Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:24

УТРК жетекчисин кызматтан кетирүү талабы кайрадан козголо баштады


Мелис Эшимканов учурунда УТРКда реформа жүргүзүүнү талап кылган оппозициялык саясатчылардын бири болгон.
Мелис Эшимканов учурунда УТРКда реформа жүргүзүүнү талап кылган оппозициялык саясатчылардын бири болгон.

УТРКнын бир катар кызматкерлери жетекчиси М.Эшимкановдун кызматтан кетүүсүн талап кылышаарын айтып чыгышты.

Улуттук телерадио корпорациянын музыкалык көңүл ачуу программалар борборунун продюссери Ассоль Молдокматова аталган мекемеге Мелис Эшимканов жетекчи болуп келгенден кийин баш аламандыктар өкүм сүрүп, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон бир катар программалар эфирден себепсиз алынып, шектүү иштерге жол берилип жатканын билдирди.


-УТРКнын ичинде эмне болуп жатканын президент Курманбек Бакиев билиши керек деп эсептейм. Эч кандай реформа, кадрлык саясат жок. Студиялардын жетекчилерин ай сайын эмес, апта сайын алмаштыруу болуп жатат. Арамзалык иштерди уюштурган Эшимканов жогорку даражалуу чиновниктердин атына жамынып алып чалмакей чалып жатат. Биз ага айттык: “Биздин коопсуздугубуздун кепилдиги болгон президентке жана анын администрация башчысы Медет Садыркуловго кайрылабыз”,- дедик. Ал, “мен аларга пыш деп койбойм”, - деп жооп берди.

Эшимканов тарабынан айрым журналисттерге кысым болуп жатканын айткан Ассоль Молдокматова УТРКдагы кыскартуулар жөнүндөгү президенттин жарлыгы менен макул болушарын, бирок Мелис Эшимкановдун кызматтан кетүүсүн талап кылышарын кошумчалады.

Ал эми нааразылык билдиргендердин бири, жаштар программасынын редактору Шайыр Абдырахман болсо Мелис Эшимканов УТРКнын деңгээлин көтөрүүнүн ордуна, тескерисинче начар программаларды таңуулап, берүүлөрдүн көркөмдүк деңгээлин төмөн түшүрүп жиберди деген пикириде:

-УТРКда дээрлик эч кандай өзгөрүү болгону байкалбайт, тескерисинче күн өткөн сайын кыргыз телевидениесинин кунары кетип, түбү чирип бараткан дүпүйгөн чоң даракка окшоп баратат.

Шайыр Абдрахман белгилегендей, 27-ноябрда жарнаамалык бөлүмдүн эсеп-кысапчылары каржы жаатындагы чалмакейлер тууралуу маалымат жыйынын өткөрүшөт.

Ал эми Ассоль Молдокматова Мелис Эшимканов кызматтан кетмейинче маалымат жыйынын өткөрө беришерин, аларды УТРКдагы 200-300 кызматкерлер колдошорун айтты.

Бул маселенин чоо-жайын билмекке УТРКнын башкы директору Мелис Эшимкановго кайрылганыбызда мындайча жооп узатты:

- Жөн эле сыртынан тон бычып жооп бергеним туура эмес го. Азыр мен президенттик администрацияда, мамлекеттик катчыда жүрөт элем. Чыгайын, көрөйүн, угайын. Эми ал таң калыштуу деле эмес, күтүлгөн эле окуя. Баягы таттуу жерлеринен жылгылары келбей жатышат да...

Журналисттер бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев президенттин жарлыгына ылайык УТРКдагы кыскартуулар нааразылыкты эки эсе күчөтөөрүн, бул багытта атайын комиссия менен бирге иш алып барганда гана ал калыстык менен чечилмек деген пикирде.

- Өзгөчө УТРКадагы кадр саясаты боюнча атайын аттестациялык комиссия түзүп кызматкерлерди жумуштан кетирүүдө, кызматка алаарда кандайдыр бир чечимдерге таянып иш жүргүзсө болмок. Себеби жумуштан кетирген адамды эмне үчүн кетирип жатканын негиздеп, экинчиден аларга ушул эле кызматта алып жаткан айлыктан кем эмес айлык алып жаткан кызмат сунушташы керек эле, же болбосо башка кесипке өткөнгө мүмкүнчүлүк түзүп бериши керек.

Буга чейин оппозициялык саясатчылар, алардын ичинде Мелис Эшимканов дагы, коомдук уюмдар УТРКны коомдук телевидениеге айландыруу демилгесин көтөрүшкөн эле. 2006-жылдын ноябрь митингиснен кийин бийлик коомдук телевидение түзүүгө бел байлап, УТРКда байкоочу кеңеш да түзгөн. Кийин ал байкоочу кеңеш ишин баштабай жатып ыдырап кеткен. Айрым талдоочулар буга Ак үйдүн кийлигишүүсү себеп болгонун айтып чыгышкан.

Кийин телерадио берүүлөр боюнча жаңы мыйзамга президент кол коюп, анда Улуттук телерадио-корпорациясынын жетекчисин өлкө башчысы тарабынан дайындалышы каралып, коомдук теле көрсөтүү куру кыял бойдон калган.

Мелис Эшимканов УТРК башчылыгына былтыр октябрда келген. Быйыл жыл башында болсо Бейшенбек Бекешов баштаган кызматкерлердин дагы бир тобу Мелис Эшимкановду кызматтан кетирүү талабы менен ачкачылык жарыялашып, кийин ал тараптардын мунасага келүүсү менен аяктаган эле.

XS
SM
MD
LG