Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:32

Нарында Бакиев үчүн добуш берчүлөр тизмеге алынууда


Курманбек Бакиев үчүн добуш бере тургандар кол кое турган баракча.
Курманбек Бакиев үчүн добуш бере тургандар кол кое турган баракча.

Нарын шаарында бюджеттик мекмеде иштеген ар бир кызматкер Курманбек Бакиев үчүн добуш бере турган 25, мекеме-уюм жетекчилери 50 кишинин колун чогултуп келүүгө милдеттендирилди.

15-июлда Нарын облустук акимчиликте тымызын жыйын өтүп, анда бюджеттик мекеме-уюмдардын жетекчилерине шайлоо күнү кичи мекенине барып, шайлоочуларды учурдагы президент Курманбек Бакиевге добуш бердиртүүгө тапшырмалар тагылган. Мындай маалыматтарды өз ысымдарын купуя сактоону каалаган айрым тургундар «Азаттыкка» кабарлашты. Жыйын түпкү жери атбашылык, акталаалык, жумгалдык, кочкорлук жарандар менен өз-өзүнчө өткөрүлгөн.

Нарын облустук акимчиликтин аппарат жетекчиси Бейшенаалы Боогачиев мындай жыйын тууралуу маалыматты “суу кечпеген маалымат” деп четке какты. Ушундай эле чогулуш Нарын районунда да болгону айтылууда.

Ал эми бүгүндөн тарта Нарын шаарында бюджеттик мекмелерде иштеген ар бир кызматкерге атайын баракчага азыркы президент Курманбек Бакиев үчүн добуш бере турган 25, мекеме-уюм жетекчилерине 50 кишинин колун чогултуп келүү тапшырмасы «Ак жол» партиясы тарабынан милдеттендирилген.

XS
SM
MD
LG