Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:31

Энесайлык кыргыз өкүмдары Эренак 1680-жылдын 8-февралында орус аскерлери менен акыры жолу беттешүүгө барган. Буга чейин Р. Старков, И. Гречанин баштаган орус аскерлери красноярскилик воеводанын жоокерлери менен биригишкен. Балким Эренак да мыкты куралданган орус аскерлерин жеңе албастыгына көзү жетсе керек.

Адегенде Эренак орус лагерине адамдарын жиберип, согушту токтотуу сунушу менен кайрылган. Бирок сүйлөшүү жыйынтыксыз аяктап, каршылашкан тараптар мамилени согуш талаасында аныктоону туура көрүшкөн. Акыры каршылашкан тараптар беттешкен маалда Эренак менен анын иниси Мунзе араздашууну токтотууну жана орус амирине кире тургандыгын билдирип, кишилерин орус аскер жетекчилигине жиберген. Орус аскерин баштаган И. Гречанин ачык жооп айтпай, создуктурганына байланыштуу каршылашкан тараптар ар кимиси өз ордосуна кайтышкан.

Энесайлык кыргыз улуктары 1657-жылдын 8-февраль күнү Красноярск воеводасы М. Скрябинге Тенирко Серковду маанилүү кабар менен жиберишкен. Кыргыз улуктары монгол алтынхандарынын өкүмдары Ложан Красноярскиден 4 күндүк аралыкта жайгашкандыгын жана анын ою бузук экендигин билдиришкен. Алардын кабарлоосуна караганда Ложан баштаган алтынхандар Красноярскиге кол салууга кам көрүп башташкан. Кыргыздар болсо монголдордун адам саны арбындыгынан улам, аларга каршы күрөшүү батынбай тургандыгын эскертишкен.

Пишпек почта-телеграф бөлүмү 1926-жылдын 8-февралында почта жана телеграф кызматында иштей турган адистерди даярдоочу курс ачкан. Адистик курска комсомол мүчөсү жана жергиликтүү калктын өкүлү болуш керек деген гана талап коюлган.

Кыргызстан, айрыкча борбор шаар орун алган жер жогорку сейсмикалык аймакка киргендиктен мында көп кабаттуу үйлөр курулбай келген. Борбор шаардагы биринчи көп кабаттуу үйдүн курулушу 1974-жылдын 8-февралында бүткөн. 12 кабаттуу турак үй Мира проспектиси менен Айни көчөсүнүн кесилишине салынып, анын подвал жана биринчи кабатында ашкана, «Балдар дүйнөсү» аталган дүкөн, майда эмерек оңдоочу жайлар орун алган.

Монгол-татарлар 1238-жылдын 8-февралында Суздалды ээлешкен.

Ватикандагы инквизиция соту 1600-жылдын 8-февралында Жордано Брунону өлүм жазасына тартуу туурасында өкүм чыгарган.

Петр I жардыгына ылайык 1724-жылдын 8-февралында Петербург илимдер академиясы курулган. Илим борбору 1803-жылы Императордук Илим Академиясы болуп, 1836-жылы Императордук Санкт-Петербург Илим Академиясы аталып, 1917-1925-жж. Орусия Илимдер Академиясы, андан кийин СССР Илимдер Академиясы, азыр болсо Орусия Илимдер Академиясы болуп өзгөртүлүп келген. Орусияда 1999-жылдан бери 8-февраль Илим күнү катары белгиленип келет.

Екатерина I 1726-жылдын 8-февраль күнкү жардыгына ылайык Орусиянын жогорку мыйзам чыгаруучу органы эсептелген Жогорку жашыруун кеңеш курулган.

Грузиядагы эски окуу жайларынын бири – Тбилиси мамлекеттик университети 1918-жылдын 8-февралында негизделген.

Санкт-Петербург университети 1819-жылдын 8-февралында түптөлгөн.

Венециялык чебер уста Антон де Россиге Санкт-Петербург шаарынын курулуш моделин жасоо туурасында буйрук 1826-жылдын 8-февраль күнү чыгарылган. Көп өтпөй уста 1:240 масштаб менен түндүктөгү борбордун моделин жасаган. Замандаштар венециялык чебердин өнөрүнө ыраазы болушуп, ар бир үйдүн фасады эле эмес, короосу да өзгөчө ыкма менен жасалгандыгын белгилешкен.

Айтылуу акын А.С.Пушкин 1837-жылдын 8-февраль күнү Дантес менен эрөөлгө чыккан. Эрөөл Санкт-Петербургга жакын жайгашкан Чёрная речка жергесинде өткөн. А.С.Пушкин эрөөлдөн оор жаракат алып, дүйнөдөн өткөн.

Жапония 1904-жылдын 8-февралында Порт-Артурдагы орус флотуна кол салган. Ошентип 1905-жылдын 27-июлуна чейин созулган орус-жапон согушу башталган.

И.В.Сталин дүйнөдөн кайткандан кийин советтик жогорку бийлик эшолонунда олуттуу өзгөрүүлөр жүргөн. Георгий Маленков СССР Министрлер советинин төрагалыгынан алынып, анын ордуна маршал Николай Булганин дайындалган. Н. Булганиндин ордуна Коргоо министри болуп Георгий Жуков келген.

СССР президенти М.С.Горбачевдун 1991-жылдын 8-февраль күнкү жардыгына ылайык Бүткүл союздук мамлекеттик телерадио компаниясы (ВГТРК) уюшулган.

Орусиянын Жогорку Кеңеш Президиумунун 1993-жылдын 8-февралдагы жардыгына ылайык 23-февраль Мекенди коргоо күнү катары белгиленген.
XS
SM
MD
LG