Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:02

Милиция күчөтүлгөн тартипке өттү


“Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов жооп берди.

- Кечээтен баштап тартип коргоо кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштей баштады. Мында жарандардын паспортун текшерүү сыяктуу иштер болбойбу?

- Негизинен ички иштер органдарынын кызматкерлери жалпы республика боюнча атайын күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөгө киришти. Себеби алдыда боло турган президенттик шайлоого байланыштуу жалпы Кыргызстандын аймагында коомдук тартипти сактоо багытында гана иш чаралар жүргүзүлөт. Өзүңүздөр билесиздер, Кыргызстандагы шайлоо өткөрүлө турган жерлердин баардыгында тең биздин кызматкерлер кызмат өтөп жатышат. Мындан сырткары башка кызматкерлер күндөлүк өздөрүнүн жумуштарын кылышат, кылмыш иштерин ачуу, окуя болгон жерге чыгуу сыяктуу. Ал эми күчөтүлгөн режимде жалпы Кыргызстан боюнча милиция кызмткерлери шайлоо учурунда коомдук тартипти сактоо маселесин гана карашат.

- Ош, Жалал-Абат, Талас ички иштер башкармалыгынын кызмактерлери президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин сөзү боюнча Башкы прокуратурага кайрылышкан экен, ага эмне себеп болду?

- Бишкек шаарынын, Талас, Ош облустарынын ички иштер кызматкерлери Баш прокуратурага атайын кат менен кайрылышты. Себеби Таласта 15-16-июлда КР президенттигине талапкер Алмазбек Атамбаев эл менен жолугушууда укук коргоо органдарына карата өзүнүн курч сын-пикирлерин айтып жана укук коргоо органдарын элге кайрап, керек болсо жаңы бийлик келе турган болсо баардыгыңарга чара көрөбүз деген сыяктуу сөз айтыптыр. Ошон үчүн биздин кызматкерлер Атамбаевдин Таласта сүйлөгөн сөзүнө юридикалык баа берүү жөнүндө атайын кайрылуу жөнөтүштү.

- Бакыт мырза, көз карандысыз журналист Алмаз Ташиевдин өлүмүнө байланышту дагы Ноокатта кечээ бир топ милиция кызматкерлери кызматтан алынганы кабарланды, аларга мындан башка кандай чара көрүлдү?

- Ички иштер министринин атайын буйругу менен Ноокат районундагы баарбызга белгилүү болгон журналист Алмаз Ташиевдин өлүмүнө байланыштуу атайын кошумча тергөө иштерин жүргүзүп, ошонун негизинде бир катар кызматкерлер жумуштан бошотулду. Аларды айта кете турган болсок, Ноокат районундагы аймакты тескөөчү Нурматов, нөөмөттүк тескөөчү Батырбек уулу Нургазы, дагы бир аймакты тескөөчү Абылкасымов ички иштер органдарынан таптакыр айдалды. Мындан сырткары Ноокат районунун башчысы да кызматтан кетти, андан тышкары Жаны-Базар айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы Осмонов, анан Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн 3 орун басары, Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн жана Ош облустук ички иштер башкармасынын тиешелүү жетекчи кызматкерлери жана катардагы ондон ашык кызматкерлер Ноокат районундагы тартипке көзөмөлдүн жоктугу жана болгон окуяга жакшы мамиле кылбай, аягына чейин чыгарбаганы үчүн тартип жазасын алышты.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG