Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:33

“Улукман”: Мээрман айымдардын эмгеги зор, иши оор


7-апрелде ооруканага түшкөндөрдөн учурда 132 адам бейтапканаларда дарыланып жатат.
7-апрелде ооруканага түшкөндөрдөн учурда 132 адам бейтапканаларда дарыланып жатат.

7-апрелдеги кандуу кагылышта жаракат алып ооруканаларга түшкөндөрдөн учурда 132 адам бейтапканаларда дарыланып, алардын экөө эсине келбей жатат. 12-май - Медициналык мээрман айымдардын бүткүл дүйнөлүк күнү.

Жарадарлардын абалы жакшыра баштады

7-апрелде жаракат алгандар негизинен Бишкектин 4 ооруканасында дарыланышты. Кагылышта 1600дөн ашык адам жараланып, 600гө жакын адам ооруканаларга жаткырылган болчу.

Учурда Улуттук хирургия борборунда 7-апрелде түшкөндөрдөн абалдары оор болуп жаткан 3 оорулуу гана калды. Бирок бул 3 оорулуу да жакынкы күндөрдө айыгып чыгаарын маалымдады аталган борбордун профессору Эрнис Тилеков:

- Бизде Алиев деген абалы оор оорулуубуз бар эле. Эки жолу операция болду. Анын да абалы жакшы, буйруса. Чет өлкөгө алып барабыз деп да чыгышты. Бирок биз өз күчүбүзгө ишенип турдук. Биздин дарыгерлер чет өлкөнүн дарыгерлеринен кем эмес экен. Алиевди өзүбүз эле айыктырып алдык.

Бишкектеги №1 клиникалык ооруканада 7-апрелде жаткырылгандардан эч ким калган жок. Бул ооруканада эки буту кесилген жигит да кечээ жакында ооруканадан чыгып кетти.

Аталган оорукананын профессору Акылбек Мусаев бул жигитке жакынкы айларда протез – жасалма бут коюу пландаштырылып жатканын белгиледи:

- Азыр бул жигиттин бутундагы шишиктер тарай элек. Эки-үч айдан кийин биз протез коюуга киришебиз.

Улуттук госпиталда учурда эсине келе албай эки оорулуу жатат. Госпиталдын нейрохирургия болүмүнүн башчысы Бектемир Мукамбетөмүров алгачкы күндөрдө жаракат алгандардын учурдагы абалына токтолду:

- Мен жетектеген нейрохирургия бөлүмүндө жаткан 12 киши сакайып кетти. Алтооно өзүм операция жасадым. Баары ийгиликтүү болду. Учурда Улуттук госпиталда эсине келбей, эки оорулуубуз жатат. Алар экөө тең башынан абдан оор жаракат алган. Буларга дары-дармек, медициналык зарылдыктар жетиштүү.

Саламаттык сактоо министрлигинин башкы дарыгери Самат Тойматовдун “Азаттыкка” билдиришинче 7-апрелде жаракат алгандардан ооруканаларда учурда 132 адам жатат. Алардын дээрлик көпчүлүгү Улуттук травматология жана ортопедия борборунда. Ал эми кандуу кагылышта 85 адам каза болуп, алардын баарынын сөөктөрү жакындары тарабынан алынып кетти.

- Түркияга дарыланууга кеткен беш оорулуубуз ал жакка баргандан кийин, кайра Кыргызстандан дарыланууну каалашып, кайтып келип бул жактан дарыланышууда. Ал эми Түркиядагы бир оорулуубуз ушул күндөрдө Москвага которулмакчы.

Ошондой эле кечээ жакында да үч оорулууга Москвадан барып дарыланганга комиссия чечим чыгарды. Булардын дарылоо жана жол чыгымдарын Кыргызстандын Убактылуу өкмөтү менен Орусия өкмөтү каржыламакчы.

Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин башкы дарыгери Самат Тойматов “Түркияда Кыргызстандан жаракат алып барган оорулуулардын бири каза болуптур” деген эл ичиндеги кепти төгүндөдү. Ага улай айрым маалымат булактарында 7-апрелдеги кагылыштан каза болгондор 86 киши деп айтылып, жазылып жатканы туура эмес экенин белгилеп, 10-майга карата каза болгондордун эсеби 85 экенин кайталады.

12-май - Мээрман айымдардын күнү

Кыргызстанда бул майрам 1993-жылдан бери белгиленүүдө. Өткөн жылдары өлкөдө мээрман айымдардын жетишсиздиги байкалган. Бул жылы чет жакка кеткендердин саны азайып, медициналык мекемелерде мээрман айымдар жетиштүү. Анткен менен мээрман айымдардын өздөрүнүн айтуусунда, иштери оор жана айлык акылары аз.


Англиялык мээрман айым Флоренс Найтингейл мындан туура 187 жыл мурда 12-майда туулган. Ал медицинада мээрман айымдардын ишинин өнүгүшүнө чоң салымын кошкон. Андыктан 12-май дүйнө жүзүндө Мээрман айымдардын күнү катары белгиленип келет. Бул жылы болсо Флоренс Найтингейлдин каза болгонуна туура 100 болот.

Бүгүнкү күндө мээрман айымдардын иши медицинада чоң орунду ээлейт. №14 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башкы мээрман айымы Чынара Бердакунова ишинин өзгөчөлүктөрүнө мындайча токтолот:

- Биздин ишибиз өтө эле кыйын, биз үймө-үй кыдырабыз, балдарды эмдөөгө чакырабыз. Карыларды жылына текшерүүдөн өткөрүп турабыз. Төшөктөн турбай калган карыларды болсо ай сайын үйлөрүнө барып ден соолугун сурап, дарыларын берип турабыз.

Акыркы жылдары өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалдын начардыгынан улам мээрман айымдардын көбү өлкөдөн чет жакка кетип жатканы айтылган. Бул медициналык жардам көрсөтүү кызматынын сапатына таасирин тийгизбей койгон эмес. Ал эми быйыл өлкөдөн кеткендердин саны кескин азайганын белгилейт Саламаттыкты сактоо министрлигинин орто медициналык кызматкерлер боюнча башкы адиси Бермет Юсупова:

- 2008-жылы медициналык орто билимдүү адистердин саны 27 миң 948ди түзгөн, алардын ичинен 3 миң 80и чет жакка кеткен эле. Бүгүнкү күнгө болсо адистерндин саны өлкөдө 28 миң 29ду түзүп, алардын 180и гана башка мамлекеттерге чыгып кеткен. Бул сан көрсөтүп тургандай, быйыл өткөн жылдарга салыштырмалуу чет жакка кеткен адистердин саны азайган. Бул албетте жакшы көрүнүш. Учурда аймактардын бардыгында да мээрман айымдардын иш орундары толук. Ал эми Ош, Бишкек сыяктуу чоң шаарларда адистер бир аз жетишпейт. Анткени айлык акынын аздыгынан көпчүлүгү башка иштерге кетип, же базарларда соода кылышууда.

Адистер учурда жетиштүү болгону менен, мээрман айымдарга көп көңүл бурулбай келет. Бермет Юсупова медайымдардын орто айлык акысы 1800 сомду түзөөрүн айтат:

- Албетте мээрман айыдмдарды айлык акылары аябай эле аз. 2009-жылы 150-200 сом гана кошулган, ал да эмгек стажына жараша. Мисалы, азыр жаш адис жаңы ишке киргенде, анын айлык акысы 1800 сомдун тегерегинде болот.

Мына ушундай айлык акынын аздыгына, иштин оордугуна карабай өз ишин сүйгөн адистер аз эмес. Алардын бири - мээрман айым Чынара Бердакунова:

- Жаңы конуштар ачылганда баарыбыз аябай кыйынчылык менен иштедик, ал кезде көчөнүн аттары жок, номурлары жок, кышта калың кар тебелеп, күзүндө баткак тебелеп күнү-түнү кыдырчубуз. Азыр үйлөр көчө-көчө түшүп бир аз жеңилдеп калдык. Ошондо да бизде азыр келип кеткендер көп. Медайымдар үчүн унаа бөлүнгөн эмес, жөө кыдырабыз. Ага карбай ишибизди сүйгөн үчүн иштеп жүрөбүз.

Кыргызстанда Мээрман айымдардын күнү 1971-жылдан бери ырааттуу белгиленип келатат. Быйыл да өз ишинде айырмаланган мээрман айымдарга Ардак грамоталары тапшырылаарын айтат Бермет Юсупова:

- Акыркы болуп өткөн апрель окуяларында жараат алган балдарга биздин айрым мээрман айымдар уктабастан, күнү-түнү жандарынан чыкпай медициналык жардамдарын көрсөтүп турушту. Мына ушул адистерге биз быйыл Ардак грамоталарын тапшырабыз. Майрамда жок дегенде көңүлдөрүн көтөрүп коелу деген оюбуз бар.

XS
SM
MD
LG