Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:40

13-17-июлда Германиянын Брауншвейг шаарчасында “Эстутумдар таймашы” аттуу эл аралык илимий-усулдук жыйын өттү. Ага Борбор Азиядан, Кавказдан, Молдовадан жана Орусиядан өкүлдөр, ошондой эле жыйынга сүрөөнчүлүк кылган Германиянын Георг Эккерт институтунун илимий кызматкерлери катышып, соңку окуу китептердеги өксүктөр жана көйгөйлөр тууралуу талкуулашты.

Ала-Тоодон келген илимпоз, бир катар окуу китептеринин автору, Кыргыз улуттук университетинин профессору Токторбек Өмүрбеков да бул жыйынга катышып, Кыргызстанда пост-советтик дооордо жарыяланган окуу китептер жана окуу китеп даярдоодогу алдыга коюлган жаңы талап-милдеттер тууралуу баяндама жасады. Илимпоз Германиядагы илимий жыйын тууралуу “Азаттыктын” Прагадагы баш кеңсесине келген учурда кеп салып берди.

-Урматтуу Токторбек мырза, Брауншвейгдеги илимий-усулдук жыйынга кайсы өлкөлөрдөн өкүлдөр катышты, алар эмне жөнүндө талкуулашты. Бул жыйындын башкы жыйынтыгы эмнеде болду?

- Бул жыйынга Өзбекстандан, Казакстандан, Кыргызстандан, Тажикстандан, Түркмөнстандан, Азербайжан, Армения, Грузиядан, Молдавиядан, Германиянын өзүнөн жана Россиядан окумуштуулар катышты. Бул конференциянын эң башкы жыйынтыгы - алдыда жазыла турган окуу китептеринин негизги багыттары, негизги чече турган максат- милдеттери жөнүндө кеңешүүлөр жүргүзүлдү. Эң башкысы ар башка өлкөлөрдүн окумуштууларынын ортосунда окуу китептерин жазуу боюнча жалпы багыттар, жалпы ойлор, жалпы көз караштар калыптанды.

- Бул жыйындын аты “Эс тутумдар таймашы” деп аталыптыр да, чынында өтө кызыктуу аталышта экен. Бирок деги бул жыйын өзү зарыл беле?

- Абдан зарыл экендигине мен ушул илимий жыйындан соң абдан ынандым. Анткени биз мына көз каранды эместикке жетишкен 18 жылдын ичинде ар бир өз алдынча мамлекетте окуу китептери жазылбадыбы, мына ошол окуу китептерин биз, ар бир республиканын окуу китептерин жазган авторлор маселе кандайдыр бир деңгээлде туура чечилген сыяктуу ойдо жүрчүбүз. Ал эми маселенин түпкүрүнө тереңдеп кирген кезде, ошол окуу китептеринде жазылган маалыматтар, корутунду тыянактар, анын негизги мазмуну жөнүндө маселелер талкууланган кезде жаңы милдеттер, жаңы көз караштар өзүнөн-өзү калкып чыкты. Мына ушул өңүттөн алып караганда бул жолку жыйын абдан зарыл, бышып жетилген жыйын болгондугуна менин көзүм жетти.

- Жыйынды уюштуруучулардын бири Бахадыр Сыдыков деген теги өзбекстандык, азыр немис жергесинде жашап жаткан окумуштуу бул жыйын маалында тарыхты бурмалаган, фактыдан четтеп, аны уламышка айландырган аракеттер улам күчөп жатканын, мындай бурмалоолор айрым өлкөлөрдүн окуу китептерине да көчүп кеткенин айтып берди. Бул тууралуу арбын сөз болгон экен, ошол багытта бир аз токтоло кетсеңиз?

Токторбек Өмүрбеков жана Тынчтыкбек Чоротегин
- Ушул өңүттө абдан көп ойлор айтылды. Өсүп келе жаткан жаш муундарга арналган окуу китептеринде кандайдыр бир деңгээлде тарыхты уламышка айландырган учурлар байкала баштаптыр. Бүл өзгөчө Кавказ өлкөлөрүндө Азербайжанда, Грузия, Армениянын окуу китептери жөнүндө сөз болгондо ушундай ойлор айтылды. А, түгүл биздин Казакстандын окуу китептеринде дагы, Өзбекстандын окуу китептеринде дагы кээ бир бурмалоолорго жол берилип жатыптыр.

- Бир мисал айта кетсеңиз?

- Мисал үчүн, Азербайжандын окуу китептерин жазганда анын авторлору Азербайжандын тарыхый булактарында жолукпаган кандайдыр бир жасалмалуу факторлорго таянып Азербайжандын тарыхын өтө байыркы тарых кылганга аракет кылып, же болбосо Азербайжандын тарыхый географиясын дагы өтө өзгөчөлөнтүп, башкачаланытып бергенге, тарыхый карталарды дагы азыркы саясий кырдаалга ылайыктап, байыркы доордогу Азербайжандын чек араларын кеңейтип, төрт тарапка чойгон учурлар бар экен. Ушул сыяктуу эле көз караштар Казакстандын, Өзбектандын тарыхында да бар экен. Муну немец окумуштуулары эмес, же россиялык окумуштуулар эмес, ошол эле Кавказдан келген жана биз аттарын айткан республикалардан келген окумуштуулар өздөрү айтып, өздөрү сынга алышты.

- Маселен, мен бир аз баарлашып калдым эле. Бахадыр Сыдыков мындай дейт: “Өзбек тарых окуу китептеринде Аксак Темир аталган Темирланды сөзсүз эле өзбектин ата-бабасы катары көрсөтүп атышат, чынында андай эмес ал жалпы эле борборазиялык түрктөшүп кеткен моңгол урууларынын өкүлү катары жана башка теги жагынан түздөн-түз өзбекке тиешеси жок жалпы түрк элдерине тиешеси бар элдердин өкүлү катары каралышы керек”, - деп ал өзү айтып өттү да. Ал эми Тажикстан боюнча да ушундай талкуу болду окшойт э?

- Тажикстанда дагы эле эки-үч варианттагы окуу китептери пайда болгон экен. Ошолордун бир вариантынын авторлору Касымшо анан Рахматулло Абдуллоев деген эки окумуштуу келиптир, ушул кишилер бөлөк варианттагы берилген материалдарды абдан сындашты. Ал жерде дагы тажиктердин тарыхын Орто Азия элдеринин тарыхындагы өтө байыркы тарых катарында көрсөткөнгө, жалпы Орто Азия элдерине тиешелүү улуу инсандарды же болбосо рухий байлыктарды жалаң тажиктерге тиешелүү кылган учурлар көп экендигин өздөрү моюнга алып, өздөрү айтып атышат. Бахадыр Сыдыков айткан факты дагы чындыгында ошол жерде айтылды. Амир Темир эле эмес андан башка дагы жалпы Орто Азия элдерине тиешелүү көптөгөн улуу инсандарды жалаң гана өзбек элинин улуу инсандары катары көрсөткөнгө, өзбек элинин улуттук сыймыгы катары көрсөткөнгө жасалган аракеттер көп экен окуу китептеринде.

- Мындай бурмалоо коркунучу азыркы тапта кыргыз тарыхнамасы үчүн да пайда болду десек натуура эмеспи?

- Албетте абдан туура ойду айтып атсыз. Акыркы жылдары өзгөчө бир-эки жылдан бери ушул биздин Кыргызтанда дагы аттуу-баштуу эле аксакалдар, өздөрү профессионалдык тарыхчы катары билими жок экенине карабастан кандайдыр бир кыйыр фактыларга таянып, кыргыз элинин тарыхын өтө эле тереңдетүүгө, байыркы тарыхка айландырууга аракеттерди жасап жатышат. 6000 жыл мурунку тарыхыбыз бар, же 5000 жыл мурунку тарыхыбыз бар деген жасалмалуу аракеттерди жасап, тарыхты бурмалап, тарыхты бир мифке айландырганга жасаган аракеттер бизде да байкалууда. Ал эми биздин бир жакшы жагыбыз бөлөк республикалардан айырмаланып, биздин азыркы Кыргызстандын орто мектептеринде колдонулуп жаткан окуу китептери бул мифтерден, тарыхты мифологизациялоо аракетинен алыс тургандыгы ошол жерде дагы бөлөк өлкөлөрдөн келген окумуштуулар тарабынан баса белгиленди. Кандайдыр бир деңгээлде атайын азыркы күндө колдонулган окуу китептери реалдуу тарыхты чагылдырган, бурмалоолордон алыс турган, мифтерден алыс турган тарых экендигин ынансак болот.

-Урматтуу Токторбек Өмүрбеков мырза, сиз өзүңүз бир катар окуу китептерин да даярдап келдиңиз, мындан ары дагы ушундай китептерди даярдоого белсенип жатасыз. Анан ушундай китептерди даярдап жаткандар, таразага алган окумуштуулар Германиянын Брауншвейг шаарында жакшы жыйын өткөргөн экен. Бул жыйын ушуну менен эле бүтүп калабы же анын болочокто дагы кандайдыр бир илинчеги, андан ары ишибизди улантып, илимий таразабызды андан ары дагы ырааттуу жүргүзөбүз деген дагы бир алардын, сиздердин пландар барбы?

- Албетте бул бир топ жылга эсептелген программа экен. Тагыраак айтканда, төрт жылга, тиешелүү уюмдар тарабынан. Албетте бул долбоордун демилгечиси жана ишке ашыруучусу Брауншвейг шаарында жайгашкан Георг Эккерт атындагы институт болуп эсептелет. Бул институттун башкы максаты - эл аралык масштабда мектептерде окутула турган окуу китептерин изилдөө экен. Ошол окуу китептериндеги жетишкен ийгиликтерди эл аралык деңгээлде даңазалоо, кемчиликтерин жоюу, жаңы талаптарга ылайык кандайдыр бир деңгээлде дүйнөлүк масштабда бири-бирине шайкеш келген, бири-бирине духу жакын окуу китептерин жаратууга жардам берүү аракетин жасаган аракет болот экен.

Эми азыркы учурда бул долбоордун башкы максаты, окуу китептеринде тигил же бул өлкөнүн, тигил же бул элдин ортосундагы өткөн тарыхтагы конфликттерге басым жасабай, тескерисинче элдердин ортосундагы ынтымакка багыт алуу идеаларын бере турган долбоор деп айтсак болот. Мына буга чейин мен айткан өлкөлөрдүн окуу китептеринде өзгөчө Армениянын, Азербайжандын, Грузиянын окуу китептеринде ошол эл ичинде ички таарынычты окуу китептеринде өтө көп бергендиктен балдардын арасында бир улутчулдук сезимдер күчөп кеткен учурлар көп экен. Ошондуктан ушундай көрүнүштөргө жол бербегенге аракет жазаш үчүн жасалып аткан долбоор деп айтсак болот. Жаштардын эмоционалдык сезимдерине көп басым жасабай, чыр-чатакка басым жасабай, элдердин ортосундагы жылуу мамилени калыптандырууга жасалган аракет экен. Ушул долбоорду ишке ашырууга Эккерт институту даап, Германиядагы агартуу өңүтүндөгү чоң уюм, Европа Бирикмеси жана башка тиешелүү финасылык уюмдар колдоо көрсөтүп, төрт жылга жете турган каражатты бөлүп аткан сыяктанат.

- Урматтуу Токторбек мырза, маегиңизге рахмат. Мындан ары сиздин илимий-усулдук ишиңизге дагы албан ийгиликтерди каалайбыз.
XS
SM
MD
LG