Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:59

27-март: Тарых барактары


Георгий Данелиянын «Мимино» тасмасы 1978-жылдын 27-март күнү советтик экранга чыккан.
Георгий Данелиянын «Мимино» тасмасы 1978-жылдын 27-март күнү советтик экранга чыккан.

Кыргыз мамлекетинин айтылуу өкүмдары эльтебер Шибоцюй Ачжан 648-жылдын бул күндөрү Кытай империясынын борборуна элчиликке барган. Кытай маалыматтарына караганда, Шибоцюй Ачжан Тан династиясынын борборуна Чжэн-гуан башкаруусунун 22-жыл, 2-айында, тактап айтканда 648-жылдын 29-февралынан 28-март аралыгында келген.

Кыргыз өкүмдары кытай императору менен жолугушуп, эки тараптуу мамилени арттыруу, саясий алака туурасында сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Тарыхта такталгандай, Кыргыз мамлекетинин башкаруу бийлик системасы Тан династиясынын башкаруу аппаратынын үлгүсүндө уюшулган. Балким Шибоцюй Ачжандын Кытай империясына жасаган сапары маалында эки тараптуу кызматташууга ылайык кыргыз жаштары Кытайдан окуп, алар кыргыз өз өлкөсүнүн башкаруу бийлик аппаратын Кытай империясыныкындай уюштурса керек.

Кара-Кыргыз Автоном облустук кеңештин I Уюштуруу курултайы 1925-жылдын 27-март күнү ишин баштаган. Курултайга облус аймагынан 135 делегат чакырылып, алардын 81 кыргыз, 29 орус, калгандары башка калктардын өкүлдөрү болушкан.

Облустук кеңештин уюштуруу курултайында «Кара-Кыргыз автоном облусунун жобосу» талкууга алынып, делегаттар Автономиялык уюмдашуунун башкаруу бийлик түзүлүшүнө өзгөртүү киргизүү үчүн пикир алмашышкан.

Облустук жобону, тактап айтканда, Конституцияны иштеп чыгуу үчүн курамында Айдарбеков, Абдрахманов, Каменский, Султанаев жана Кизин турган атайын комиссия уюшулган. Атайын уюшулган комиссияга, Кара-Кыргыз автоном облусу деген аталыштан «Кара» сөзүн алып, расмий түрдө өлкөнүн Кыргыз автоном облусу деп жазылсын деген чечим чыгарылган.

Кыргызстан илим адамдарынын Биринчи республикалык конференциясы 1933-жылдын 27-март күнү өткөн. Кыргызстандык окумуштуулар «пролетариаттын сүйүктүү жол башчысы жана Советтер Союзунун биринчи илим адамы Сталинге» жалындуу салам жолдоп, тап душмандарына каршы ырайымсыз күрөш жарыялай тургандыгын билдиришкен.

Кыргыз обком партиясынын кезектеги IX пленуму 1937-жылдын 27-март күнү ишин аяктаган. Кыргызстандык коммунисттер ВКП (б) Борбордук комитетинин февраль-март пленум чечимдерин талкуулашкан. Пленумда обком партиянын жаңы биринчи катчысы К. М. Аммосов сөз сүйлөп, улуттук кадрларга көңүл бурулуп, колдоо көрсөтүлүш зарылчылыгын белгилеген. Пленум чечимине ылайык Орозбеков менен Эсенаманов обком партиянын бюро мүчөлүгүнө кайра алынган.

Чуулгандуу 2005-жылкы шайлоодон кийин куралган Жогорку Кеңеш 27-март күнү экинчи жыйынына чогулган. Жыйынга Жогорку Кеңеште жаңы парламентке шайланган 69 депутаттын 53 депутаты катышып, биринчи жыйынга келбеген депутаттар мамлекеттик ант беришкен.

Жаңы шайланган парламенттин экинчи жыйынына №1 Университет шайлоо округунан депутаттыкка шайланган Бермет Акаева, №8 Түндүк округунан шайланган Жыргалбек Сурабалдиев, №57 Кемин шайлоо округунан депутаттыкка шайланган Айдар Акаев жана башка ондон ашуун депутаттар катышкан эмес.

Бүгүн искусство күйөрмандары Эл аралык театр күнү белгилешет. Театр күнүн өткөрүү чечими Эл аралык театр институтунун 1961-жылкы IX конгрессинде кабыл алынган. Майрамдык саамалыкка «калктар арасындагы ынтымак-ырашкерчиликти арттырып, бүткүл дүйнөнүн чыгармачыл адамдары ортосундагы кызматташууну жаратат» деген ишеним артылган.

Изги саамалык Кыргызстанда да колдоо таап, өлкөнүн искусство күйөрмандары ар жылы Эл аралык театр күнүн өткөрүп келишет. Анын негизги себеби театр күнү бул жалаң эле сцена чеберлеринин эмес, ал миллиондогон көрөрмандардын майрамы.

Америка Кошмо Штаттарынын Аскердик-деңиз флоту 1794-жылдын 27-мартында курулган.

Англия менен Франция 1854-жылдын 27-март күнү Орусияга каршы согуш жарыялашкан. Ошентип Кырым үчүн согуш операциясы башталган.

Америка Кошмо Штаттарында 1855-жылдын 27-мартында керосинге патент алынган.

Л. П. Бериянын кылмышкерлерди актаган «айтылуу 1953-жылкы амнистиясы» 27-март күнү ишке ашырылган. Коммунисттик партиянын Борбордук Комитет Президиуму Л. П. Берия сунуш кылган советтик түрмөдөгү абактагылардын жарымын бошотуу туурасындагы токтом долбоорун кабыл алган. Ошентип миңдеген кылмышкерлер бул күнү жаза өтөгөн түрмөлөрдөн бошонууга мүмкүнчүлүк алышкан. «Бериянын амнистиясы» кылмыш жазасын эске албай жасалгандыктан миңдеген жанкечтилер эркиндик алып, алар коомдук тартипке жана адамдардын бейпил турмушуна эбегейсиз терс таасир тийгизген.

Советтик өкмөт төрагасы Н.А.Булганин 1958-жылдын 27-мартында кызматтан кетирилип, анын ордун КПСС БКнын биринчи катчысы Н. С Хрущёв ээлеген. Ошентип бир адамдын колуна «эки тизгин, бир чылбыр» тийген.

Вена шаарында өткөн хоккей оюну боюнча дүйнө чемпиондугу үчүн ат салышта СССРдин командасы 1967-жылдын 27-март күнү канадалыктарды 2:1 эсеби менен жеңген. Анатолий Фирсов менен Вячеслав Полупанов киргизген шайбалар канадалыктардын жеңишке болгон арзуусуна чекит койгон жана бул оюн эки өлкөнүн андан кийинки эпопеялык хоккей таймашына жол ачкан.

Георгий Данелиянын «Мимино» тасмасы 1978-жылдын 27-март күнү советтик экранга чыккан.

Испан изилдөөчүсү Хуан Понсе де Леон 1512-жылдын 27-мартында Флориданы ачкан.

Императрица Екатерина II 1793-жылдын 27-мартында Оң жээк Украинанын Орусиянын курамына алынышы туурасында манифест чыгарган.

Англия менен Франция Орусияга согуш жарыялоосунун натыйжасында 1854-жылдын 27-мартында Кырым согушу башталган.

В. И. Ленин баш болгон 31 большевик 1917-жылдын 27-март күнү «пломбаланган» вагон менен Цюрих шаарынан чыгып, революциялык ниет менен Орусияга багыт алышкан.

Генерал Деникиндин аскерлери 1920-жылдын 27-март күнү Кырымга чегинген.

Украина Элдик Комиссарлар кеңеши 1943-жылдын 27-мартында Тарас Шевченконун адабий музейин түзүү туурасында токтом кабыл алган.

«Стелс» технологиясы менен курулган америкалык F-117 учагын 1999-жылдын 27-март күнү югославиялык абадан коргонуу күчтөрү атып түшүргөн.
XS
SM
MD
LG