Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:35

24-апрель: Тарых барактары


Кытай өзү жасаган биринчи Жердин жасалма спутнигин 1970-жылдын 24-апрелинде учурган.
Кытай өзү жасаган биринчи Жердин жасалма спутнигин 1970-жылдын 24-апрелинде учурган.

Башында Абдылдабек турган козголоңчулар тобу падышалык бийликтин Орто Азиядагы саясаты үчүн белгилүү даражада коркунуч жаратканы маалым. Кырдаал көзөмөлдөн чыгып баратканын туйган генерал М. Д. Скобелев козголоңду басыш үчүн 1876-жылдын 24-апрелинде аскер баштап Гүлчөгө жөнөгөн.

Улуу Ата Мекендик согуштун кайнап турган маалында 1943-жылдын бул күнү Фрунзе шаарынын кинохроника студиясына И. В. Сталинден телеграмма келген. Кызыл Армиянын Башкы командачысы И. В. Сталин кинорежиссер Марианну Варейкисти «куралдуу күчтөргө комкордук көрсөтүү максатында» Коргоо фондуна көлөмдүү акча которгондугу үчүн ыраазычылыгын билдирген.

СССР Министрлер Кеңеши 1952-жылы «Кыргыз ССРинин мал чарбасын өнүктүрүү» туурасындагы Токтомду кабыл алган. Андан кийинки «Кыргыз ССРинин айыл чарбасына жардам көрсөтүү» деп аталган Токтомго ылайык, республикада сарай, кашарлар курулуп, жер иштетүү үчүн 13 МТС уюшулган жана колхоз чарбалары техникалар менен жабдыла баштаган.

Москва шаарында 1997-жылдын бул күнү Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан президенттери: Борис Ельцин, Нурсултан Назарбаев, Аскар Акаев, Эмомали Рахмон жана Кытай Элдик Республикасынын төрагасы Цзян Цзэмин Шериктештик өлкөлөрү менен Кытай чек арасындагы куралдуу күчтөрдү кыскартуу келишимине кол коюшкан. Келишимде беш өлкөнүн бири-бирине кол салбоо кепилдиги каралган.

Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны 2003-жылдын 24-апрелинде «Мунапыс тууралуу» мыйзам кабыл алган. Мыйзам Кыргыз Конституциясынын 10 жылдыгына жана Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналып, ага ылайык 786 адам түрмөдөн бошотулуп, 15 миң адамдын жаза мөөнөтү азайтылган.

24-апрель Жаштар биримдигинин эл аралык күнү катары белгилинет. Майрам жаштар проблемасына мамлекеттик органдар менен коомчулук жана маалымдоо каражаттарынын көңүлүн бурууга багытталган.

24-апрель Астрономдордун эл аралык күнү.

Байыркы вавилондуктар 24-апрелди жаңы жыл майрамы катары тосушкан.

Уламыштык маалыматтарга караганда б.з.ч. 1184-жылдын 24-апрель күнү грек аскерлери «Троян аргымагынын» жардамы менен Троя шаарына киришкен.

Америка Кошмо Штаттарындагы «Бостон Ньюс Леттер» аталыштагы биринчи мезгилдүү басылма гезит 1704-жылдын бул күнү жарык көргөн.

Жеткинчектердин сүймөнчүк жазуучусу жана «Робинзон Крузо» чыгармасынын автору Даниэл Дефо 1731-жылдын 24-апрелинде жарык дүйнөгө келген.

Француз армиясынын капитаны Клод Жозеф Роже 1792-жылдын 24-апрелинде “Марсельеза” ырын чыгарган. Кийин ал чыгарма Франциянын мамлекеттик Гимни катары кабыл алынган.

Америка-мексикалык согуш 1846-жылдын 24-апрелинде башталган.

Американын Кубаны бошотулушу туурасындагы талабын тоотпогон Испания мамлекети 1898-жылдын 24-апрелинде Кошмо Штаттарга согуш жарыялаган.

Америка Кошмо Штаттарынын Конгресси 1800-жылдын 24-апрелинде Вашингтон шаарындагы Конгресстин Китепканасын уюштуруу туурасында мыйзам кабыл алган.

Америка Кошмо Штаттарында газдалган сууга патент 1833-жылдын 24-апрелинде алынган.

Түркестан генерал-губернатордугу 1867-жылдын 24-апрелинде уюушулуп, анын жетекчилигине генерал К. П. Кауфман дайындалган.

Намибия 1884-жылдын 24-апрелинде немистик колония деп жарыяланган.

Айтылуу немис аскер теоретиги Хельмут Карл Бернхард Мольтке 1891-жылдын 24-апрелинде жарык дүйнө менен кош айтышкан.

Испания 1898-жылдын 24-апрелинде Америка Кошмо Штаттарын согуш жарыялаган.

Англиянын колониялык үстөмдүгүнө крашы ирландыктардын көтөрүлүшү 1916-жылдын 24-апрелинде башталган.

Торонтодогу искусство галереясы 1919-жылдын 24-апрелинде уюшулган.

Советтик-германдык достук жана нейтралитеттик туурасындагы келишимге 1926-жылдын 24-апрелинде кол коюлган.

Григорий Александровдун «Волга-Волга» комедиясы 1938-жылдын 24-апрель күнү экранга чыгарылган.

Трансиордания мамлекети 1950-жылдын 24-апрелинде Хашимиттик Иордания королдугу болуп түзүлгөн.

Британия королевасы Елизавета II 1953-жылдын 24-апрелинде Уинстон Черчиллге рыцардык наам ыйгарган.

Кытай Элдик Республикасы өзү жасаган биринчи Жердин жасалма спутнигин 1970-жылдын 24-апрелинде учурган.
XS
SM
MD
LG