Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:10

Кыргызстанда президенттик шайлоо башталды


Президенттик орун үчүн 6 талапкер ат салышып, добуш берүү жараянына беш жүздөн ашуун эл аралык, 30 миңдей жергиликтү байкоочу көз салууда.

Өлкөдөгү эң жогорку мамлекеттик кызматка алты талапкер ат салышууда. Алар азыркы президент Курманбек Бакиев, оппозициянын бирдиктүү талапкери, Социал-демократтар партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаев, “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев, Коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева, дарыгер-нарколог, профессор Жеңишбек Назаралиев жана "Азамат компани" ЖЧКсынын башкы директору Нурлан Мотуев.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымдоосуна караганда, бүгүнкү күнгө республика боюнча 2333 шайлоо участкасы, 56 райондук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссиялары уюштурулду. Дүйнөнүн 23 өлкөсүндө 49 шайлоо участкасы ачылды. 2 млн. 872 миң 181 шайлоо бюллетендери басылып, участкалык шайлоо комиссияларына жеткирилди. Шайлоочулар тизмесине 2 млн.718 миң, 818 атуул киргизилди.

Кыргызстандагы президенттик шайлоого 48 өлкөдөн келген 516 эл аралык байкоочу, бир катар чет өлкөлүк массалык маалымат каражаттарынан 85 кабарчы БШКдан каттоодон өтүп, өз милдеттерин аткарууда. Ошондой эле өлкөдөгү 20 ашуун саясий партиялардын, жарандык коомдор бирикмесинин 30 миңдин тегерегинде байкоочулары байкоо жүргүзөт.

Бүгүн эртең мененки саат 8:00дө ачылган добуш берүү участкалары кечки саат 20:00дө жабылат. Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жүрүшү боюнча маал-маал маалымат берип турарын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG