Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:18

Партиялык коалиция: Москвадагы тымызын сүйлөшүүлөр


"Ар-намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов 22-сентярда Москвада Россия президенти Д. Медведев менен жолуккан.
"Ар-намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов 22-сентярда Москвада Россия президенти Д. Медведев менен жолуккан.

Шайлоодо жеңген партиялар коалицияга биригүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү улантып жатат. Бирок мындай аракеттерден азырынча бир жыйынтык чыга элек.

Парламенттик шайлоодо утуп алган беш партиянын төртөөсүнүн лидери дароо Москва учуп барышынан улам, Кыргызстандагы коалиция маселеси эми расмий Москванын каш-кабагына жараша чечилет окшойт, деген пикирлер басымдуулук кыла баштады.

“Ар-намыс” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Бөдөш Мамырова “Азаттыкка” азырынча коалиция тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, орток пикир жарала электигин айтты, макулдашуулар курч мүнөздө жүрүп жатат, деп билдирди:

- Сүйлөшүү оңойго турган жок. Оор кырдаал менен жүрүп жатат десем да туура болот. Анткени муну ачык эле айтып коюш керек элдин добушун оңой алган партиялардын амбициялары күчтүү болуп жатат. Ушул жерден үч партия коалиция түзүшү керек. Менимче ушул жаңырган жумада кимдер менен коалиция түзүлөрү белгилүү болот.

Б. Мамырованын айтымында, “Ар-намыс” партиясы азыр коалиция түзгөнгө даяр, ал үчүн өздөрүнүн шарт-талаптарын коюшкан. Ага ылайык партия өз лидери Феликс Куловду премьер-министр катары көргүсү келет.

“Республиканын” жетекчиси Өмүрбек Бабанов өзүн кайсы кызматта көргүсү келерин ачыктабаса да, партиянын талаптарын коомчулукка жарыялады. Анда бул партия менен бириккиси келгендер “Республиканын” экономикалык программаларын колдошу керек, элди бөлүп-жарууга каршы туруп, Орусияны стратегиялык өнөктөш катары таанышы абзел. Партиянын атын атабаган өкүлү азыр “Республика” өз талаптарына ылайык коалиция түзгүсү келгендер менен макулдашып жатканын, бирок тыянак чыга электигин билдирди.

Антсе да коалиция түзүү маселесинде жеңген партиялар ашкере шашып жатат дегендер да бар. “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” коалиция түзүүнүн жол-жобосун Баш мыйзамга ылайык чечмелеп берди:

- Биздин Конституцияга ылайык, парламент өз ишине киришкенден кийин президент парламентке өткөн партияларга өкмөт түзүү боюнча сунуш менен кайрылат. Ал кайсы партия болорун президент өзү чечет. Парламент азырынча ишке кире элек, депутаттар так эмес. Шайлоонун жыйынтыгы расмий чыккан жок. Ошондуктан коалициялык сүйлөшүүлөр расмий баштала элек. Бирок ошого карабастан иш жүзүндө тигил же бул партиялар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

Ө. Текебаев “Ата-Мекен” партиясы бул сүйлөшүүлөргө аралашпай турганын белгиледи. Коалиция маселесин талкулоо үчүн Москвага учуп барган партия лидерлердин иш-аракеттерин айыптады:

- Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева өлкөнүн лидери катары ар бир партия лидерин бештен өкүлү менен чакырып, аларды шайлоонун жыйынтыгы менен куттуктап, бүгүнкү саясий системанын өзгөчөлүгүн түшүндүрүп, ынтымак менен коалициялык өкмөт түзүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштагыла деп ак батасын берейин деп төрт күндөн бери партияларды жыйнай албай жатат. Анткени партия лидерлери биринин аркасынан бири Москваны көздөй учуп Кыргызстанда болбой жатат. Бул өтө одоно көрүнүш. Дүйнө жүзүндө мындай болгон эмес. Бул деген Кыргызстан суверендүү мамлекет болбостон кайсы бир өлкөнүн кайсы бир өлкөнүн областынын деңгээлине түшкөнүн, “мен премьер, же башка кызматта болом”, деген адамдар ал жакка барып алдынан өтүп суранып аңгемелешүүдөн өткөндөй болуп калды. Биздин саясатчылар бул жерден чоң ката кетирди.

“Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев “Азаттыкка” аталган партиянын жетекчилеринин бири Мыктыбек Абдылдаев Москвага өзүнүн иши боюнча барды деп билдирди. Бул партияга сырттан таасир жок деп баса белгиледи:

- Ал (Мыктыбек Абдылдаев) өзүнүн жеке сапары менен барып келди. Эч кандай партиянын жумуштары менен барган жок. Башка партия жөнүндө айта албайм, бирок биздин партиянын чечиле турган чечимдеринин баарынын эч кандай сырткы күчтөр менен байланышы жок. Мамлекеттин ичинде кабыл алынат. Муну мен партиянын жетекчилеринин бири катары айтып коеюн.

Москвага барып келди дегендердин бири “Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов да бар. Аталган партиянын мүчөсү Бөдөш Мамырова коалиция Кремлдин көрсөтмөсү менен чечилип жатат деген сөздөрдү четке какты. Бирок ошол эле учурда четтен кеп-кеңеш болушу ыктымал деп белгиледи.

- Эл болгондон кийин ар кандай нерсени айта берет экен. Биз өзүбүз көз карандысыз мамлекет болгондон кийин ички саясатыбызды өзүбүз чечишибиз керек. Албетте биздин мамлекеттик башкаруу кандай болооруна, кандай парламент келерине коңшу мамлекеттер азыр кызыкдар. Мүмкүн өздөрүнүн консультацияларын берип, ойлорун айтышы мүмкүн, бирок сырттан бизге эч ким таңуулабашы керек.

15-октябрда шайлоодо жеңген беш партиянын төртөөсүнүн лидерлери биринин артын бири Москвага учуп барганы маалым болгон. Алар азырынча Кремль менен сүйлөшүүлөр болуп-болбогонун, кандай пикирге келген ачыкка чыгарбай турушат. Серепчилер Москва сапарынын тымызын калып жатканын ал сүйлөшүүлөрдөн эч кандай жыйынтык чыкпай калышы мүмкүн деп божомолдошууда.

XS
SM
MD
LG