Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:03

7-Май: Тарых барактары


Владимир Путин 2000-жылдын бул күнү ант берип, расмий түрдө Россия Федерациясынын президенти болуп атанган.
Владимир Путин 2000-жылдын бул күнү ант берип, расмий түрдө Россия Федерациясынын президенти болуп атанган.

Атактуу манасчы Саякбай Каралаев 1894-жылдын 7-май күнү жарык дүйнөгө келген. Кыргыз тамгасын латын алфавитине которуу максатында уюшулган Жаңы кыргыз алфавитинин Борбордук Комитети 1928-жылдын 7-майында жыйын өткөргөн. Кыргыз Обком ВКП (б) бюросунун 1937-жылдын 7-май күнкү жыйынында «Мамлекттик терминологиялык комиссияны» уюштуруу маселеси каралган.

Кыргыз калкынын сыймыгы, атактуу манасчы Саякбай Каралаев 1894-жылдын 7-май күнү жарык дүйнөгө келген. Манасчынын киндик каны Тоңдун Ак - Өлөң жергесине тамып, ал бала чагынан чыгармачыл чөйрөдө таалим-тарбия алган. Саякбай Каралаев кыргыз калкынын 1916-жылкы көтөрүлүшүнө катышып, анын айынан Кытайга чейин качып, 1917-жылы кайра мекенине кайтып келген. Кыргыз Элдик агартуу комитетине караштуу тил жана адабият илим изилдөө институту С. Каралаев айткан «Манас» эпосун 1930-жылдан тарта жазып алууну баштаган. Айтылуу манасчынын аткаруусунда «Манас» жана эпостун калган үчилтиги эсептелген «Семетей», «Сейтек» толугу менен жазылып алынган.

Кыргыз интеллигенциясынын карлыгач өкүлү Касым Тыныстанов 1921-жылдын 7-майында Ташкент шаарынан Каракол уездине карай сапар тарткан. Буга чейин ал Ташкенттеги № 2-интернатта эмгектенип, жергиликтүү кыргыз жеткинчектерин кат-сабатка окуткан. Касым Тыныстановдун жазганына караганда, ал Караколго ден-соолугун чыңдаш үчүн жана окуу усулуна даярдык көрүү максатында аттанган. Анткен менен Караколго келгенден кийин ал коомдук иштерге берилип, кыргыз театралдык тобун уюштуруп, калк арасында жаңы коомдук түзүлүштү түшүндүрүш үчүн агартуу тармагына тартылган.

Кыргыз тамгасын латын алфавитине которуу максатында уюшулган Жаңы кыргыз алфавитинин Борбордук Комитети 1928-жылдын 7-майында жыйын өткөргөн. Жыйында «Жаңы алфавит менен басыла турган журнал чыгаруу» маселеси талкууланган. Жыйынга төрагалык кылган Касым Тыныстанов билдирүү жасап, жаңы журнал жана анын максат, милдеттери туурасында түшүнүк берген. Жыйын соңунда беш пункттан турган чечим кабыл алынып, журналды чыгаруу зарылчылыгы белгиленген. Журнал «Жаңы маданият жолунда» аталып, аны ай сайын үч басма табак көлөмүндө жарыялоо туурасында бир чечимге келишкен.

«Жаңы маданият жолунда» журналынын жооптуу редакторлугуна К. Тыныстанов дайындалып, редакциялык коллегия Т. Жолдошев, Б. Ысакеевдерден куралган.
Кыргыз Обком ВКП (б) бюросунун 1937-жылдын 7-май күнкү жыйынында «Мамлекеттик терминологиялык комиссияны» уюштуруу маселеси каралган. «Мамлекттик терминологиялык комиссияны» түзүү зарылчылыгы туурасында А. Жумабаев билдирүү жасап, буга чейин көрүлгөн камылга туурасында маалымат берген. Кыргыз тилиндеги тармактык терминдерди иштеп чыгыш үчүн атайын топтор уюшулуп, коомдук-экономикалык терминдерди иштеп чыгуу К. Рахматулинге, адабий тил маселеси К. Тыныстановго, медициналык, физико-математикалык, химиялык жана астрономиялык терминдерди талдоо И. Арабаевге, географиялык терминдер менен иштөө Ж. Шүкүровго жүктөлгөн.

Лондон шаарындагы Королдук театр 1663-жылдын 7-май күнү ачылган.
Падыша Федор Алексеевич өлгөндөн кийин 1682-жылдын 7-май күнү такка Алексей Михайловичтин Наталья Нарышкинадан туулган уулу Петр I отурган. Бирок бир тууганы Софьянын көкүтүүсү менен стрелецтер козголоң чыгарышып, «биринчи» падышалыкка Иван V келген. Петр «экинчи» падыша атыгып, ал эми Софья алардын регенти болуп жар салынган.

Петр I 1717-жылдын 7-май күнү Парижге келген. Падыша үчүн Луврдагы королдук бөлмө бөлүнгөн. Падышага королдук ашыкча жасалга жакпай, жөнөкөй үйдө жашай тургандыгын билдирген. Петр I атайын үй камдалып, падыша бөлмөнү жактырып, бирок керемет керебетти өтө эле кооз деп эсептеп, арабадагы жортуул төшөктү алдыртып ага жаткан экен.

Москва университети 1755-жылдын 7-майынан тарта «Московские ведомости» газетасын чыгара баштаган.

Англичандарга каршы башында Понтиак турган оттавалык индеецтер көтөрүлүш чыгарышып, Детройтту камоого алышкан. Курчоо беш айга уланып, акыры индеецтер артка чегинишип, Понтиакты болсо чыккынчы уруулашы өлтүрүп тынган. Понтиактын эрдиги тарыхта ордун таап, анын ысмы автомобиль маркасына берилген.

Людвиг ван Бетховендин чыгармачыл чыйырынын туу чокусу эсептелген Тогузунчу симфония 1763-жылдын 7-май күнү Вена шаарында аткарылган. Тогузунчу симфония Пруссиянын королу Фридрих Вильгельм III арналып, угаармандар аны жылуу кабыл алган. Анкен менен оркестрге дирижерлук жасаган композитор музыканы да, угармандардын алкышын да уккан эмес. Людвиг ван Бетховендин ал убакта кулагы керең болуп укбай калган. Ошондуктан ал ыраазы болгон угармандарды жүзүнө жана кыймылына карап туйган экен.

Советтер Союзунун Жогорку Кеңеши 1940-жылдын 7-май күнү Кызыл Армия үчүн генералдык жана адмиралдык чиндерди кабыл алган.

Эймс шаарында орун алган генерал Эйзенхауэрдин штаб-квартирасына келген германдык делегация 1945жылдын 7-май күнү токтоосуз капитуляция актысына кол койгон. Бирок И. В. Сталиндин талабына ылайык бир күн өткөн соң фашисттик Германия Советтик аскерлер тарабынан бошотулган Берлин шаарында токтоосуз жана толук капитуляция актысына экинчи ирет кол коюга аргасыз болушкан.

Советтер Союзунда 1960-жылдын 7-майында жети сааттык жумушчу күнүн киргизүү туурасында мыйзам кабыл алынган.

Владимир Путин 2000-жылдын 7-май күнү ант берип, расмий түрдө Россия Федерациясынын президенти болуп атанган.

Владимир Путин 2004-жылдын 7-майында Россиянын президенти катары экинчи ирет ант берген.

Луи I Бурбон Конде 1530-жылдын 7-май күнү жарык дүйнөгө келген. Ал Гиздерге каршы 1560-жылкы Амбуаз кутумун жетектеп, анын натыйжасында Францияда католиктер менен протестанттар бири-бирин кескилеп өлтүрүп башташкан. Диний согуш маалында ал гугеноттордун армиясын жетектеп, 1569-жылкы Жарнак алдындагы салгылашта колго түшүрүлүп өлтүрүлгөн.

Айтылуу англис философу, тарыхчы, экономист жана публицист Дэвид Юм 1711-жылдын 7-майында туулган.

Атактуу немец композитору Иоганнес Брамс 1833-жылы, таанымал композитор Петр Ильич Чайковский 1840-жылдын 7-май күнү жарык дүйнөгө келишкен.

Айтылуу фольклорист, этнограф Дмитрий Николаевич Садовников 1847-жылдын 7-майында туулган. Дмитрий Николаевич илимий жактан кынтыксыз иштелип чыккан «Орус калкынын табышмактары» аттуу жыйнакты түзгөн.

Немец ойлоп тапкычы жана согуштан кийинки Германияда азыркы радиоэлектрондук өндүрүштү курган Макс Грюндиг 1908-жылдын 7-майында жарык дүйнөгө келген.

Америкалык ойлоп тапкыч, «Полароид» компаниясынын негиздөөчүсү жана «Полароид» фотокамерасын чыгарган Эдвин Лэнд 1909-жылдын 7-майында туулган.
XS
SM
MD
LG