Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:49

Кыргыз элчилери Качыбек Шералин жана Жакыпбек Ниязбековдор 1814-жылдын 5-январында Семипалатинск чебине келишкен. СССР Элдик комиссарлар кеңеши 1943-жылдын 5-январында «СССР илимдер Академиясынын Кыргыз филиалын уюштуруу» туурасында Токтом кабыл алган.

Россия империясы Индия жана Кытай мамлекеттери менен байланыш куруу үчүн соода жолун издей баштаган. Бул максатта Чыгыш Түркстанга көпөс Миркубан Ниязов тейлеген атайын экспедиция камдалып, XIX кылымдын башталышында экспедиция Кыргызстанга келген.

Экспедиция курамына кирген губерниялык тилмеч-катчы Андрей Бубеновго жолдо кездешкен калктын этнографиясын иликтөө иши тапшырылган. Кыргыз бийлери Шералы жана Ниязбектер А. Л. Бубенов аркылуу империя менен байланыш курууну көздөп, Качыбек Шералин жана Жакыпбек Ниязбекововду орус бийлигине элчиликке жөнөтүшкөн.

Кыргыз элчилери 1814-жылдын ноябрь айында Ысык-Көлдөн чыгышып, 1814-жылдын 5-январында Семипалатинск чебине келишкен. “Кыргыз элчилери Кытай, Кашгар, Тибет, Жаркент, Кашмир багытындагы соода жолун жана андан кезе турган кербендерди коргоп берүүгө көшөкөрлөнө ынандырууга аракет жасашты” деп жазылат орус хроникаларында.

Омск областынын начальниги С. Б. Броневский 1824-жылы кыргыздын бугу уруусуна кезектеги элчилигин жиберген. Орус элчилигине буга чейин кыргыздар тоногон орус кербенинин чыгымын өндүрүү милдети жүктөлгөн.

Орус элчилигине жооп иретинде бугу уруусунун бийлери Акымбек Олжобаев, Алгазы Шералин, Алымбек Жапалаков жана уруу башчылары Мамбет Үмөтов, Шербек Исанов, Токтогул Асанбаев жана Бекбай Айтназаровдор Сибирдеги орус администрациясы менен сүйлөшүүгө келишкен.

Акымбек Олжобаев - арык тукумунан, Алгазы Шералин - белектен, Алымбек Жапалаков - желдең уруусунун атынан сүйлөшүү жүргүзүүгө ыйгарым укук алышкан. Кыргыз элчилиги адегенде Семипалатинскиде кабыл алынып, 1825-жылдын 5-январында алар Омск шаарына келген.

Кыргыз тарыхы жана адабият, фольклоруна олуттуу салым кошкон илимпоз Василий Васильевич (Фридрих Вилгелм) Радлов 1837-жылдын 5-январь күнү жарык дүйнөгө келген. Берлин университетинде чыгыш илимдери боюнча мыкты билим алган В.В.Радлов 1958-жылы мекени Германияны таштап, биротоло Россияга келген.

Болочок академик кийин Барнаулга жер которуп, Алтай аймагына археологиялык жана этнографиялык экспедицияларды уюштура баштайт. Алтай жана Саян аймагынан ал теңдешкис лингвистикалык материал топтоп, «Түрк калктар адабиятынын элдик адабияты» аталган үч томдук фундаменталдык эмгегин жарыялаган. Академик В. В. Радлов Кыргызстанга келген маалында «Манас» эпосун жазып алып, 1885-жылы анын текстин кыргызча жана немис тилдеринде жарыялаган.

VI Пишпек жана Пржевальск уезддик-шаар партиялык III конференциялары 1923-жылдын 5-январында ишин баштаган.

СССР Элдик комиссарлар кеңеши 1943-жылдын 5-январында «СССР илимдер Академиясынын Кыргыз филиалын уюштуруу» туурасында Токтом кабыл алган. Кыргыз филиалында биология, геология, химия, тил, адабият жана тарых институттары иштеп, анда СССР Илимдер академиясынын академиги К. И. Скрябин баштаган 12 илим доктору, 22 илим кандидаты эмгектенген.

Кыргыз бийлигине оппозициядагы депутат А. Бекназаров 2002-жылдын 5-январында камакка алынган. Жогорку Кеңеш депутатына 1995-жылкы Токтогул райондук прокуратурасында иштеген маалында тергөөгө байланыштуу “кызмат абалынан кыянат пайдаланган” деген күнөө коюлган.

Илимпоздор үчүн арналган биринчи гезит 1665-жылдын 5-январында Париж шаарында жарык көргөн.

Козголоңчу Емельян Пугачёв 1775-жылдын 5-январында Москва шаарында жазага тартылган.

Жорж Байрон 1821-жылдын 5-январында Валтер Скотт жөнүндө күндөлүгүнө «Мыкты адам! Мен аны менен тойгончо ичким келет» деп жазган экен.

Александр Дюма-атасы 1825-жылдын 5-январында биринчи жолу дуэлге чыгып, дуэл маалында анын ыштаны шыпырылган экен.

Париждеги айтылуу улуттук «Гранд-опера» театры 1875-жылдын 5-январында ачылган. РСФСР Элдик Комиссарлар кеңешинин Декретине ылайык 1918-жылдын 5-январынан тарта Совет өлкөсүндө жаңы орфография колдонууга киргизилген.

ВКП (б) Борбордук Комитети 1930-жылдын 5-январь күнү «Колхоздошуунун ыкчамдыгы жана мамлекеттин колхоз курулушуна жардамы» аттуу Токтом кабыл алган.

Болгария, Венгрия, Польша, Румыния, СССР жана Чехословакия мамлекеттери 1949-жылдын 5-январында экономикалык кызматташуу жыйынына чогулушуп, анын жыйынтыгында айтылуу СЭВ уюму курулган.

Ленинграддагы Кунсткамера имаратында орун алган М.В.Ломоносовдун Мемориалдык музейи 1949-жылдын 5-январында ачылган.

Британиянын премьер-министри Уинстон Черчилл 1953-жылдын 5-январында Америка Кошмо Штаттарынын болочок президенти Дуайт Эйзенхауэр менен жолуккан.

Бул күнү, 1896-жылы немис физиги Рентген биринчи рентгендик сыноо өткөрүп, 1937-жылы Советтер Союзунда калк саноо жүрүп, 1855-жылы америкалык ойлоп тапкыч, сакал алгычты чыгарган Кинг Жилет, 1876-жылы немис саясатчысы Конрад Аденауэр жарык дүйнөгө келген.

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дуайт Эйзенхауэр 1957-жылдын 5-январында «Эйзенхауэр доктринасын» кабыл алган. «Эйзенхауэр доктринасы» Советтер Союзунун Жакынкы Чыгыштагы таасирин чектөө максатында бул аймактагы өлкөлөрдүн саясий эгемендүүлүгүн коргоого багытталган.

Убагында Совет жетекчилигине түйшүк жараткан Александр Дубчек 1968-жылдын 5-январында Чехословакия Коммунисттик партиясынын биринчи катчылыгына шайланган.

Француз президенти Валерии Жискар Д'эстен 1976-жылдын 5-январында Франциядагы жарнактар үчүн француз тили гана колдонула турган мыйзам кабыл алган.
XS
SM
MD
LG