Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:57

Шайлоо өнөктүгү мыйзам бузуулар менен коштолууда


“Менин тандоомдун мезгили” бирикмеси шайлоо өнөктүгү мыйзам бузуулар менен коштолуп, административдик ресурс жер-жерлерде бөтөнчө колдонулуп жатканын билдирди. Бирикме мыйзам бузуулар боюнча БШКга бир нече ирет кайрылса да тиешелүү жооп болгон эмес.

Кыргызстандын атуулдук уюмдары тарабынан түзүлгөн «Менин тандоомдун мезгили» бирикмесинин мүчөсү Төлөйкан Исмаилова аталган бирикме президенттик шайлоо өнөктүгү боюнча республиканын аймагында иликтөө жүргүзүп, бардык жерде мыйзам бузууларга жол берилип жатканын билдирди.

Анын айтымында, Шайлоо кодексинин 34-беренеси боюнча бардык талапкерлерге үгүт иштерин жүргүзүүдө бирдей шарт түзүлүшү керек эле, тилекке каршы административдик ресурс бир талапкердин кызыкчылыгы үчүн иштеп, бийлик оппозициялык маанайдагы талапкерлерге тукурук уюштуруп, эл арасын бөлүп-жарууда.

-23-июль, 2009-жыл - бул иш күн. Иштеген адамдарга дагы эркиндик керек. Мисалы административдик ресурс аябай пайдаланып, эс алган адамдарга дагы тоскоолдуктар көп болуп жатат. Анан эң бир өкүнүчтүү нерсе, мугалимдер менен врачтар ошол шайлоо комиссияларында иштеп, ар бир үйдү кыдырып алдын-ала тизмелерди даярдап 101% чейин берип жаткан директорлорду, айыл өкмөттөрдү, акимдерди дагы көрүп атабыз. Бул абдан былык, келечекке шек келтире турган нерсе.

Төлөйкан Исмаилова укук коргоо органдары карапайым атуулдардын коопсуздугун камсыз кылуунун ордуна, айрым талапкерлердин жолугушууларын үзгүлтүккө учуратуу максатында ызы-чуу чыгарган аялдар тобун, чымыр денелүү зөөкүр жигиттерди уюштургандыгы тууралуу фактылар дагы бар экендигин айтты.

Ал эми ушул эле күнү Башкы прокурордун орун басары Сумар Насиза Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда президенттикке талапкерлердин үгүт иштерине укук коргоо органдары кийлигишпегенин жарыялады.

«Менин тандоомдун мезгили» бирикмесинин мүчөсү Асия Сасыкбаева болсо шайлоо алдындагы үгүт иштеринде мыйзам бузуулар жөнүндө БШКга кайрылышканын, бирок Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан тиешелүү жооп ала алышпагынын, президенттик шайлоо ачык, айкын өтүүсү керектигин билдирди.


-Бир талапкердин шайлоо корундагы 35 млн. сом каражаты кайдан келди? Ким берди? Ушундай нерселер гезиттерде ачык жазылып турушу керек. «Баланча бизнесмен мынча акча берди, өзүмдүн акчам ушунча болчу. Тигил-жак, бул жак мынча акча берди»,- деген маалыматтар ачык жазылып турушу керек. Балким бул акча биздин бюджеттен алынгандыр. Андан сырткары айылдарга, региондорго барган жерлерге автобус менен элдерди ташып жатышат. Белектерди берип жатышат. Канцтовар, бензин андай-мындайлар кайсы каражаттан кетип жатат. Бул деген бүт административдик ресурсту иштетүү дегенге жатат.

Асия Сасыкбаева ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы аткаруу бийлигине көз каранды деп эсептейт.

БШКнын төрагасы Дамир Лисовский президенттикке талапкерлер шайлоо коруна канча каражат салышканын жана кимиси канча каражатты жумшагандыгы тууралуу БШКнын көзөмлдөп-ревизиялоочу тобу маалымат берерин айтып, шайлоонун өнөктүгү боюнча ар кимдин пикири ар кандай болорун белгиледи.

- Канча адам болсо, ошончо пикир болот. Бул шайлоо. Ошондуктан биз алардын айткандары туура же туура эмес деп айта албайбыз.

Ал эми аталган бирикменин дагы бир мүчөсү Динара Ошуракунова шайлоо комиссияларын түзүүдөгү мыйзам бузууларды белгилеп, Улуттук телерадио компаниясы бардык талапкерлерге убакытты тең бөлүштүрбөй, ободон кеткен маалыматтардын 80 пайызы бир талапкер үчүн берилип жатканын билдирди.



«Менин тандоомдун мезгили» бирикмесинин билдиргенине караганда, 23-июлда президенттик шайлоого аталган бирикменин 3 миң байкоочусу шайлоо участкаларында байкоо жүргүзөт.

XS
SM
MD
LG