Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:56

26-март: Тарых барактары


2006-жылдын бул күнү ЖКнын Эл өкүлдөр жыйыны президенттик шайлоонун мөөнөтүн аныктаган.
2006-жылдын бул күнү ЖКнын Эл өкүлдөр жыйыны президенттик шайлоонун мөөнөтүн аныктаган.

Түркстан Республикасынын Борбордук Аткаруу комитетинин кичи президиуму 1924-жылдын бул күнү Кыргызстанда Тоолуу областтын уюушлушу туурасында чечим чыгарган. Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны 2005-жылдын 2- март күнү чукул өткөрүлчү президенттик шайлоонун мөөнөтүн аныктаган. Америкалык врач Джонас Эдвард Солк 1953-жылдын 26-март күнү полиомиелитке каршы вакцинанын ийгиликтүү сыноодон өткөндүгүн билдирген.

Совет мамлекети курулуп, партия жар салган улуттук автономия идеясына жараша кыргыз калкынын прогрессивдүү инсандары Советтер Союзунун курамында мамлекет түптөө идеясын көтөрүп чыгышкан. Алардын демилгесине ылайык, Түркстан Республикасынын Борбордук Аткаруу комитетинин кичи президиуму 1924-жылдын бул күнү Тоолуу областтын уюушлушу туурасында чечим чыгарган. Тоолуу область курамына Жети-Суу областындагы Пишпек, Каракол, Нарын уезддери жана Сыр-Дарыя областынын Олуя-Ата уездине караштуу тоолуу аймактары кирген. Ал эми Түркстан Республикасынын Борбордук Аткаруу комитети Фергана өрөөнүндө жашаган кыргыздардын тагдырын мында кулач жайган басмачылык кыймылга байланыштуу кийинкиге калтырган.

Кара-Кыргыз автономиялык областынын Биринчи уюштуруу курултайы мамлекеттик уюшулуштан тарта, билим берүү тармагы жана кыргыз алфавитине чейинки татаал маселелердин ажаатын ачкан. Кыргыз мамлекетин түптөөчүлөрдү көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири - Абдыкерим Сыдыков 1925-жылдын 26-март күнү, Бүткүл Союздук борбордук Аткаруу Комитетинин төрагасы Серафимовдун баяндамасы боюнча жарыш сөзгө чыккан. А. Сыдыков Кыргызстандагы жер реформасы жана кыргыздарды отурукташтыруу проблемасы тегерегинде бир канча олуттуу көйгөйлөрдү көтөргөн. Анын бири - падышалык мезгилде пайда болгон орус жеркоторуучулары менен жергиликтүү калктын мамилеси жана жер иштетүүнүн өндүрүмдүүлүгүн арттыруу керек экендигин белгилеген.

Кыргыз АССР Элдик комиссарлар кеңешинин 1928-жылдын 26-марттагы чечимине ылайык, мамлекеттик кызматкерлердин «окуу сааты» белгиленген. Мамлекеттик кызматкерлер эртең мененки 8ден түшкү 14 саат 30 минутага чейин үй-бүлөсүнүн жанында калып, сабатын арттырууга мүмкүнчүлүк алышкан.

Нарын областынын Сары-Булак жергесинде 2003-жылдын 26-марттан 27-мартка карган түнү 21 адам өлтүрүлүшү коомчулукту кыжаалат кылган. Каргашага кабылган адамдар Кытайга каттаган ишкерлер экендиги жана аларды ташыган автобус өрттөлүп, кылмыш жасалган жерде автомат огунун гильзалары табылган.

Чүй өрөөнүнүн Кемин районунда 2005-жылдын 26-мартында эл толкуп, 1000ге жакын адам Бишкекти карай багыт алышкан. Алар өлкөдөгү Конституциялык түзүлүштүн бузулбастыгын талап кылышкан. Жүрүш катышуучулары түштөн кийин Чүй өрөөнүнүн Чым-Коргон айылына чейин келип токтошкон. Алар менен Конституциялык Соттун төрайымы Чолпон Баекова жана Чүй облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Тургунбек Кулмурзаевдер жолугушкандан кийин жүрүшкө чыккандар үйлөрүнө тарашкан.

Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны 2005-жылдын 26-март күнү чукул өткөрүлчү президенттик шайлоонун мөөнөтүн аныктаган. Эл өкүлдөр жыйынынын бүтүмүнө ылайык, чукул өткөрүлчү президенттик шайлоо ушул жылдын 26-июнга белгиленген.

Советтер Союзундагы Сталиндик сыйлык 1941-жылдын 26-мартында киргизилген. Кийин ал Мамлекеттик сыйлык болуп өзгөртүлгөн.

Америкалык врач Джонас Эдвард Солк 1953-жылдын 26-март күнү полиомиелитке каршы вакцинанын ийгиликтүү сыноодон өткөндүгүн билдирген.

Швейцариялык табият таануучу Конрад Геснер 1516-жылдын 26-март күнү жарык дүйнөгө келген. Конрад Геснер биринчи зоологиялык энциклопедияны жазган. Анын «Жаныбарлар тарыхы» аттуу 5 томдук китеби жана «Жалпы библиотека» атуу эмгеги дүйнөлүк маданияттын алтын казынасына алынган.

Атактуу англис инженер-механиги Фридерик Генри Ройс 1863-жылдын 26-мартында туулган. Ал автомобиль айдоочу Чарльз Ролсс менен дүйнөгө атагы тараган экстра-класстагы «Роллс-Ройс» автлмобиль өндүрүшүн негиздеген.
Улуу Британияда бүгүн Энелердин күнү белгиленет. Майрам башаты викториандык мезгилден башталат. Ал убакта жаш жеткинчектер каражат табыш үчүн сыртта иштешип, акчаларын үйлөрүнө жиберчү. Аларга жылда бир күн үйүндө болууга уруксат берилгендиктен, балдар адатта энелери же чоң энелерине белек алып келишчү. Мындай адат кийин майрамдык салтка айланган.
XS
SM
MD
LG