Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:49

29-март: Тарых барактары


Британиянын мурдагы премьер-министри Маргарет Тэтчер
Британиянын мурдагы премьер-министри Маргарет Тэтчер

Уйгур каганатын талкалаган кыргыздар Чыгыш Түркстандагы Анси, Бэйтин өкүлчүлүктөрүнө чабуул коюптур деген кабар 843-жылдын бул күндөрү Кытай империясынын борборунда айтыла баштаган.

Кытай жазма булагында маалымдалгандай кыргыздар 840-жылы Уйгур мамлекетине чабуул коюп, ири жеңишке жетишкен. Уйгур борборун басып алган кыргыздар өлкө борборун Монголиянын батыш аймагына которуп, алардын бир бөлүгү Чыгыш Түркстан аймагына карай чапкын уюштуруп, азыркы Кыргызстанга ыктай орун ала башташкан.

Совет бийлигинин башталгыч мезгилинде жеке менчик ишканалар мамлекеттештириле баштаган. Кыргызстан аймагында кулач жайган менчикти улутташтыруу кыймылы 1918-жылдын 29-мартында Пишпек шаарындагы жеке менчик типографияга да жеткен.

Типография мамлекет менчигине алынгандан кийин мында өкмөттүк жардыктар жана калк үчүн керектүү китептер басыла баштаган. Мындан тышкары шаарда орун алган маданият үйлөрү мамлекет эсебине алынып, клуб, китепкана, кино-театр жана кызыл бурчтар ачылган.

Кыргызстандык инженерлер менен техниктер 1929-жылдын 29-март күнү I кесиптик курултайга чогулушкан. Күн тартибине Кыргызстан айыл чарбасына керектүү адистерди камдоо маселеси коюлуп, аны ишке ашыруу жагдайы белгиленген.

Фрунзе шаарындагы биринчи музыкалык кесиптик окуу жайы 1940-жылдын бул күнү окуучулар үчүн эшигин ачкан. Окуу жайга айтылуу кыргыз музыканты Муратаалы Күрөңкеевдин ысмы ыйгарылып, анда ар түрдүү музыкалык аспаптар боюнча бөлүмдөр ачылып, музыкага дилгир жаштар өнөрүн өркүндөтүүгө киришишкен.

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Бишкек менен Москва убактысы ортосундагы айырма 1992-жылдын 29-март күнү бир саатка жеткирилген. Ошол эле убакта Бишкек менен Алмата шаарларынын ортосундагы убакыт айырмасы 2 саатты түзгөн. Анын себеби аталган эки шаарда убакыт жебеси бир саатка жылдырылып, ал эми Кыргызстанда эски убакыт сакталып калган.

Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны 2005-жылдын 29-март күнү расмий түрдө ишин токтоткондугун жарыялаган. Ошентип өлкөдөгү бийлик баш аламандыгы аз да болсо ирээтке салына баштаган.

Швед лютерандары 1638-жылдын 29-мартында Делавэрдеги европалыктардын биринчи конушун түптөшкөн.

Немис композитору Людвиг ван Бетховен 1795-жылдын 29-март күнү биринчи жолу Венада концерт берген.

Француз бийлиги 1798-жылдын 29-мартында Гелветик республикасынын курулгандыгын жар салган.

Германиядагы революциялык бурулуш окуя күч алып, 1848-жылдын 29-мартында Берлин шаарында либералдык өкмөт курулган.

Император Александр III 1891-жылдын 29-мартында дүйнөдөгү эң узун Транс Сибир темир жолун куру туурасындагы долбоорго кол койгон.

Жазуучулар кошууну, советтик композиторлор союзу жана «Правда» гезитинин редакциясы тарабынан 1935-жылы жарыяланган мыкты ыр үчүн сынактын жыйынтыгы «Правда» гезитинин 1936-жылдын 29-март күнү санына басылган. Сынак жыйынтыгына жараша биринчи сыйлык эч кимге ыйгарылган эмес.

Коргонуу Элдик комиссариатынын 1940-жылдын 29-март күнкү буйругу менен ВВС командалык-штурмандык курамы үчүн Аскер академиясы уюшулган (1968-жылы Ю. А. Гагарин атындагы Аскер-аба академиясы).

Кенигсбергдин түштүк-чыгыш тарабындагы Чыгыш Пруссияда курчоого алынган немистик аскерлерди 3-Беларус фронту 1945-жылдын 29-мартында толук талкалаган.

Француз колонизаторуна каршы Мадагаскардагы малагасилердин көтөрүлүшү 1947-жылдын 29-март күнү башталган. Анткен менен даярдыксыз жасалган козголоң чукул арада басылган.

Британиянын премьер-министри Маргарет Тэтчер 1987-жылдын 29-мартында Москвага төрт күндүк сапар менен келген.
XS
SM
MD
LG