Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:15

Ош: Коррупция мектепти да чырмадыбы?


Оштогу балдар укугун коргогон уюмдар жеткинчектерди 1-класска кабыл алууда акча талап кылган учурлар байкалып жаткандыгын айтып чыгышты.

Ата-энелер да өз балдарын шаардагы мектептерге окутуу кыйынга туруп, 1-класска кабыл алуунун «баасы» бери дегенде 500 сомдон, он миң сомго чейин турарын «Азаттыкка» билдиришти.

Мисалы, баласын 1-класска окутайын деп, шаардагы ондогон мектептерди кыдырып чыккан Тамара Калиева, жеткинчектерди мектепке кабыл алууда кадимкидей экзамен жүрүп, атүгүл түзүлгөн комиссия 6-7 жашар тестиерлерди «балаңыз чабал» деп кабыл алуудан баш тартып койгон учурларга да күбө болгонун айтат.

Бирок мындай ыкма мектеп жетекчилиги үчүн акча алуунун гана амалы экен дейт Калиева:

-Кадимки студенттерден экзамен алгандай сурашат. Санаганды, алфавитти сурайт, бир-эки адашса эле сенин балаң өтпөй калды дешет экен. Акча алуу үчүн ошентип жатканы билинип эле турат. Мисалы, менин билишимче, Киров атындагы мектепке киргизүүнүн баасы 100 АКШ доллары турат. Башка мектепке барсаң деле ошол, жок эле дегенде 500 сом сурайт.

Көпчүлүк ата-энелердин айтымында, мектеп жетекчилери алардан акча алган себебин мектептин фондуна керектелет деп түшүндүрүшөт. Өз балдары билимсиз калбаш үчүн сураган акчаны берүүгө мажбурбуз дешет алар. Дагы бир шаар тургуну Айнуска айым беш миң сом пара берүүгө чама-чаркы жетпеген үчүн, окуу жараяны башталганга үч эле күн калса да, азыр да минтип баласын жетелеп бир катар мектептердин эшигин каккылап жүргөн чагы:

- Тест менен алышат экен. Билбесе, үйрөнүп анан келсин дешет. Бардык мектептерде ушундай мамиле. Айрыкча орус мектептерге окутайын деген ата-энелер көп.


Дээрлик бир айдан бери Оштогу «Благодать» кайрымдуулук коомдук фонду орто мектептердеги дал ушундай мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында, «Баламды мектепке кабыл алыңызчы» аталышта акция өткөрүп келүүдө. Аталган фонд мындан тышкары укугу тебеленген ата-эне менен окуучу үчүн ишеним телефондорун да уюштурган.

Аты-жөнүн айтпоону суранган ата-энелер айрым мектептерде балдарды кабыл алуу үчүн 200 дооларга чейин акча сураганын айтышты, дейт аталган фонддун юристи Равшан Наджибаев:

- Акча алуу максатында балага ар кандай суроолорду берип, кыскасы аны жыгылтып коюшат экен. Бизде конкреттүү фактылар жок, бирок ата-энелер телефон чалышат, мынча пара сурады дешип. Угушумча 200 доллар сурашат экен. Балким шаардын борборундагы мектепте мындан да кымбат болушу мүмкүн.


Бирок Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Авдубали Балтабаев буга чейин бул маселе боюнча ата-энелерден арыз түшпөгөнүн, эгерде балдардын укугун коргоо фонддорунун билдиргени тастыкталса анда мектеп жетекчилери катуу жазаланат деди "Азаттыкка":

- Бул боюнча бирөө бизге келип арызданса ушундай болуп жатат десек болот да. Коомдук фондбу, ата-энеби - бизге кайрылса жакшы болмок. Эгерде ошондой маалымат чын болсо, аларга сөзсүз чара көрүлөт.

Ошентип балдардын укугун коргоочулар жана ата-энелер Кыргызстандын жогорку окуу жайларындагы кадыресе коррупциялык көрүнүш тез эле орто мектептерде да кадимкидей орун алып калганына кабатырланып жатышкан чагы. Жергиликтүү серепчилердин белгилешинче, коррупциянын эми мектептерде да күчөп баштаганы Кыргызстандагы кырк миңден ашуун билимсиз баланын саны эселеп көбөйүшүнө шарт түзөт.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG