Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:46

3-май: Тарых барактары


«Пепси-кола» компаниясы 1902-жылдын 3-май күнү негизделген.
«Пепси-кола» компаниясы 1902-жылдын 3-май күнү негизделген.

Орусия империясынын Кыргызстанда таасирин орнотуу мындагы ички коомдук абал менен тышкы саясий кырдаалга байланыштуу жүргөн. Генерал Г. А. Колпаковский Чүй өрөөнүндөгү Кокон хандыгынын бийлигин жоюу максатында 1862-жылы солто уруусуна келген. Генерал Г. А. Колпаковский менен Ак Суу жергесинде солто манабы Жангарач жолугушуп, мындагы кыргыздардын орус бийлигине ыраазы экендигин жана достук маанай сактала тургандыгын билдирген.

Генерал Г. А. Колпаковскийдин чакан отряды Ак-Суу жана андан кийин Меркедеги кокондуктардын чебин ээлеп алган соң, 3-майда Пишпекке келишкен. Мында алар жергиликтүү шартка байкоо салышып, кокондуктар менен аткылашып тим болушкан.

Проценко баштаган орус отряды 1863-жылдын бул күнү Кастектен чыгып, Боом капчыгайына бет алган. Проценко жетектеген орус аскерлерине Жумгал өрөөнүндө орун алган Кокон хандыгынын чебине чабуул коюу милдети жүктөлгөн. Орус аскерлери Ысык-Көл аркылуу Кызарт ашуусуна келип, мындан алар Жумгал өрөөнүнө түшкөн. Жумгал чебин кокондук 50 сарбаз кайтарып, алар Проценконун аскерине каршылык көсөтө алышкан эмес. Орус аскерлери чепти басып алгандан кийин коргонуу жай талкаланып, мында Кокон хандыгынын бийлиги жоюлган.

Пишпектин калкы 1917-жылдын бул күнү орус падышалык бийлигинин тактан кулагандыгын уккан. Архив материалдарына караганда, падышалык бийликтин талкалангандыгы туурасындагы кабар телеграф аркылуу Пишпек кызматына түшкөн.

Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин кеңешмеси 1990-жылдын 3-май күнү өтүп, анда коомдук тартип маселеси талкууланган. Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин төрагасы жана Компартия лидери А. Масалиев баяндама жасап, шаардыктар демократия менен баш аламандыкты алмаштырып алгандыгына басым жасаган.

«Алга» футболдук командасынын «Спартак» стадионундагы акыркы беттешүүсүндө күйөрмандардын кагылышы жана «Кыргызэлектродвигатель» заводундагы мас жумушчулардын мушташы партия жетекчисинин нааразычылыгын жараткан.

ЮНЕСКО жана Бириккен Улуттар уюму тарабынан колдоого алынган Эркин басылманын бүткүл дүйнөлүк күнүнө байланыштуу кыргызстандык редакторлор менен журналисттер 2002-жылдын 3-майында майрамга шайкеш «Бишкек декларациясына» кол коюшкан. Документте Кыргызстанда эркин басылмалардын саны көбөйүп, демократиялык принциптер сакталды дегени менен алар толук эркин абалга жете электиги белгиленген.

Бүгүн Эркин басылмалардын бүткүл дүйнөлүк күнү катары белгиленет. Эркин басылма күнүн белгилөө саамалыгы ЮНЕСКО жана Бириккен Улуттар уюму тарабынан көтөрүлүп, аны дүйнөлүк эркин басылмалар кызуу колдоо менен кабыл алган.

Князь Владимир Мономах 1101-жылдын 3-май күнү Смоленск шаарын түптөгөн.

Христофор Колумб 1494-жылдын 3-май күнү Ямайканы ачкан.

Жаңы Зеландия 1841-жылдын 3-май күнү Британия колониясы деп жарыяланган.

Америка Кошмо Штаттарында «Пепси-кола» компаниясы 1902-жылдын 3-май күнү негизделген.

Америкалык ойлоп тапкыч Жорж Паркер 1904-жылыдн 3-май күнү биринчи жазгыч калемди патенттеген.

Осман империясы 1906-жылдын 3-май күнү Синай жарым аралынан баш тартып, анын Египеттин аймагы экендигин тааныган.

Маргарет Митчеллдин «Шамалга алынган» романы 1937-жылдын 3-май күнү Пулитцер премиясына арзыган.

Парламент, император жана калк тарабынан жактырылган Жапониянын жаңы Конституциясы 1947-жылдын 3-май күнү кабыл алынган. Жаңы Конституцияда императордун бийлиги чектелип, эл аралык мамилелерди чечүүдө аскер күчтөрүнүн колдонулбашы белгиленген.

Монголия атактуу Чыңгыз хандын туулган күнүн 2003-жылдын 3-майында белгилеген.
XS
SM
MD
LG