Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:51

19-февраль: Тарых барактары


Советтер Союзу 1986-жылдын 19-февралында «Мир» орбиталдык станциясын космоско чыгарган.
Советтер Союзу 1986-жылдын 19-февралында «Мир» орбиталдык станциясын космоско чыгарган.

Орусия императору Александр II 1876-жылдын 19-февралында Кокон хандыгынын жоюлушу жана анын ордуна Фергана областынын уюшулушу туурасында жардык жарыялаган.

Падышалык жардыкта Түркстан чөлкөмүнүн түштүк-чыгыш чегарасындагы бейпилдикти камсыз кылуу максатында Фергана облусун негиздөө зарылчылыгы белгиленет. Фергана облусу административдик жактан Түркстан генерал-губернатордугуна, аскер бийлиги боюнча Түркстан аскер округуна баш ийген. Фергана облусунун жетекчисине аймакты басып алуудагы эмгеги эске алынып, генерал М.Д.Скобелев дайындалган.

Кыргызстандын калкты тамак-аш менен камсыздоо кошууну 1926-жылдын 19-февралында үй кызматчыларын кошуунга кабыл алуу туурасында чечим чыгарган.

Кыргыз ВКП (б) обкому менен көзөмөлдөө комитетинин IV бириккен пленуму 1933-жылдын 19-февралында ишин аяктаган. Пленумда жазгы айдоо компаниясы жана түшүмдүүлүктү арттыруу, мал чарбасын өнүктүрүү менен туруктуу тоют базасын куруу сыяктуу маселелер каралган.

Шериктеш мамлекеттердин окумуштуулары 2005-жылдын 19-февралында Бишкек шаарына чогулушуп, илим багытындагы интеграция маселеси тегерегинде пикир алмашышкан.

Илим жыйынына Кыргызстан, Азербайжан, Беларус, Латвия жана Орусиянын Илим академияларынын жана Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин илимпоздору катышып, окумуштуулар постсоветтик мейкиндиктеги билим берүү тармагын өркүндөтүү жана окуу программасын эларалык стандарттарга шайкеш кабыл алуу маселелерин талкуулашкан.

2005-жылдын 19-февралында Бишкекте өткөн Шериктеш мамлекеттердин окумуштуулар жыйынында президент Аскар Акаев “Кыргызстанда түстүү ыңкылап болбойт жана аны самагандардын тилеги ишке ашпайт” деп билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, Кыргызстанда демократиянын пайдубалы бекем орноп, калктын «лимон революциясы», «саргылт ыңкылап» сыяктуу вирустарга иммунитети иштелип чыккан.

Нарын облус Кеңеши 2005-жылдын 19-февралында облус аймагында митинг жана демонстацияларга мораторий жарыялоо туурасында токтом кабыл алган. Токтомдо коомдук жайларда боз үй, чатыр тигүүгө тыюу салынып, аны көзөмөлдөө иши жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тапшырылыш маселери каралган.

Кыргыз жазма адабиятын калыптанышына зор салым кошкон көрүнүктүү коомдук ишмери Бөрү Кененсарин 1964-жылдын 19-февралында дүйнө менен кош айтышкан. Б. Кененсарин 1896-жылы жарык дүйнөгө келип, анын киндик каны Сокулуктун Саз айлына тамган.

Кичинесинен китеп окуп, билим дүйнөсүнө аралашкан Бөрү Кененсарин Совет мезгилинин башталгыч убагында «Кошчу» союзунда иштеп, кийин Касым Тыныстанов менен бирге «Алиппе» комитетинде эмгектенген. Убагында ал «Кызыл Кыргызстан» гезитинин редактору, Кыргыз ТАГда редоктордук кызматтарын аркалаган.

Екатерина II 1793-жылдын 19-февралында Франциядан чыгарылган чыгармалар менен журналдарды Орусияга ташып киргизүүгө тыюу салган жардык кабыл алган.

Орусия империясынын тагына отурган Александр II 1855-жылдын 19-февралында крестьяндарды крепостнойлук күңкордуктан куткарган Жогорку Манифест кабыл алган. . Император Манифестке кол койгон каздын канатынан жасалган калем сап, тарыхый реликвия катары 1917-жылга чейин Москва тарых музейинде сакталып турган.

Императордун жардыгына жараша Орусия державасында 20 миллион крестьян помещиктердин эзүүсүнөн бошотулуп эркиндик алган. Мындан улам калк Александр II «Куткаруучу» деп атаган.

Александр II өмүрүнүн акыркы жылдары Орусиянын саясий жана экономикалык турмушун кескин өзгөртө турган реформаларды каадаган, бирок революционер-террористтер императорду андан эрте өлтүрүп коюшкан.

Орусия менен Осмон империясы ортосунда жетишилген Сан-Стефан тынчтык келишимине 1878-жылдын 19-февралында кол коюлган.

Америкалык ойлоп тапкыч Томас Эдисон 1878-жылдын 19-февралында дүйнөдө биринчи болуп үн жаздыргыч фонографты патенттеген.

Орус-жапон согушунун башталышы катары кабыл алынган Мукден салгылашы 1905-жылдын 19-февралында өткөн.

Бүткүл Союздук Аткаруу комитетинин «Жерди социализациялоо туурасындагы» Негизги мыйзам 1918-жылдын 19-февралында жарыяланган.

«Труд» гезитинин биринчи саны 1921-жылдын 19-февраль күнү жарык көргөн.

Советтер Союзунун Жогорку Кеңешинин 1952-жылдын 19-февраль күнкү чечимине ылайык Кырым облусу РСФСРдын курамынан чыгарылып, Украин Советтик Социалисттик Республикасына берилген.

Советтер Союзу 1986-жылдын 19-февралында «Мир» орбиталдык станциясын космоско чыгарган.
XS
SM
MD
LG