Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Талапкер Нурлан Мотуевдин арызын сот канааттандырган жок


7-июльда Бишкектин Биринчи май райондук соту президенттикке талапкер Нурлан Мотуевдин дагы бир талапкер Алмазбек Атамбаевдин “Комсомольская правда” гезитинин Кыргызстандагы тиркемесине жарыяланган үгүт материалына байланыштуу доо арызын карап, аны канааттандырган жок. Н. Мотуев бул материал Шайлоо кодексин бузуп жарыяланган деп, талапкерди шайлоого катышуу укугунан ажыратуу талабы менен сотко кайрылган/

Арызга байланыштуу сот ишин караган Биринчи май райондук сотунун судьясы Бактыгүл Алымкулова аталган гезиттеги үгүт материалы техникалык ката менен жарыяланган деген жүйөөгө ынап, сот чечимин төмөндөгүчө жаңыртты:

- Сот президентикке талапкер Нурлан Мотуевдин үгүт маалында мыйзам бузууларга жол берген деп “Комсомольская правда” редакциясына жана президенттике дагы бир талапкер Алмазбек Атамбаевге каршы берген доо арызын канаттандырган жок.

Доо арызда Атамбаевди шайлоо жарышынан чыгаруу жана басылманын баш редактору менен макаланы даярдаган журналистти 5 миң сом эсебинде айып пулга жыгуу талабы коюлган.

«КП Кыргызстан» гезитине чыккан макала шайлоо корунун эсебинен жарыяланып жаткандыгы көрсөтүлбөй, бул жагдай Мотуевдин сотко кайрылышына себеп болгон.

Талапкер Алмазбек Атамбаевдин шайлоо штабы буга чейин Нурлан Мотуевдин аталган гезиттеги үгүт иштери боюнча коюп жаткан дооматтарына эч кандай негиз жоктугун белгилеп келген.

Сот ишине катышкан БЭКтин мүчөсү Топчубек Тургуналиевдин пикиринде, Алмазбек Атамбаев үгүт ишин мыйзам чегинде жүргүзүп, калпыстык басылмадан кеткен:

- Чечим адилетүү болду. Алмазбек Атамбаев гезит менен келишим түзүп, үгүт материалдарын берип, Шайлоо Кодексин ийнесинен жибине чейин аткарган экен. Ал түгүл гезиттин чыга турган макетин Атамбаевдин өкүлү Надира деген кыз көрүп, төмөн жагына “реквизиттерин көрсөткүлө” деп жазып да бериптир. Булар унутуп калышыптыр. Атайын эмес, кокустан техникалык ката болуптур.

Аталган гезиттин баш редактору Азамат Тынаев сот ишине алып барган макаланы басууда техникалык ката кеткенин моюнга алып, БЭК атынан президентикке бирдиктүү талапкер Алмаз Атамбаевдин шайлоо штабынан үгүт маалында калпыстык кетпегендигин бышыктайт:

- Мотуевдин бизге жана президентикке талапкер Алмазбек Атамбаевге коюп жаткан күнөөнүн себептери техникалык катадан кетти. Бул жерде эч кандай жашыруун үгүт болгон эмес.

Мотуев 25-июнда аталган гезитке чыккан Алмазбек Атамбаевдин үгүт материалдары Шайлоо Кодексинин 30-беренесинин үчүнчү жана 35-беренесинин экинчи жобосун одоно бузду деп Биринчи май райондук сотуна кайрылган.

XS
SM
MD
LG