Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:21

Жергиликтүү адистер кыргыз калкынын 30 пайызы чочко тумоосуна чалдыгуу коркунучу турат деп кооптонушууда.

Тумоонун H1N1 түрү өткөн жылдын апрель айында алгач Мексикада жайылып, учурда дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө да катталып отурат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму маалымдагандай, сентябрь айынын башынан тартып чочко тумоосун 277 миң 607 адам жугузуп алган, алардын 3200дөн ашууну көз жумган. Эң эле көп бул вирус Америкада жана Европада катталууда.

Мамлекеттин башкы санитардык дарыгери Сабыржан Абдыкаримовдун айтымында, эгерде чочко тумоосу пандемияга айланып кетсе, анда бул вируска Кыргызстандын калкынын 30 пайыздайы чалдыгат, ал эми 10 пайыздайында бул илдет оор формада өтушү ыктымал:

- Пандемия 20 – 30 жылда бир келчү нерсе. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнө боюнча жалпы божомол жасайт. Уюмдун божомолуна ылайык, бул ооруну дүйнө калкынын 30 пайызы жугузуп алат. Биздин калкка салыштырмалуу алсак, Кыргызстанда 1,5 миллион адам бул ооруну жуктуруп алышы мүмкүн. Ал эми калктын 10 пайызы, башкача айтканда 150 миңден ашуун адам бул вирустун оор формасына чалдыгат. Биз эң кооптуу кесепеттерге даяр болуп, даярдык көрүшүбүз керек.

Сабыржан Абдыкаримов ушундай кырдаалды алдын алуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатканын белгилеп өттү:

- Жугуштуу илдеттер ооруканасы атайын жабдыктар менен, 8 миң кишиге жете турган дарылар менен камсыз кылдык. Өзүн сактоочу атайын костюмдар, инфекцияга каршы атайын заттар менен камсыз болушту. Эки лабораториябыз бар, улуттук жана областтык. Алар да бүгүнкү күндө толук даяр, адистерибиз атайын окуулардан өттү.

Мындан тышкары Бишкектеги “Манас” жана Ош шаарындагы аэропорттордогу “Ак Жол” бекеттеринде адамдын температурасын дароо аныктай турган сыналгылар орнотулган.

Адистердин айтымында, пандемиялык H1N1 вирусу адамдын, канаттуулардын жана чочко тумоосунун мутацияланышынын натыйжасында пайда болгон. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттеринин божомолу боюнча, акыркы эки жыл аралыгында дүйнө жүзү боюнча H1N1 вирусун 2 миллиарддан ашуун адам жугузуп алышы толук мүмкүн.

Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын башкы дарыгери Нарынбек Айткулуев бул вирустун жайылышына эмдөө гана туруштук берээрин эскертет:

- Эгерде биз тез арада бир миллиондон ашык адамды эмдөөдөн өткөрсөк, бул оорунун санын кескин түрдө төмөндөтсөк болот. Антпесе, коркунучтуу божомолго ылайык 1,5 миллиондон ашуун адам чочко тумоосуна чалдыгат.

Чочко тумоосуна каршы эмдөөчү дарылар иштелип чыгып, учурда алар атайын текшерүүдөн өтүүдө. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдиргендй, эгерде эмдөөчү каражаттар сыноодон ийгиликтүү өтсө, чочко тумоосуна каршы эмдөөлөр ноябрь айында башталышы керек.

Расмий маалыматтарга таянсак, коңшу Казакстанда чочко тумоосу менен 17 адам катталган. Кыргызстанда бул илдетти жугузуп алып, толугу менен айыгып чыккан үч жарандын бири Дубайда ишкерлик менен болуп, экинчиси Канадада конокто болуп кайткан.

Эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмүнүн жетекчиси Зуридин Шариповдун белгилешинче, Кыргызстанда чочко тумоосунун жайылышы негизинен миграцияга көз каранды:

- Азыркы учурда биздин өлкөдө чет өлкөдөн гана келип жаткан кишилерде гана бул вирус катталды. Өлкө ичинде массалык түрдө вирустун жайылышы байкалбайт.

Чочко тумоосунун жана кадимки тумоонун белгилери бирдей болгондуктан, H1N1 вирусунун жуккандыгын лабораториялык гана текшерүүлөр аныктай алат. Дүйнөдө күч алып жаткан бул вирусту алдын алуу чараларын Сауд Арабия да көрүүдө.

Быйыл ноябрда зыяратка бара турган мусулмандар жөнөкөй тумоого, менингитке жана чочко тумоосуна каршы эмдөөдөн өтүшү керек. Эгерда зыяратчыларда аталган илдеттерге каршы эмдөө алды деген сертификат жок болсо, Сауд Арабия өз аймагына киргизбөөгө тийиш.

Ушул жылы барат деп күтүлү жаткан 4500 зыяратчыны атайын даярдыктан өткөн медицинанын 50 чакты кызматкери коштоп бармакчы.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG