Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:11

Кыргызстандын журналисттери өздөрүнүн Этикалык кодексинин жаңы редакциясын кабыл алышты. Этикалык кодекс так маалымат жеткирүү жана аудиториянын ишеничине ээ болуу милдетин алып жүрөт. Документ сунуштама мүнөзгө ээ болгондуктан, андагы кабыл алынган эрежелерди журналисттер өз каалоолоруна жараша аткарышат.

Журналисттин этикалык кодексине толуктоолорду киргизүүнү ММКга түшкөн даттанууларды териштирүү комиссиясы сунуштаган. Комиссиянын мүчөсү Шамарал Майчиев аларга түшкөн журналисттерди материалдары менен иштей баштаганда, этикалык кодекстин кемчиликтери көрүнө баштагандыгын айтат:

- Кодекстеги кемчиликтерди эл аралык эксперттер менен талкуулап чыктык. Биздин журналисттер болсо жакшы эле иштешет. Бирок алардын кемчилиги - көбү саясатташып алган. Анан эки тараптуулук маселеси бар. Көпчүлүк учурда журналисттер маалымат булактарын бир тараптуу, өз көз караштарын билдирип берип коюшат. Анан фактыларды өз ойлорундагы нерселер менен алмаштырып алышат.

Комиссиянын төрагасы Александр Кулинскийдин айтымында, азыр кодекс журналисттердин сунушу менен толукталууда. Журналисттер өздөрүнө ийкемдүү варианттарды тандап жатышат. Кулинский кодекс журналисттерге абалды жакшы түшүнүүгө, терс жыйынтыктарга алып келе турган катачылыктардан оолак болууга түрткү берерин белгилейт:

- Азыр журналисттер билбестиктен ар кандай катачылыктарга жол беришет. Мисалы өткөн жылкы авиакырсыкта журналисттер кырсыктын кесепеттерин чагылдырууда, өзгөчө каза тапкандардын жакындары менен байланышта болгондо көп ката кетиришти. Алар ошондой кырдаалда эмне кылаарын билишкен эмес. Бул туурасында азыркы кодексте да жазылган эмес. Эми киргизели деп жатабыз. Муну өзүн өзү башкаруу десе болот. Журналисттер чындыкты айтууга жолтоо болбогон эрежелерди кабыл алып, ошол эле учурда өздөрү ага баш ийип жатышат. Кодексти аткарабы, аткарбайбы - бул журналисттин өзүнүн тандоосунан көз каранды.

Этикалык кодекске киргизүү керек деген толуктоолордун айрымдары кызуу талкууну жаратты. Мисалы, кодекстин 11-пунктунда “журналисттин өз ишинде ар бир адамдын жеке жана интимдик турмушуна урмат менен мамиле жасоого тийиштиги айтылган. Жаңы редакцияда бул пунктка “эгерде материалдын кейипкерлеринин кылык жоругу социалдык мүнөзгө ээ болуп же коомчулуктун кызыгуусун туудурган учурда гана жеке жана интимдик жашоого кийлигишүүгө жол берилет” деген кошумча киргизилген.

“Комсомольская Правда” гезитинин башкы редактору Азамат Тынаевдин ою боюнча, бул толуктоо Дүйнөлүк адам укуктары боюнча декларациясына каршы келет:

- Декларацияда ар бир адамдын жеке жашоосу кол тийгис деп айтылат. Биз журналисттерди кандайдыр бир мыйзамдан бийик турган нерсеге айландырып жатабыз. Мисалы, коомчулуктун кызыгуусун ким аныктайт экен. Мага ушул кызык болуп жатат. Мындай зыяндуу толуктоо менен журналисттер өздөрүн коом алдында туура эмес көрсөтүп жатышат. Өзүбүз радио телевидениеден “жакшы болгула, мыйзам сактагыла” деп коюп, кайра өзүбүзгө жеңилдик берип, биз ушундай кыла алабыз, укугубуз бар деп жатабыз. Мен муну менен макул эмесмин.

Эл аралык эксперт Лорш Андренин айтуусунда, мындай талкуулар абдан керек. Анткени кодекстеги бардык эле эрежелердин майда чүйдөлөрүн алдын ала так жазууга мүмкүн эмес. Алар талкууланып, чечмеленүүгө тийиш. Кийин практика жүзүнө келгенде алардын ролу дагы аныкталарын айтат Лорш Андре:

- Мындан ары комиссия өзүнүн ишинде ар бир пунктун маанисин аныктайт. Анткени иш жүзүндө арыздар түшө баштаганда, ар бир пункттун көтөргөн жүгү такталат. Мен азыр өзүм анализ жасадым. Азыр бул кодекс эл аралык стандартка төп келет.

Журналисттер укук милдеттерин мыйзам ченеминде билбей жатат деген ойго кошула албастыгын айтат БГУнун журналистика факультетинин деканы Алтын Асанова. Анын айтуусунда, журналисттер дагы кырдаалга жараша иш кылат. Балким ошондой учурда этикалык кодек сактабай калышы мүмкүн. Анын айтуусунда, азыр турмуш бир жерде турган жери жок:

- Мейли мыйзамбы, мейли кодекс, мейли илимий теориябы бул догма болбошу керек. Анткени турмуш өзү корректировкаларды киригизип жатат. Булар дагы эске алынып турушу керек. Бул зарылчылыктан келип чыккан нерсе.

Кыргызстандын журналисттеринин этикалык кодекси 2007-жылдын 8-декабрында журналисттердин республикалык съездинде кабыл алынган. Ал 20 пункттан турчу. Бүгүнкү кол коюлган жаңы этикалык кодекске дагы 3 пункт киригизилди.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG