Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:09

30-октябрь: тарых барактары


Бүгүн - саясий репрессия курмандыктарынын эл аралык күнү
Бүгүн - саясий репрессия курмандыктарынын эл аралык күнү
Батыш Сибирь генерал-губернатору Г. Х. Гасфорд 1853-жылдын 30-октябрында кыргыздардын солто, сары багыш, бугу жана улуу жүз казактардын айрым уруулары ортосундагы ичара мамилеси туурасында кабар алган. Алынган маалыматка ылайык, алардын ортосундагы араздашуу жана барымтачылык сыяктуу терс көрүнүтөр убактылуу токтогон. Генерал-губернатордун белгилөөсүнө караганда, жалгыз гана солто уруусу тартипке кирбей, коңшу казактардын малына тийип, бирин-серин барымта алуудан кайтпагандыгы кабарланат.

30-октябрь - Саясий репрессия курмандыктарынын эл аралык күнү. Бир канча жылдан бери Саясий репрессия курмандыктарынын эскерүү Кыргызстанда да салттуу белгилене баштады. Кыргызстан совет маалында саясий репрессия запкысын башынан кечирген жана анын азап, тозогун анык көргөн өлкө. XX кылымдын биринчи жарымында Кыргызстан калкынын саны 700 миң чамалап, 1937-38-жылдар аралыгындагы саясий репрессия маалында 10 миңдей адам бейкүнөө жазага тартылып, алардын көбү атылып кеткен. Совет маалындагы саясий репрессия айынан кыргыз калкынын билимдүү жана саясий маданият ташыган катмары жоюлган. Мамлекет башкарууга даярдалган миңдеген саясий жана коомдук ишмерлер бейкүнөө жапа чегип, улуттун тээгине доо кеткен.

Кыргызстандык реставраторлор 1969-жылдын бул күнү Манастын күмбөзүн оңдоо ишин дээрлик соңуна чыгышкандыгын билдиришкен. Күмбөздү оңдоо ишин Кыргыз ССРинин маданият министрлигине караштуу реставрациялоо мастерскою аткарган. Реставраторлордун жетекчиси Борис Помаскиндин билдирүүсүнө караганда, күмбөздү оңдоо үчүн 7 миң чамалуу атайын бышырылган кирпич даярдалып, жаңы кирпичтер эскилердин ордуна жаңыртылып, казанбактын алдына эки сейсмопояс куюлган.

Бул күнү, 1270-жылы крестүүлөрдүн акыркы жортуулу башталып, 1340-жылкы Рио-Саладо салгылашында испан-португалдык аскерлер арабдардын колун талкалап, 1768-жылы Америкада биринчи методисттердин чиркөөсү ачылып, 1918-жылы Словакия Чехия мамлекетине биригип, 1952-жылы Англия атом бомбасын сынап, 1920-жылы сынчы жана адабият таануучу Биби Керимжанова, 1941-жылы таланттуу жазуучу Кубатбек Жусубалиев жарык дүйнөгө келген.

XS
SM
MD
LG