Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:56

Шайлоо өнөктүгү: Атамбаев Аксыда, Бакиев Ошто


Аксылыктар Алмазбек Атамбаевге ак калпак кийгизип, ак чепкен жапты. 19-июнь, 2009-жыл.
Аксылыктар Алмазбек Атамбаевге ак калпак кийгизип, ак чепкен жапты. 19-июнь, 2009-жыл.

Президенттикке талапкерлердин бири, учурдагы өлкө башчысы Курманбек Бакиев бүгүн Ош шаарында шайлоочулар менен жолукса, оппозициянын бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаев Аксы районунда болду.

Талапкер Алмазбек Атамбаев бүгүн Аксынын Кара-Суу айыл өкмөтүндөгү Топ-Жаңгак айылындагы жолугушууда алдыдагы президенттик шайлоодо элдин добушу буга чейинки шайлоолордогудай уурдалышына жол бербөө үчүн 50-100 миндеген адамдар тарабынан көзөмөлдөнөөрүн айтты. Ал ошондой өлкөдөгү кен байлыктардын бардык түрү болгону менен алардын эл кызыкчылылыгына иштебей жатканын, ири киреше берчү жайлар тартиптип жоктугунан таланып-тонолуп жатканын белгилөө менен Таш-Көмүр шаарындагы жарым өткөргүчтөрдү чыгаруучу завод үчүн курулган Шамалдуу-Сай ГЭСин, Таластагы Жер-Үйдүн сол жээгин, башка коңшу өлкөлөргө олжолонуп кеткен жерлерди ага мисал катары тартты.

Талапкер мындан сырткары тармактык кызматтар өз милдеттерин аткарбай, жолугушууга келген элди аңдып калганын, үй- бүлөлүк башкаруу күчүндө турганына токтолду: “Үй- бүлөлүк башкаруу - өлкөсүнөн качып, эми эл-жерине келе албай жүргөн мурдагы президент Аскар Акаевдин түбүнө жеткен, эми ал түшкөн аңга К. Бакиев түшүүсү мүмкүн. Премьер-министр болуп иштеп турганымда ал тууралу мен Курманбек Бакиевге айткам. Ал кызматтан кетүүмө да ошол үй- бүлөлүк башкаруу себеп болгон. Президенттик мөөнөттө беш жылдан ашык иштегенге болбойт. Ал кызматта күнү-түнү эл ишеними үчүн иштесе, анын сөөгү эле калат. Ошондуктан президенттик мөөнөттү да беш жылга чектеш керек. Март ыңкылабы да толугу менен аягына чыккан жок”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Жолугушууга абай салган айрым адамдар болсо Алмазбек Атамбаев шайлоочуларды президенттик программасы менен тааныштыруунун ордуна жалаң бийликтин кемчилигин сындап туруп алганын айтышууда. Маселен, президент К. Бакиевдин облустагы шайлоо штабынын мүчөсү Ашым Чатаев мурдагы өкмөт башчынын үй-бүлөлүк башкаруу тууралуу көз карашын кубаттабайт. Анын белгилешинче, президенттин Жалал-Абаттагы бир туугандарынан башкаруу же бирөөлөрдү кызматка коюу, бийлик уюмдарына кийлигишүү адаттары байкалган жок. “Андай ыкмалар мурдагы президент Аскар Акаевдин үй- бүлөсүнө карата айтылып жүргөнү ырас. Алмазбек Атамбаев талапкерлик платформасын айтуунун ордуна Курманбек Бакиевди көөлөмөй, шыбамай өнөкөтү туура эмес болду,”- дейт Ашым Чатаев.

Президенттикке талапкер Алмазбек Атамабаевди коштоп жүргөн БЭКтин штаб – башчысы Азимбек Бекназаров болсо Топ-Жаңгак айлына Аксы, Ноокен, Ала-Бука, Чаткал райондорунан чогулган элге бийликти алмаштыруу ишинде бекем турушаарын, шайлоого « башын байлап» чыгышканын айтты. Ал элге бийликтин ар кандай сый-урмат, кызмат көрсөтүүлөрүнө алданбастан, берген акчасын алганы менен президенттик шайлоодо ким үчүн добуш берүүнү өзүңөр билгиле деген кеңешин ортого салды. Азимбек Бекназаров ошондой эле элдин арасында жүргөн улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү менен укук коргоо кызматкерлери кездешүүгө туш тараптан келген адамдарга көзөмөл салгандан көрө Өзбекстан тартып алганы турган Ноокен районундагы Чек айылын барып коргосо болмоктугун белгиледи.

«Жаңы Кыргызстан» партиясынын облустагы мүчөсү Таабалды Шайымкулов болсо жолугушууга зор үмүт менен келген адамдар алданды деген пикирде. Анын көз карашында, Азимбек Бекназаров туулуп-өскөн Кара-Суу айылы Алмазбек Атамбаевдин жолугушуусуна эл келбей койбоосу үчүн атайылап тандалып алынган.

БЭКтин мүчөсү Топчубек Тургуналиев Алмазбек Атамбаев менен жолугушууга келген элдин көңүлүн мекенчил жана кыргыз улутуна күйгөн аттуу-баштуу жетекчилердин азайып баратканына бурду. Таанымал саясатчы жумуштун жоктугунан кыргыздын экономикасын көтөрөөр бир миллиондон ашык кыргыз жарандары чет элде кор болуп жүргөнүн, жыйынга келгендердин көпчүлүгүнүн да иши жоктугун, өлкөдө жашап жүргөн кыргыздардын көбү жер менен турак-жайга, жакшы жашоого ээ эместигин мисалга тартты.

Соңку маалыматтарга ылайык, президенттикке талапкерлер Алмазбек Атамбаев 20-июнда Базар-Коргон районунда, Курманбек Бакиев Жалал-Абат шаары менен Аксы районунда эл менен жолугушаары айкын болду.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG