Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:10

Нышан балдар эмне үчүн көбөйүүдө?


Соңку убакта ээк, таңдай, же үстүңкү жаактын жыртыгы менен төрөлгөн балдардын саны мурдагы жылдарга салыштырмалуу көп кездешүүдө. Наристелердин мындай кемтиктер менен төрөлүшү сырт келбетке таасирин тийгизбестен, угуу, сүйлөө, жутуу сыяктуу негизги функцияларына да терс таасирин тийгизет. Мындай туубаса кемтиктердин пайда болуусунун себеби эмнеде?

Изилдөөчүлөрдүн белгилешинче, дүйнө жүзү боюнча ар бир 11 мүнөттө эрди нышан, таңдайы, же үстүңкү жаактын жыртыгы менен наристе төрөлөт. Статистикага ылайык орточо алганда ушундай туубаса кемтиктер миң наристенин бирөөндө кездешет.

Кыргызстанда да мындай көрүнүш көп болуп жаткандыгы тууралуу Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун бет-жаак хирургиясы бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Мамыралиев мындай деди:

- Мурда 650 баладан бир бала нышан болуп төрөлчү. Азыркы убакта 550-600 баладан бир бала ушундай кемтик менен төрөлүп атат.

Бул борбордо мындай балдарга операциялар жасалып турат. Элиза Асанкулова аттуу айым үч жашар кызына операция жасатып, ал ийгиликтүү өткөндүгүн айтат:

- Ооруканада кечээ кызыма операция жасашты дарыгерлер. Эми 12 жашында дагы операция жасайбыз дешти. Ал дагы ийгиликтүү өтүшүнө үмүттөнөм. Мен кош бойлуу кезимде, бала жаңы түйүлдүк боло баштаганда сасык тумоо болуп ооругам. Ошонун кесепетинен кызым ушундай кемтик менен төрөлдү го деп ойлойм.

Көпчүлүк ата-энелерде эмне себептеп балада тубаса кемтик пайда болду деген суроо туулат. Жыртыктардын пайда болушунун себептерине хирург Алтынбек Мамыралиев мындайча токтолот:

- Наристенин мындай болуп төрөлүшүнө түрткү болгон көп себептер бар. Биринчиден, тукум кууйт. Андан тышкары эне кош бойлуу болгондо биринчи үч айында түйүлдүк калыптанат, ошол учурда талгак болсо, же жугуштуу оорулар менен ооруса, баңгизат колдонуп, тамеки тартып, алкоголдук ичимдиктерин колдонсо, ошондой эле химиялык заттар менен иштесе, алар дагы таасирин тийгизбей койбойт. Андан тышткары кош бойлуу айымдар стресске кабылса, көп ойлонсо, же оор жумуш кылса да, ушунун баары түрткү болот.

Эриндин жыртыгы оң жана сол тараптан, бир тараптуу, же эки тараптуу болушу мүмкүн. Булар менен катар таңдайдын да жыртыгы болот, адистер аны сумбикоздук жыртыктар деп аташат. Таңдайдын булчуңдары кулактын желдөөсүнө жана сүйлөө мүмкүнчүлүгүнө өтө зарыл. Булчуңдардын жогу, же алардын өз ара туура эмес биригиши баланын сүйлөөсүнүн бузулушуна, ал эми кулактын туура эмес желдөөсү кулактын укпай калуу корунучуна алып келет.

Мындай тубаса кемтиктер менен төрөлгөн балдарга операция баскыч-баскычы менен жасалат дейт Алтынбек Мамыралиев:

- Операция бир нече этап менен болот. Биринчи этап - үстүңкү эрдин жамайбыз 6 айдан кийин. Экинчи этап - эки жашка толгондон кийин таңдайындагы жырыкты жамайбыз. Үчүнчү этап - 14кө чыкканда мурундагы чемирчектерди калыбына келтиребиз. Экинчи этабы мурда 6-7 жашында болчу эле, азыр 2 жаштан кийин жасап атабыз. Себеби бала сүйлөй баштаганда, чөйрөнү кабыл ала баштаганда мүнөзү туура эмес калыптанбасын деп 2 жашында операция жасап атабыз.

Дарылоонун натыйжалуугу дарыгер-адистердин жана бейтаптардын ата-энелеринин биргелешкен аракетине түздөн түз байланыштуу. Хирург-дарыгер дарылоонун жүрүшүндө операциядан тышкары мезгил-мезгили менен баланын өсүшүнө байкоо жүргүзүү менен бирге системалык түрдө текшерүү жүргүзүп туруусу зарылдыгын кошумчалады:

- Таңдайга операция болгондон кийин үстүңкү жактын өсүшү астыңкыдан калып калып үстүңкү жак толук өспөй калышы мүмкүн, же тескерисинче астыңкы жак бошоп калып, көбүрөк өсүп кетиши мүмкүн. Ошондуктан операция жасатып эле кетип калбастан, бала жылына жок дегенде бир жолу дарыгерлердин көзөмөлүндө болушу зарыл.

Бүгүнкү күндө аталган медициналык борбордун бет-жаак хирургиясы бөлүмү Германиядан келген жаңы жабдыктар менен жабдылган:

- 2003-жылдан бери Германиядагы кесиптештерибиз менен иштешебиз. Алар жылына эки жолу жазында - апрель айында, күзүндө - октябрь айында келишет. Алардын жардамы менен бул жерде биз операция жасачу бөлүм ачып алганбыз. Медициналык жабдуулардын баары Германиядан келген. Операцияга бир топ жеңилдик болот экен.

Сергек турмуш, витаминдерге байытылган рационалдуу тамактануу, баңгизат, тамеки, алкоголдук ичимдиктерден баш таруу балдардын жаак-бет аймагындагы потолгиясы менен төрөлүү коркунучун азайтат. Дарыгерлердин айтымында, айымдар кош бойлуулукка алдын ала дарылануусу керек. Ал эми кош бойлуу айымдар ар түрдүү жугуштуу оорулардан жана дары-дармекти далилсиз колдонуудан качуусу зарыл.

XS
SM
MD
LG