Иран Израилди жана анын “террордук акцияларын” ыктымал колдогону үчүн 15 америкалык компанияга санкцияларды саларын жарыялады.
26-мартта IRNA мамлекеттик маалымат агенттиги тараткан кабарга караганда, санкция “палестиналыктарга каршы колдонуу үчүн” Израилге курал-жабдык ташыган ишканаларга тиешелүү.
Эми ал компанияларга ирандык ишканалар менен келишим түзүүгө, алардын жетекчилигине виза берүүгө тыюу салынат.
Бирок алар Иран менен түздөн-түз иштешпегендиктен санкция символикалуу гана мүнөздө экени айтылууда.
Ирандын жарыясынан эки күн мурда Вашингтон Ирандын куралдануу программасы менен кызматташкандарга санкция салганын билдирген.