уулкан Ильясованын үй-бүлөсү өз үлүшүнө пахта эккен. Көптөгөн айылдыктардай эле ал да пахта баасы кымбаттабаганы, дыйкандардын мээнети эске алынбаганы менен келише алган жок:

- Пахтага караганда андан иштетилген буюм-тайымдар беш-он эсе кымбаттап бараткан чак. Мамлекет аны дүйнөлүк баада сатып алып, өз ишканалары аркылуу иштетип, кайра чыгарылган соңку өнүмдөрүн базарга алып чыкса, дыйкандар өңдүү мамлекет казынасы да кыйла киреше алмак. Ансыз деле пахтакерлер үчүн былтыр жер айдоо, техника, үрөн, суу, күйүүчү май, минералдык жер семирткичтер кымбат болду. Айылда карылуу адамдар жетишпегендиктен пахтаны терип алуу түйүшүгү да оор турду. Пахтанын баасы өзүнүн наркын актабай жатат. Мамлекет пахтаны сыртка чийкилей эмес, кайра иштетилген түрүндө сатса, жергиликтүү элге да, мамлекеттин өз өнөр жайы үчүн да жакшы болмок.

Пахта мээнетти актабай калганда былтыр буудай өстүрүүгө жапырт өткөн дыйкандардын чекеси бул жагынан да жылыбады. Анткени, эгиндин баасы 5-6 сомдон ашпай, ага караганда ун-нан азыктарынын баасы көкөлөдү. Өкмөт буудайдын килограммын 10 сомдон сатып алган энчиге азганакай үлүшү бар жеке менчик дыйкандар туш болгон жок.

Дыйкандардан 4-5 сомдон сатып алган буудайды ортомчулар он сомдон өкмөт кампасына өткөргөнү Жогорку Кеңештин 29-январдагы сессиясында да козголду. Мамлекет облуста өстүрүлгөн бардык эгинди сатып алууга мүмкүнчүлүгү жетпеди. Облуста 160 миң тоннадан ашык эгин жыйналса, агроөндүрүш корпорациясы жергиликтүү фермерлерден 3 миң тонна буудай сатып алды. Көптөгөн дыйкандардын эгини өкмөт койгон талапка туура келбейт деп кабыл алынбады.

Облус базарларында эт кымбат бойдон кала берүүдө. Жалал-Абаддын базарында койдун эти 195 сомдон, уйдун эти 155 сомдон сатылууда. Жума күнү бооз уюн саткан Алимбектин пикирине караганда, өкмөт чет элден эт тартып келгиче, өлкөдөгү калктан мал-кой сатып алып, сырт өлкөлөргө эт чыгарууга, мал азыктарын кайра иштетүүчү ишканаларды бачым иштетүүгө кам көрүүсү зарыл:

Мал базарда арзан, ошол эле учурда ашкана-ресторандарда ичинде үч бүдүр эти бар тамак 100 сомдон кымбат турат
- Мына бүгүн эле базарга алып барып чоң бооз малымды 24 миң сомго саттым. Менимче, өтө эле арзан кетти. Анткени жок дегенде 30 миң сомго сатылышы керек эле, себеби көрүп жатасыздар, базардагы эттин баасы канча? Дыйканчылык кылгандар менен колунда болгон бирин-экин бодо мал, кою менен жан баккан эл баккан малынын да үзүрүн көрбөй атат. Тескерисинче, алардын эсебинен эт саткандар менен ашкана – ресторан ээлери пайдага туйтунуп атпайбы. Азыр кафеге барсаңыз ичинде үч бүдүр эти бар тамагы 100 сомдон жогору. Мамлекеттин эч кандай аракети байкалбайт, эл менен иши да жок болуп калды. Өткөн жылдары пахта өзүн актабай калды деп буудай айдасак, эмне болду? Алган түшүмдү 5-6 сомдон да сата албай отуруп калдык. Өкмөт болсо “клейковина” дегенди ойлоп таап, буудайыбызды 10 сомдон алганга жаратпай койду.

Мал киндиктүү Кыргызстандан 1 кг. да эт сыртка сатылбайт

Элдин нааразылыгын туудурган дагы бир нерсе – буудай, пахта, малдын баасы арзан болуп, ал эми андан даярдалган азыктар, кийим-кечелер, малдын этинин баасы өтө кымбат болуп жаткандыгы. Алсак өткөн жылы буудайдын баасы базарларда 5-6 сом болду, ошол эле учурда ун жана ундан жасалган азыктардын бааларында өзгөрүү болгон жок, мурдагы жылы дан-ун кымбаттаган учурда көтөрүлгөн баалар дээрлик ылдыйлаган жок. Ал эми малдын өзү арзан болгону менен эт базарда эт кымбат, алардын арасында Кытайдан алынып келинген, сапатына эч ким кепилдик бере албаган эттер да байма-бай сатылууда.

1-вице-премьер-министр Акылбек Жапаровдун өткөн жума күнү парламентте билдиргени боюнча, 2009-жылы Кыргызстанга сырттан 50 миң тонна эт алып кирилип, бир да тонна сыртка чыккан эмес. Ал 2 жыл аралыгында этти Казакстанга жана Орусиягы экспорттоо маселесин чечүүнү көздөп жаткандыгын, Казакстан менен Орусия этке карата өлкөдөгү ветеринардык мекемелер эл аралык стандарттарга ылайык иш алып баруусун талап кылып жатканын билдирди. “Эгер жакынкы аралыкта биз “Малды идентификациялоо” мыйзамын кабыл алып, малдын бардык ылаңдарынын алдын-алуу боюнча атайын кор ачып, лабораторияларды ишке киргизбесек, биздин эт четке чыкпайт” деди Акылбек Жапаров.

Ушундан улам Кыргызстан жыл сайын Европадагы “Жашыл жумалык” жарманкесине катышканынан оң натыйжа чыгабы деген суроо туулбай койбойт. Айыл чарба министри И. Айдаралиевдин айтуусунда, быйыл дагы жарманкеге чакыруу болуп, анда бир катар азык-түлүктөргө батыштыктар кызыгуусун билдиришкен:

- Өткөн жылы да катышканбыз бул жарманкеге, быйыл да барып келдик. Европа өлкөлөрүнүн керектөөчүлөрүн биздин бал, кургатылган жемиштер жана биздин ичүүчү суубуз да кызыктырууда. Мындан тышкары спирт ичимдиктери – кыргыз коньягына да кызыгып атышат. Мына ушул төрт продукция менен Европага чыгуу мүмкүнчүлүгү бар.

Буудай менен этке катар эле өзүбүздө өндүрүлгөнү менен үзүрүн элибиз көрө албай келе жаткан кант кызылчасы жана аны кайра иштетүү маселеси турат. Акыркы эки жылдан бери өлкөдөгү кант иштетүүчү саналуу ишканалар дыйкандардан кызылча кабыл алууну токтотуп, негизинен сырттан кумшекер алып келип, сатуу менен гана шугулданып калышкан.

Өткөн жылы Кайыңдыдагы кант заводу чүйлүк дыйкандардан азыноолак кызылча алып, кайра иштеткени менен, ноябрь айынын жыйырмасынан кечиккен дыйкандардын түшүмү дагы кар алдында кала берди. Заводдун күнүмдүк иштегени жалаң чыгашага алып келип жатканын шылтоологон завод кызылча кабыл алууну өтө эрте токтотту.

1-вице-премьер-министр Акылбек Жапаровдун депутаттарды ишендиргени боюнча, жакынкы жылдары кант кызылчасын айдоону 40 миң гектардан 100 миң гектарга көбөйтүү тууралуу атайын программа иштеп жатат:

- Эгерде көбөйтө ала турган болсок, анда кыргызстандыктар керектөөчү кантты толук камсыздай алабыз. Азыр мына ушунун үстүндө иштеп атабыз, бизге үч жыл мөөнөт берилген. Ушул убакытта муну ирети менен ордуна кое алсак, кантты өз элибизге гана эмес, сыртка экспорттоого да жетише алабыз. Кант кызылчасын иштетүүчү үч заводдун үчөөнү тең иштетебиз. Азыр Ак-Суудагы жүгөрү иштетүүчү заводго 109 млн. доллар сарпталып, жаңыланды. Аталган завод кант кызылчасын гана эмес, кант камышынан да кумшекер алуу мүмкүнчүлүгүнө жетишти.

Жаз жарышы башталарына ашып барса дагы бир ай калды. Жазгы талаа иштерине кыргыз өкмөтү канчалык деңгээлде даяр, дыйкандардын быйылкы мээнети канчалык акталат, эгиндин кайсы түрүн кайсы жерге айдоо тууралуу кандай сунуштар бар? Бул суроолорго жоопту биз берүүбүздүн кийинки чыгарылыштарына чейин өкмөткө жолдоп, жооп алууга аракет кылабыз.

"Азаттыктын" архивинен: Азаттык+: Жаз жарыш

Бекболот Солтобаев Сокулук районуна караштуу Асылбаш айылынан ижарага 2,5 гектар жер алып арпа себүүдө. Анын айтымында, 2009-жылы күйүүчү май арзан болсо да дан кымбат. МiT.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG