Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Каршылык акциясына Жалал-Абаттагы оппозиция да кошулат


СДПКнын Жалал-Абаттагы штабы каршылык акциясына даярданууда
СДПКнын Жалал-Абаттагы штабы каршылык акциясына даярданууда

БЭКтин Жалал-Абат облусундагы мүчөлөрү 29-июлдан кийин оппозиция баштай турган митинг, жөө жүрүштөргө кошулууну чечти.

БЭКтин талапкери А. Атамбаевдин Кочкор-Ата шаарындагы штабынын башчысы Канатбек Эрбаев президенттик шайлоодо бардык аймактарда мыйзамбузуулар арбын болгондугун белгиледи. Карапайым кишилердин көбү шайлоого барбай, добуш берген жок. Ага карабай, шайлоочулардын катышуусу көп болгону тууралуу маалыматтар шек туудурат.

Кочкор-Ата шаары менен Ноокен районунун шайлоо бекеттерине «Ата Мекен» жана Социал- демократиялык партиялардын бир күн мурда расмий уруксатнаама алган мүчөлөрү «ким экенин тастыктаган документтери жок» деген шылтоо менен 23-июлда киргизилген жок. Шайлоо участкаларына А.Атамбаевдин жактоочулары киргизилбесин деген буйрук берилгени байкалып турат.

Ошондуктан шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон «Ата Мекен», «Социал – демократиялык» партиялардын Базар-Коргон, Аксы райондору менен Кочкор-Ата шаарындагы өкүлдөрү А.Атамбаевдин 29-июлдан кийин өлкөдө жөө жүрүш жана митингдерди баштоо чакырыгын жоопсуз калтырбайт.

-Жалпы Кыргызстан боюнча митинге чыгабыз дегенин себеби баардык участоктордо мыйзам бузуу болду. Кочкор-Атада, Жалал-Абат облусунда колдой тургандар абдан көп. Аксынын эли ызырынып атат. Базаркоргондуктарга жөндөн жөн эле жалаа жаап атышпайбы. Нааразылык акцияга чыгабыз, себеби башка айла калган жок. Дагы Бакиев бийликке келип калса Кыргызстан жок болуп кетиши да мүмкүн. Сатылбаган эч нерсе калган жок. Шайлоодон кийин Кыргызнефтегазды менчикке өткөрөбүз деп атышат,-деди Канатбек Эрбаев.

Жалал-Абат шаарынын тургуну Исакбек Бакировдун көз карашында, президенттикке Социал-демократиялык партия көрсөткөн А.Атамбаев жарыштан эрте чыгып кетпей, терс көрүнүштөрдү каттап, аларды сотко берип, маселени нааразылык акциялары менен эмес, мыйзам жолу менен чечүүсү абзел эле. Президент К. Бакиев шайлоодо 80 пайызга жакын добуш менен утуп чыккан соң, анын иштөөсүнө жолтоо болбой, мүмкүндүк берип, эгер иштей албаса, анан президенттик шайлоо тууралу ойлонгон оң.

-Бүгүнкү күндө митингдин кереги жок. Эки жыл тынч болдук эле канча экономика көтөрүлдү. Тынчыраак турсак экономика көтөрүлүп, ишибиз алга жылат. Иштеп турсун, анан болбосо аркы президенттик шайлоого даярдана берсин,- деген пикирин ортого салды Исакбек Бакиров.

Оппозициянын нааразылык акцияларында А.Атамбаевди президенттикке шайлаган жарандардын укугун коргоо талабы коюлат. БЭКтин талапкеринин ишенимдүү өкүлү Кадырбек Жакыповдун ушундай ою боюнча, А.Атамбаевдин Базар-Коргон , Ноокен райондору жана Кочкор-Ата, Майлуу-Суу шаарларындагы шайлоо штабдары добуш берүү күнү болгон мыйзамбузууларга карата түзгөн актилери жоопсуз калды.

Кемчилик кетирген жана мыйзам бузган шайлоо участоктору менен бийлик адамдарына чара көрүүнүн ордуна партиянын өкүлдөрүн райондук ички иштер бөлүмү болбогон окуяга байланыштырып, суракка алды. Оппозициянын аракеттери колдоого алынат. Шайлоо кодекси бүгүнкү күндүн талабына ылайыксыз экендигин 23- июлдагы добуш берүү жараяны ырастады, - деп айтты, Кадырбек Жакыпов, БЭКтин талапкери А. Атамбаевдин ишенимдүү өкүлү:

- Туура шайлоо өтөт деген тилек болчу. Шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизиш керек. Бул шайлоо мыйзамы бүгүнкү талабына таптакыр жооп бербей калды. Мыйзам бузууларды укук коргоо органдарына, котторго берип атабыз. Мыйзам бузгандарга чара көрүш керек.бул боюнча жалпы элдин ой-пикирин билдирбесе болбойт.

Президент К. Бакиевдин облустагы шайлоо штабынын мүчөсү Майрамбек Адылбеков шайлоо күнү Аксы районунда жүргөн. Анын ырастоосунда, шайлоого аксылыктардын 89 пайыз катышканына ишенбей коюуга негиз жок. БЭКтин талапкери А.Атамбаевдин шайлоодо утулаары мурдатан эле белгилүү болгон. Анан « жыгылган күрөшкө тойбойт» болуп, шайлоо ортолоп кылганда, жарыштан чыга качканы туура эмес болду.

Аксыдагы шайлоону көзөмөлдөгөн 116 байкоочу, анын ичинен ЕККУдан келген алты байкоочу шайлоодон кемчилик тапкан жок. Бирок райондогу шайлоо кеңселери 2 мүнөт кечигип ачылып, кошумча тизмелерде чыккан техникалык көйгөйлөрдү эске албаганда, өлкөдөгү жалпы шайлоого таасир эте турган мыйзамбузуулар болбоду. Башка чөлкөмдөрдөгү беш шайлоо участогундагы шайлоону БШК жараксыз деп тапты. Элдин саясий активдүүлүгү жогорулаганын ушул шайлоо көрсөттү, анткени добуш берүүгө адамдар кезектешип турушту. "Демек, калкты курулай дүрбөтүүнүн кереги жок", - деп жыйынтык чыгарат Майрамбек Адылбеков:

-Жыйынтыгы чыкпай жатып эле өздөрү жыйынтык чыгарды таза шайлоо болгон жок деп. Утулганын билип туруп элди дүрбөтүп атат. Эл деле чыкпайт. Массалык түрдө орчундуу шайлоо бузуулар болгон жок. Элдин активдүүлүгү мурдагы жылдарга салыштырмалуу жогорку деңгээлде болду. Айрым участкаларда очередь болуп калып атпадыбы.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG