Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:17

Тагдыр чечээр шайлоо


Эмил Жураев, АКШдагы Мэриленд университетинин докторант-изилдөөчүсү.
Эмил Жураев, АКШдагы Мэриленд университетинин докторант-изилдөөчүсү.

Саясий кырдаал селкинчектей ары-бери болуп турганда, бул шайлоо чынында өлкөбүз кандай багытта кетээрин чечээринде күмөн жок.

Акыркы жыйырма жылдын ичинде өлкөбүздө көп шайлоо болду. арийне, алардын дээрлик көпчүлүгүндө жыйынтыгы алдын ала белгилүү болчу, ал шайлоолор көп деле нерсени чечкен эмес, көнүмүш адат жана иштер шайлоодон кийин да мурдагысындай улана берчү. Азыркы шайлоо андай эмес.

Бул шайлоонун артында эң негизги үч маселенин тагдыры турат: бири - мекенибиздин мындан аркы стабилдүүлүгү жана коопсуздугу, экинчиси - туруктуу жана ишенимдүү өкмөттүн тез арада пайда болуусу, жана үчүнчүсү – биз жаңы эле кадам салган чоң саясий-конституциялык өзгөрүүлөрдүн ишке ашуусу. Албетте, мындан башка дагы миллион маселе бар - экономикада, билим берүүдө, укук коргоодо, ден соолук тармагында. Бирок ал маселелердин да тагдыры азыркы кезде так ушул үч чоң суроого такай байланган: өлкө стабилдүүлүгүнө, туруктуу жана ишкер өкмөттүн пайда болуусуна, жана биздин конституциялык оңдонуубуздун ишке ашуусуна. Ошондуктан, эртеңки добуш берүүдө биз - жаркын, жакшы, сыймыктуу келечектен үмүтү бар Кыргызстан атуулдары - биринчи иретте так ушул маселелерге көңүл бурганыбыз туура.

Эң акыркы маселеден баштайлы, анткени так ушул суроо көп түшүнбөстүк жана карама-каршылык туудурууда. Үч эле ай мурун биздин 90%дан ашуун добушубуз менен жактырылган жаңы Конституцияга жараша, өлкөнүн башкаруу системасы мындан ары көбүрөөк Жогорку Кеңеш менен Өкмөткө тирелип, Президент жана анын Администрациясы азыраак күчкө ээ болот. Башкача айтканда, биз парламенттик башкаруу системасына багыт алдык. Бул жакшыбы же жаманбы? Менимче, бул жакшы, прогрессивдүү өзгөрүү, бирок оңой эмес. Азыр бул суроонун оң жана терс жактарын талкуулоого жай тар болгондуктан, мен буга мындайча жооп берейин.

Биринчиден, 1991-жылдан бери биз дээрлик эч качан жакшы башкаруу көргөн эмеспиз: негизинен билими жоктор, паракорлор, уурулар, жана тентектер бийлеп келген, жакшылары өтө аз болгон. Бул деген сөзсүз эле буга чейин болуп келген президенттик башкаруу системасы жаман дегенге жатпайт – бул жөн гана, ал системадан биз жыргап кеткен жокпуз деген сөз. Демек, кеп президенттик же парламенттик системада эмес, кеп кандай адамдар ал бийликти кандайча жүргүзөөрүндө. Бул жерде айта кетчү нерсе: «мурда бир үй-бүлөнү бакчу элек, эми 120сын кантип багабыз» деген сөз алысты көрбөгөн, маселени түшүнбөгөн кишилердин алдастаган сөзү. Мамлекет башкарууда бир да эмес, 120 да эмес көп жүздөгөн, миңдеген киши катышат; уурдайм десе ошолордун баарысы уурдашат. Бирок баарынан бийик турган бир кишинин өкүмүнө калгандан көрө, 120 кишилик, бир нече партиядан турган парламент өз-ара чектөө, текшерүү жаратып, ортодо жакшыраак, айкыныраак бийлик чыгаары бир топ реалдуураак.

Экинчиден, өзгөрүүлөргө каршы болгондор июнь айындагы референдум жөнүндө эмне гана деп айтышпасын, чындыкты ар бир добуш берген атуул өзү билет эмеспи. Ал чындык: басымдуу көпчүлүгүбүз макул деп добуш бергенибиз – 90% эмес, 80% же 70% болгондо да, бул өтө басымдуу көпчүлүк.

Үчүнчүдөн, мындай саясий өзгөрүүлөрдүн ишке ашуусу тиешелүү кишилердин, партиялардын аракетине жараша болот. Парламенттик система жарабайт дегендер парламентке өздөрү шайланып алып, күчүнүн баарын ошол системаны жаратпоого жумшап, бут тосууну гана көздөшсө, албетте ал жарабай калат. Президенттик системаны деле эки президент келип жаратпай коюшту го. Саясий система деген машине эмес, робот эмес, өзүнөн өзү жарап иштеп кетчүдөй – аны өркүндөтүү же бузуп салуу кайра эле ага катышкан кишилердин колунда. Жаңы парламенттик системаны биз эл катары өзүбүз колдоп кабыл алдык, бирөөдөн көчүрүп алган жокпуз. Жаңылануудан коркчу болсок, эбак эле эгемендүүлүктү тапшырып “Эй Россия, бир боор энем” деп, азыркы бир топ саясатчылардын жетегинде Россияга кирип албайт белек. А конституцияны кайра өзгөртүү боюнча: кыргызстандыктар түшүнүп калдык ко, кептин көбү конституцияны кооздоп жазууда эмес, анын талабын аткарууда турбайбы.

Эң акыркы жана баарыбыз үчүн эң ойлонткон маселе: өлкө стабилдүүлүгү. Жакында эле биз эң катуу саясий титирөөдөн өттүк, эбегейсиз жоготуулар болду, толук ички согуш болуп кетчүдөй болду. Капалуу жана аянычтуу бир чындыкты өзүбүздөн бекитүүнүн кажети жок: коом катары биз чынында азыр улут негизинде жана регион негизинде бөлүнүп калдык. Мен да көпчүлүк мекендештер сыяктуу эле бул көрүнүш убактылуу экенине, тентек замандын натыйжасы экенине, мындан ары оңолуп кетээрибизге, кайрадан биримдикке жетишээрибизге ишенем. Ансыз, мекенибиздин тагдыры чындап корунучта го. Саясий стабилдүүлүктү сактап, күчөтүп, бекемдөө үчүн бизге салмактуу, сабырдуу, дипломатияны сактанган, көрөгөч саясий партиялар жана лидерлер керек.

Бул шайлоо чындап маанилүү: биз кантип добуш берсек, кандай партияларды Жогорку Кеңешке жөнөтсөк, өлкөбүз шайлоодон кийинки тез арада кайсы багытта кетээри ошого жараша болот.

Эмил Жураев, АКШдагы Мэриленд университетинин докторант-изилдөөчүсү

XS
SM
MD
LG