Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:28

23-апрель: Тарых барактары


Бүгүн - Эл аралык китеп күнү
Бүгүн - Эл аралык китеп күнү

23-апрель - Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү катары белгиленет. Бүткүлсоюздук IX кинофестиваль 1976-жылы Фрунзе шаарында өткөрүлгөн. Кыргыз областтык ВКП (б) уюму 1937-жылдын 23-апрелинде Кыргыз ССР Коммунисттик партиясы болуп өзгөртүлгөн.

Совет мезгилиндеги Кыргызстандын маалымдоо каражаттарынын түптөлүшүнө РКП (б) Борбордук Комитетинин 1924-жылдын 23-апрелинде кабыл алган токтому маанилүү роль ойногон. Партиялык токтом «Басма сөз жана басылмалар багытындагы партиялык жетектөөнү күчөтүү» деп аталып, ага ылайык борбордук жана жергиликтүү маалымдоо каражаттарынын иштөө принциптерин аныктоо маселелери белгиленген. Мындан тышкаары партиялык токтомдо окуу китептерин жана окутуу куралдарын чыгыш калктарынын менталитетине ылайыкташтырып, жергиликтүү калктын тилинде даярдоо принциптери аныкталган. Партия белгилеген багытка жараша 1924-жылы Пишпек шаарында редакциялык коллегия уюшулуп, «Газета туурасында» Жобо кабыл алынган.

Советтер Союзунда жүргүзүзүлгөн календарлык реформалар айрым убакта күлкү келээрлик жагдайларды жараткан. Бүткүл дүйнөлүк пролетарийлердин жетекчисинин туулган күнүн белгилөөгө камынган пишпектиктер 1924-жылы дал ушундай сатиралык жанрга жол ачышкан. Эски календардан жаңыга жаңылыш эсептелишине байланыштуу, Пишпек шаардык бийлиги «В. И. Лениндин туулган күнүн» 23-апрелде күтүрөтө майрамдашкан. Баардык китепкана жана жумушчу клубдарында Лениндик бурчтар ачылып, «Улуу көсөмгө» арналган конференциялар өткөрүлгөн.

Кыргыз автономиялык Республикасынын 1936-жылы Союздук Республика статусун алышына байланыштуу областтык ВКП (б) уюму 1937-жылдын 23-апрелинде Кыргыз ССР Коммунисттик партиясы болуп өзгөртүлгөн.

23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү катары белгиленет. 23-апрель дүйнөлүк адабият үчүн символдук мааниси бар дата. Сервантес, Шекспир жана Инка Гарсилио де ла Вега сыяктуу классиктер 1616-жылдын 23-апрелинде дүйнөдөн кайтышкан. Мындан улам ЮНЕСКО уюмунун Генералдык Конференциясы китеп жана автордук укукту урматтоо максатында аталган күндү атайын белгилөө жөрөлгөсүн иштеп чыккан. Кыргыз Республикасынын өкмөтү 2002-жылдын 1-апрелиндеги токтому менен Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүн белгилөө шартын кабыл алган. Өкмөттүк токтомдо Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүн майрамдоо аркылуу дүйнөлүк басылмалар менен китеп алмашуу жана жаңы китептер менен өлкө коомчулугун тааныштыруу багыттарын аныктаган.

Фрунзе шаарынын кинотеатрлары 1976-жылдын бул күндөрү советтик көркөм фильмер үчүн эшигин кенен ачкан. Бүткүл союздук IX кинофестиваль үчүн тандалган Фрунзе шаарынын «Ала-Тоо», «Манас», «Октябрь», “Россия”, «Ысык - Көл» кинотеатрларында «Афонья», «Жалгызым» сыяктуу фильмдер көрсөтүлгөн.

Рим императору Диоклетиандын буйругуна ылайык, 303-жылдын 23-апрелинде Палестинада христиан жоокери Георгий Жеңүүчүнүн башы алынган. Кийин ал христиандык чиркөө тарабынан канондоштурулган.

Айтылуу орус акыны А. С. Пушкин негиздеген «Современник» журналынын биринчи саны 1836-жылдын 23-апрелинде жарык көргөн.

Канаданын биринчи почта маркасы 1851-жылдын 23-апрель күнү чыгарылган.

Жазуучу Антон Павлович Чехов 1889-жылдын 23-апрелинде «Краткость – сестра таланта» деген учкул сөздү колдонгон.

Кванттыктеориянын негиз салуучусу немец физиги Макс Планк 1858-жылдын 23-апрелинде туулган.

Канаданын Жогорку Соту 1928-жылдын 23-апрелинде аялдарды «персона» (физикалык жак) эмес деп токтом чыгарган.

ВКП (б) Борбордук комитетинин 1932-жылдын 23-апрель күнкү «Адабий-көркөм уюмдардын кайра курулушу туурасындагы» токтомуна ылайык жазуучулардын бардык бирикмелери жоюлуп, эми алардын башын бириктирген советтик жазуучулар союзу уюшулган.

КПСС Борбордук комитетинин 1985-жылдын 23-апрель күнкү пленумунда Советтер Союзунда кайра куруу багыты белгиленген.
XS
SM
MD
LG