Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:56

8-апрель: Тарых барактары


«Современник» театры 1957-жылдын 8-апрелинде ачылган.
«Современник» театры 1957-жылдын 8-апрелинде ачылган.

Кыргызстанда Совет бийлиги орногондон кийин ийгиликтүү жүзөгө ашырылган тармактын бири - маданий реформа эсептелинет. Кыргызстанда адегенде колдонулган араб алфавити жаңы илим жана билим талаптарына жооп бербестигин коомдук өнүгүү нугу ашкерелеген. Мындан улам өлкөдө араб тамгасынан латын графикасына өтүү маселеси кабыргасынан коюлган.

Латын алфавитин адегенде жактагандардын бири - Касым Тыныстанов болгон. Касым Тыныстановдун «Баку калаасында боло турган тюркология съезди жана анын кадыры» деген макаласы "Эркин Тоо" гезитинин 1926-жылкы 8-апрелдеги санында жарыяланган. Макалада латын алфавитинин долбоору жана мааниси көрсөтүлүп, аны кабыл алуу зарылчылыгы белгиленген.

Улуу Ата Мекендик согушка байланыштуу токтотулган футболдук оюндар 1945-жылдын 8-апрелинде кайра жанданган. Фрунзе шаарында шаарлар аралык оюн 8-апрелде өтүп, ВЦСПСтин 1944-жылкы чемпиону «Торпедо» командасы фрунзелик чек арачылар командасын 9:0 эсеби менен утуп алган.

Фрунзе полиграфиялык комбинаты 1966-жылдын 8-апрелинде ишке киришкен. Жаңы комбинат убагында Орто Азиядагы эң кубаттуу ишканалардын бири эсептелинген.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки өлкө башына түшкөн оор сыноо маң заттар менен күрөшүү стратегиясын аныктоого байланышкан. Кыргыз Республикасынын президенти Аскар Акаев 1993-жылдын 8-апрелинде «Маң заттарды көзөмөлдөө боюнча Мамлекеттик комиссияны уюштуруу» туурасында жардыкка кол койгон. Жардыкта маң заттарды чектөөнүн жолу, кызыкдар мекемелер арасындагы байланышты күчөтүү сыяктуу маселелер каралган. Мамлекет башчысынын жардыгы менен жаңы уюшулган комиссияны такшалган офицер Б. М. Рыскулов жетектеген.

Кыргыздар менен казак калктарынын ортосундагы мамиле илгертеден туугандык жана коңшулук карым-катнашка ылайык өнүгүп келгени маалым. Эки өлкө эгемендикке жеткенден кийин да мындай алака сакталып, Кыргызстан менен Казакстан ортосунда ич ара ишенимдүү мамиле орногон. Анткен менен айрым жетишилген келишимдер азыркы эл аралык саясий дипломатиялык нормалардан четтеген жактары да байкалбай койгон эмес. Кыргыз Республикасынын президенти Аскар Акаевдин 1997-жылдын 8-апрелде Казакстанга жасаган расмий сапары маалында Кыргызстан менен Казакстан өлкөлөрү ортосунда Түбөлүк достук жана аскердик кызматташуу Келишимине кол коюлган.

Кыргызстандык кинорежиссер Актан Абдыкалыковдун «Беш Терек» аттуу тасмасы убагында визуалдык антропологдордун кызыгуусун жараткан. Нукура кыргыз дүйнөсүн чагылдырган тасма 2002-жылы Москва шаарында өткөн визуалдык антропологдордун «Башка дүйнө менен диалог»» аттуу Биринчи эларалык фестивалы үчүн тандалып алынган. «Беш Терек» тасмасы эл аралык фестивалдын жыйынтыктоочу күнү 8-апрелде көрсөтүлүп, дүйнөгө аты таанылган антропологдор кыргыз жашоосу туурасында пикир алмашышкан.

8-апрель Тайцзи жана цигун машыгуусунун эл аралык күнү.

Князь Андрей Боголюбский 1158-жылдын 8-апрелинде Владимирдеги Успенский собор түптөгөн.

Мамлюк султаны Бейбарс 1271-жылдын 8-апрелинде Крак чебин басып алган.

Перу 1548-жылдын 8-апрелинде Испаниянын аймагы катары таанылган.

Петр I жардыгына ылайык 1722-жылдын 8-апрелинен тарта Петербургда аба ырайына дайыма байкоо жүргүзүлө баштаган.

Екатерина II 1783-жылдын 8-апрелинде Кырымдын Орусиянын курамына алынышы туурасында Манифест кабыл алган. Документти даярдаган Потемкинге ыйык Таврический князы деген титул ыйгарылган.

Советтер Союзунда 1918-жылдын 8-апрелинде Орусиянын үч түстүү туусунун ордуна кызыл желек кабыл алынган.

Кызыл Армияга 1918-жылдын 8-апрелинен тарта аскер комиссарлар институту киргизилген. Аскер комиссарлары жоокер командирлерге бекитилип, алар аскердеги коммунисттик тарбияны көзөмөлдөшкөн. Троцкийдин армияга киргизген жаңылыгын Ленин өзү колдоп, ал жаңыдан түптөлгөн Кызыл Армия үчүн абалдан чыгуунун бирден-бир жолу болгон. Ал убакта кызылдарда армия жетектемек түгүл, оңдоп буйрук бере турган командирлер болгон эмес. Ошондуктан Кызыл Армияга мурдагы падышалык Орусиянын офицерлери кабыл алынып, большевиктер аларга ишенишбеген. Ошондуктан комиссарлар аскер командирлерин көзөмөлгө алып, алардын жолун коммунисттик идеологияга ылайык түздөп турушкан.

Украина 1919-жылдын 8-апрель күнү Советтик Социалисттик Республика (УССР) деген макам алган.

Бүткүл Союздук Борбордук Аткаруу комитетинин 1920-жылдын 8-апрель күнкү Декретине ылайык «Ардактуу революциялык курал» сыйлыгы киргизилген.

«Советское фото» аттуу журнал 1926-жылдын 8-апрелинде негизделген.

Советтер Союзу 1935-жылдын 8-апрелинде жашы 12ден ашкан кылмышкерлерге өлүм жазасын киргизген.

Улуттар Лигасынын акыркы жыйыны 1946-жылдын 8-апрелинде Женева шаарында өткөн.

Москва шаарындагы «Современник» театры 1957-жылдын 8-апрелинде ачылган. Театрдын ачылыш салтанатынын урматына В. Розовдун «Түбөлүк тирүүлөр» аттуу спектакли коюлган.

Л. И. Брежнев 1966-жылдын 8-апрелинде КПСС Борбордук Комитетинин Башкы катчысы болуп дайындалган.

М. С. Горбачёвдун Тольяттиге сапары маалында биринчи жолу 1986-жылдын 8-апрель күнү «перестройка» деген терминди колдонгон.
XS
SM
MD
LG