Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:35

14-май: Тарых барактары


Орус императору 1883-жылдын 14-майында кыргыздын айтылуу тарыхый инсаны Шабдан Баатырга Аскер старшинасынын чини менен кошо алтын чынжырга тагылган алтын саат жана 1-даражадагы ардактуу чепкен менен сыйлаган. Айтылуу англис социал-утописти Роберт Оуэн 1771-жылдын 14-май күнү жарык дүйнөгө келген.

Энесайлык кыргыздардын саясий жана аскердик таасири XVII кылымдын орто чениндеги Еренак өкүмдарлык кылган мезгилде туу чокусуна жеткен. Сибирдеги орус бийлиги кыргыздар менен сүйлөшүү жүргүзүш максатында И. Петров жана А. Поспеловду элчиликке жөнөткөн. Алар менен кыргыз бектери жолугушуп, тийиштүү маселелерди таалкуулашып, орус элчилери 1683-жылдын 14-майында кайра кайтканда, кыргыз беги Кашканын уулу Кубага алар менен кошо Томск шаарына келген. Кыргыз жетекчилиги ага Москва шаарына Еренактын катын жеткирүү тапшырмасын жүктөгөн. Кат Еренактын атынан монгол тилинде жазылып, анда кыргыздардын эркин калк экендиги белгиленип, орус бийлииги менен кызматташууга даяр тургандыгы айтылат.

Токмок шаарынын кашындагы орус кыштактарынын орун алышына генерал Черняев зор салым кошкон. Генералдын буйругуна ылайык 1864-жылдын бул күндөрү мындагы кокондуктардын чебинин чалдыбарына жакын жерге орус кыштагы түптөлө баштаган. Орус стратегдеринин боолгосуна ылайык, Токмок шаары Олуя-Ата менен Верный ортосундагы байланышты камсыздоо максатында жана кокондуктардын мында кайрадан күч алышын ооздуктоо үчүн курулган.

Орус императору 1883-жылдын 14-майында кыргыздын айтылуу тарыхый инсаны Шабдан Баатырга Аскер старшинасынын чини менен кошо алтын чынжырга тагылган алтын саат жана 1-даражадагы ардактуу чепкен менен сыйлаган.

Фрунзе шаардык суу түтүктөрүн куруш үчүн 1927-жылдын бул күнү өткөрүлгөн ачык соода атаандаштык кырдаалда жүргөн. Борбор шаарды суу менен камсыздоо курулушуна Кыргыз мамлекеттик курулушу менен шаардык түзөтүү мекемеси арыз талаптарын беришкен. Шаардык түзөтүү мекемеси суу түтүктөрүнүн курулушун абактагы адамдардын күчү менен арзан жана ылдам сала тургандыгын билдирген. Кыргыз мамлекеттик курулуш ишканасы болсо борбор шаарды суу менен камсыздоо курулушуна жүздөгөн адамдар тартылып, жаңы жумушчу орундары ачылып жумушсуздардын саны азаят деп ишендирген. Акыры, курулуш иши Кыргыз мамлекеттик курулушка тапшырылып, эгер ишкана жумушчуларды эмгек биржасынан ала турган болсо, ага 154 145 рубль бөлүнө тургандыгы билдирилген. Бирок Шаардык кеңеште каражат табылбагандыгына байланыштуу суу түтүктөрүнүн курулушу белгисиз мөөнөткө калтырылган.

Англис хирургу Эдвард Дженнер 1796-жылдын 14-майында сегиз жашар Джеймс Фиппсти чечекке каршы эмдеген. Буга чейин катуу ооруп жаткан бала эмдөөдөн кийин өзүн жакшы сезип, оорунун таасири кеткен.

Айтылуу окумуштуу Чарльз Дарвин 1849-жылдын 14-майында «Түрлөрдүн жаралышы» аттуу эмгегин жазууга киришкен.

Америкага жер которгон англис Роберт Чезбро 1878-жылдын 14-май күнү вазелинди ойлоп тапкан. Адистик даярдыгы химик Роберт Чезбро адегенде нефть иштетүүдөн пайда болгон парафин түстүү нерсеге көңүл бурган. Нефть өндүрүүчүлөр да ага парафин түстүү нерсе жараны айыктыра тургандыгын айтышкан. Роберт Чезбро ага керектүү компоненттерди кошуп дары жасап, аны нефть желеси деп атаган. Анткен менен тез күйүүчү нефть аталышы кардарлардын санын арттырган эмес. Роберт Чезбро көпкө ойлонбостон дарыны вазелин деп атаган. Вазелин аталышы немец тилинен «вассер»-суу жана грекче «елайон»-оливк майы деген сөздөрдөн куралган.

Англис парламентинде 1924-жылдын 14-май күнү айдоочулар үчүн права алыш үчүн экзамен тапшырууну киргизүү туурасында талкуу башталган.

Бен-Гурион 1948-жылдын 14-май күнү Израилдин эгемендигин жарыялаган. Акыркы англис аскерлери Палестинадан чыгарылышы Бен-Гурион жетектеген Еврей Улуттук кеңешине эркин мамлекет курууга жол ачкан. Израилдин эгемендигинин эртеси күнү жаңы мамлекетке каршы Египет, Трансиордания, Сирия, Ливан жана Ирак согуш жарыялаган.

Айтылуу Варшава келишими 1955-жылдын 14-май күнү уюшулган. Варшава келишимине Европадагы социалисттик мамлекеттер баш кошушкан.

Айтылуу англис социал-утописти Роберт Оуэн 1771-жылдын 14-май күнү жарык дүйнөгө келген. Роберт Оуэн Шотландиядагы менчик жип ийрүү фабрикасында коммунисттик идеяны жүзөгө ашырууга аракет жасаган.

Шахмат боюнча дүйнөнүн биринчи чемпиону Вильгельм Стейниц 1836-жылдын 14-майында туулган.
XS
SM
MD
LG