Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:06

Көкөлөгөн бааларга көрүлгөн чаралар


Кыргызстанда соңку күндөрү азык-түлүк, өзгөчө нандын баасы кымбаттап кетти.

Кыргызстанда соңку күндөрү азык-түлүк, өзгөчө нандын баасы кымбаттап кетти.

Монополияга каршы мамлекеттик агенттик өлкөдөгү ун өндүрүүчүлөргө бааны 3-4 күндүн ичинде мындан бир ай мурдагы калыбына келтирүү милдетин койду. Соңку апталарда ун, суу май, кумшекердин баасы кескин өсүп кеткен.

Сатуучулардын айтымында, бир аптанын ичинде эле бир кап унга 300, бир кап кум шекердин үстүнө 250 сом кошулган. Монополияга каршы мамлекеттик агенттиги учурда ундун кымбаттоосуна негиз жок экенин, башка күнүмдүк керектелчү тамак-аш продуктуларынын бааларын көзөмөлдөө үчүн өкмөткө сунуш киргизгенин белгилеп жатат.

Баалар менен чөнтөктүн "урушу"

Кыргызстанда күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөр: ун, ундан жасалчу азыктар, май жана кумшекердин баасы кескин көтөрүлдү. Бир аптанын ичинде ундун килограммына 4-5 сом, майдын бир литрине 10 сом кошулган. Маселен 5 литр май мурда 315 сом болсо азыр ал 370-380 сом. Мындан сырткары нандын баасы да бир-эки сомго кымбаттаган. Шаар тургундары баалардын көтөрүлгөнү дароо байкалып, чөнтөккө таасирин тийгизе баштаганын айтып жатышат.

Нургүл: - Нандан эле билинип баштады. Биздин үйдүн жанындагы дүкөндө мурда нан 10 сом болсо азыр 15 сомдон сатылып жатат. Кимдин айлыгы аз болсо ошолорго таасир берет. Балким айлыгы көптөргө бул таасир этпейт.

Жалил: - Мен Ош базарынын тегерегинде болуп, баалардын кескин өсүп кеткенин көрүп абдан кыжырландым. Айрыкча бул пенсионерлер учун чоң сокку болот го деп ойлойм. Эмне болсо да өкмөттөн чоң үмүт артабыз. Шайлоого чейин ушуну ооздуктай албаса алардын өзүнө кыйын болот деп ойлойм.

Мырзабүбү: - Мен базарга барып абдан таң калдым. Үч күндүн кичинде суу май он сомго кымбаттаптыр. Кумшекер, ун да кымбаттап атат. Эмне себептен кымбаттап жатканын түшүндүрүп айтыш керек да. Мындан ары кантип жашаш керек билбейм. Эл нааразы.

Майрам: - Ундун баасын өкмөт кымбаттаткан жок да. Бул табияаттын артынан болуп атат. Көп жерде эгин күйүп кетти. Аны деле эл туура түшүнүш керек. Айлыгы азыраактар нааразы болушу мүмкүн.

Насырбек: - Ун, нанды колдон келсе өкмөт кымбаттатпай эле койсо жакшы болот эле. Калгандарын айтпай эле коеюн. Азык-түлүк коопсуздугу боюнча атайын программа сөзсүз керек.

Бишкек шаарынын тургундырынын көбү азык-түлүктүн ордосу эсептелген Ош базарынан соода кылып кетишет. Биз ушул базарды аралып, сатуучулар менен да баарлашып көрдүк. Бул жерде ун саткандар кыдырата тизилген. Ун алууга шашкан, катар-катар тизмектелген алуучулар деле көрүнбөйт. Сатуучулар баалар кымбаттагандан бери алуучулардын саны азайганын белгилеп жатышат.

Себеп эмнеде?

Максуда Матанова Бишкектеги Ош базарында нан сатып иштейт. Ал соңку кездердиги ундун кымбатташы нандын баасына таасир тийгизгенин белгиледи:

- Ун кымбаттаганы ачык эле билинди. Ун кымбаттагандан тартып базардагы нандын баары бир сомго кымбаттады. Кардарлардын арасында "эмнеге кымбаттатың, бааны сен койдуң", - деп айткандар да болуп атат.

Ош базарындагы ун сатуучулардын айтымында, соңку бир аптанын ичинде эле бир кап унга 300-350 сомдон кошулган. Мурда биринчи сорттогу бир килограмм ундун баасы 12-13 сом турса, азыр 18-19 сомго жетти.

Сатуучу Орунбай Осмоналиев бааларды кескин көтөргөн ун өндүргөн ири ишканаларды текшерүүнү сунуштайт:

- Ундун баасы мурда 600 болсо, азыр 880 болду. Ар бир капка 300 сомдон кошуп коюшту. Килограммы 18 сом болуп калды. Ал эми жогорку сорттогу ун 1100 сом болду. Көтөрүлгөндүн себеби жок. Азыр буудай бышып атат, Кыргызстанда буудай көп эле. Бааны көтөргөн ун өндүргөн комбинаттар. Аларды тиешелүү органдар текшерсе эле натыйжа берет деп ойлойм.

Кыргызстандагы ун өндүргөн ири “Акун” ишканасынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков ундун кымбатташын дүйнөдөгү эң чоң буудай экспорттоочулар болгон Орусия менен Казакстанга байланыштуу деп түшүндүрүүдө. Ошондой эле ал баалардын көтөрүлүшү дүйнөлүк базарга да жараша болуп жатканын кошумчалады:

- Негизи бир эле себеп бар. 24 млн. буудайдын запасы бар деген Орусия буудайдын баасын токтото албай экспортоого чектөө койду. 7 млн. тонна буудай запасы бар деген Казакстан да бааны токтото албай жатат. Мына ушунун баары түздөн түз таасирин тийгизип жатат. Ал эми кыргызстандын буудайы өзүбүздүн керектөөбүздү камсыз кылганга жетпейт.

Базарларда бир гана ун азыктары эмес, башка тамак-аш азыктарынын да кымбаттаганын байкоого болот. Маселен, суу майга болгон баа бир эле күндө 10-15 сомго кымбаттаганын сатуучулар белгилешүүдө. Алар баанын мындай кескин өскөнү мурда болгон эмес дешет:

- 305 сомдон алып жаткан майды азыр 320дан, алтымыштан алгандар жетимиштен келип атат. Ал эми кумшекердин мүшөгү кечээ эле 2100 болсо, азыр ага 250 сом кошулуп калыптыр. Бул бир күндө эле, мындай болчу эмес.

Айыл-чарба тармагы боюнча адис, академик Жамин Акималиевдин айтымында, өкмөт ушул тармакка көңүл бурмайын баалардын өсүшү азык-түлүк коопсуздугуна алып келиши ыктымал.

- 5 млн. элге былтыр 1 млн. 50 миң тонна буудай өндүрүп алсак, быйыл менин эсебим боюнча, 750 миң тонна эле буудай болгону турат. Адис катары айтсам, быйыл абдан аз болуп, нан боюнча тартыштык болот. Дыйкандарды карап, жардам берген адам жок. Айыл чарбасы боюнча саясат керек, өзүнчө программа зарыл. Антпесе жалгыз саясат, шайлоо менен элдин курсагын тойгозо албайбыз.

Чаралар көрүлүүдө, аткарылабы?

Адистер жакында Казакстандын түндүгүндө кең талаадагы дан эгиндерин оруу иштери башталса, бул Кыргызстандагы асмандаган баалардын өсүшүн токтотот деп ниеттенүүдө. Анткен менен айрым сатуучулар баалар мындан да кымбаттаганда сатабыз деп кампаларга сактап жатканы айтылууда.

Ушундай эле кымбаттоолор башка облустарда да байкалууда. Маселен, Ош шаарында да азык-түлүккө баалардын көтөрүлүшү элди ойлондурууда. Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин аймактык бөлүмү кымбаттолорду борбордук базардын көчүрүлүшү менен түшүндүргөн.

Адистер быйыл айрым аймактарда кургакчылык өкүм сүрүп, Орусия, Украинанын буудайды экспорттосун токтотконун чочулоо менен кабылдап жатышат. Бул арада өкмөт каатчылыкка карша планын бекитип, анын негизги бөлүктөрүнүн бири - азык-түлүк коопсуздугу экенин көрсөтүүдө. Муну менен өкмөт быйыл унга, деги эле күнүмдүк керектелчү продуктуларга баалар көп көтөрүлбөйт деп ишендирип келет.

Биринчи вице-премьер-министр Амангелди Муралиев бул үчүн чаралар көрүлгөнүн белгиледи:

- Каатчылыкка каршы пландын негизинде азык-түлүк коопсуздугу үчүн буудайга экспорт үчүн төлөмдү 30 пайызга көтөрдүк. Ошондой эле материалдык резервге сатып алчу көлөм 30 миң буудай болчу. Азыр ага дагы 10 миң тонна кошулду. Ага каражаттарды таптык. Баалар унга, буудайга, нанга да жогорку деңгээлге көтөрүлбөйт. Биз ушул позицияны кармап турабыз. Андан сырткары АКШдан да 50 миң тонна буудай сурадык. Ал жактан буудайды грант негизинде ала турган болдук.

Кыргызстандын Монополияга каршы мамлекеттик агенттиги өлкөдөгү ун өндүрүүчү комбинаттарга бааны 3-4 күндүн ичинде мындан бир ай мурдагы калыбына келтирүү тапшырмасын берди. Агенттиктин жетекчиси Бабырбек Жээнбековдун белгилешинче, учурда ундун кымбаттоосуна негиз жок. Ал бааларды жергиликтүү ун өндүрчү компаниялар кымбаттатып жатат деп эсептейт.

- Ун өндүрчү компаниялар буудайды Казакстандан канчадан алып келсе, тоннасын 160 доллардан бүгүн деле ошол баада алып жатат. Кошумча эч кандай сарптоолор жок. Алар келечекте Казакстандан ири өлчөмдө буудай алып келишибиз керек, ага чоң суммадагы каражатыбыз жок, ошондуктан сатып алуучулардын эсебинен чогултуп атабыз дегендей жүйөөлөрдү айтышты. Бул туура эмес. Биз азыр ар бир комбинатка эскертүү берип жатабыз. Эгерд алар биздин көрсөтмөнү аткарбаса көтөрүлгөндөн тартып тапкан кирешесин мамлекетке өткөрөбүз деп атабыз. Демек жакынкы арада баа мурдагы калыбына келет.

Бабырбек Жээнбеков башка күнүмдүк керектелчү 20 тамак-аш азыктарынын бааларын көзөмөлдөө үчүн өкмөткө сунуш киргизгенин да билдирди. Ошонун ичине май, кумшекер жана башкалар кирет.

Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев өлкөдө азык-түлүк каатчылыгы болбойт деп эсептейт. Ал азык-түлүккө баанын кымбатташы менен ошол өлкөнүн жетекчилери элдин кирешесин көбөйтүүгө аракет кылыш керек деген пикирде:

- Дүйнөлүк баа кымбаттаган сайын ошол өлкөнүн жетекчилери элдин кирешесин көбөйтүүгө аракет кылыш керек. Канчалык деңгээлде жумуш менен камсыз кылып, кирешесин көтөргөн сайын көтөрүлгөн баага туруштук берет да. Бизде ошол процесс жок болуп атпайбы. Бизде жумушсуздук күндөн-күнгө күчөп атат, биздин элдин кирешеси күндөн-күнгө азайып атат, бизде өтө бай жана жарды деген эки категориянын арасы асман менен жердей болуп калды. Мына ушул процесс албетте өзгөчө жарды, жумушсуз калкка өтө тескери таасирин тийгизет. Мындан аркысы кандай өкмөт келет, кандай саясат жүргүзөт, ошого жараша болот.

Баалардын өсүшү кээ бир адамдардын пикиринде, быйыл кошуна өлкөлөрдө болгон кургакчылыктын айынан болууда, айрымдары аны дүйнөлүк базарда баалардын өсүшү менен байланыштырууда. Анктен менен көпчүлүк өкмөттөн бааларды асмандатпай, чечкиндүү чараларды көрөөрүнө ишеним артышууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG