Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:41

28-май: Тарых барактары


Пишпек Элдик депутаттар кеңешинин аткаруу комитети 1919-жылдын 28-майында Беловодск козголоңунда курман болгон контрыңкылапчылардын үй-бүлө мүчөлөрүн куугунтуктоону тыюу салган чечим чыгарган. Кеңешчилердин чечиминде контрреволюционерлер үчүн алардын балдары жана аялдары жооп бербеш керектиги көрсөтүлгөн.

Элдик депутаттар козголоңчулардын саясий системага ылайык, Совет бийлигине каршы чыккандыгын баса белгилешкен. Эгер козголоңчулардын аялдары кандайдыр бир контрреволюциячыл кыймылга катышпаса, анда алардын үй-бүлөсүнө социалдык жардам көрсөтүү маселеси көтөрүлгөн.

Пржевальск уездинин оперативдүү-саясий коргоо штабынын 1919-жылдын 28-май күнкү билдирүүсүнө караганда, Пржевальск шаары козголоңчу акгвардиячылардын камоосунда калган. Акгвардиячылар шаарды басып алуу үчүн болгон аракет жасап, туш тараптан чабуул коюп баштаган. Жергиликтүү бийлик абалды оңдоо максатында борбордон кызыл аскерлерди жардамга чакырган.

Кыргызстан мугалимдеринин 1925-жылдын май айында өткөн кезектеги жыйынан кийин, билим коомчулугу бул күндөрү Касым Тыныстанов сунуш кылган жаңы кыргыз алфавити тегерегинде кызуу талкууга киришкен. Касым Тыныстановдун көз карашына караганда, жаңы шартта эски араб ариби кыргыз тилинин тыбыштык жана техникалык өзгөчөлүктөрүн толук чагылдыра албай калган.

Окумуштуу кыргыз тилинин келечек өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн латын алфавитин кабыл алуу мезгил талабына жооп бере тургандыгын далилдөөгө аракет жасаган. Касым Тыныстанов, ал үчүн билим адамдарына латын алфавити кандай жеңилдиктерди алып келе тургандыгын түшүндүрүүгө аракет жасаган. Мындан тышкары ал кыргыз калкы жаңы тамганы үйрөнүп, өздөштүрүп кете алабы деген сыяктуу суроолорду да койгон.

Фрунзе шаардык жумушчу, дыйкан жана кызыл аскерлердин кеңеши 1929-жылдын бул күндөрү Жумушчулар шаарчасында орун алган башаламандыкка каршы чечкиндүү чара көрүүгө киришкен. Шаардык кеңештин чечимине ылайык Жумушчулар шаарчасынын көчөлөрү ирээтке келтирилип, үйлөрдүн номурлары белгиленип, арыктагы сууга кир жууганга тыюу салынган.

Фрунзе шаардык кылмыш иликтөө кызматы 1929-жылдын 28-май күнү М. Барская аттуу кылмышкерди кармагандыгын билдирген. Укук сакчыларынын билдирүүсүнө караганда, М. Барская Краснорядской, азыркы Куйбушев көчөсүндө орун алган үйүндө бир канча жыл аралыгында социалисттик моралга туура келбеген ахлаксыз иштерди жасап келген.

Грек философу, астроном жана математик Фалес Милетскийдин жазганына караганда, б.з.ч. 585-жылдын 28-майындагы күн тутулуудан Лидия менен Мидия мамлекеттери ортосундагы 6 жылдык согуш соңуна чыккан. Лидия падышасы Алиат менен Мидия өкүмдары Киаксар күндүн тутулушун жараткандын амири катары кабыл алышып, Галис дарыясынын боюнда тынчтык келишимге келишкен.

Лондон шаарында 1742-жылдын 28-май күнү биринчи жабык бассейн иштей баштаган.

Орусия менен Кытай мамлекеттеринин Ыраакы Чыгыштагы чек ара маселесине арналган Айгун келишимине 1858-жылдын 28-май күнү кол коюлган. Айгун келишимине ылайык Амур облусу Орусияга кошулуп, Уссурийск аймагы жалпы колдонууга калган.

Дүйнөлүк пролетарийлердин эркиндик сезимине бүлүк салган Париж коммунасы 1871-жылдын 28-май күнү өкмөттүк аскерлер тарабынан талкаланган. Кан төгүлгөн кагылышта 25 миң коммуначылар каза таап, 40 миң чамалуу революционерлер түрмөгө салынып, калганы Жаңы Каледония менен Алжирге сүргүнгө айдалган.

В. И. Ленин 1918-жылдын 28-май күнү чек ара кызматын куруу туурасындагы Декретке кол койгон.

Үч күнгө уланган РКП (б)нын X Бүткүл орусиялык конференциясы 1921-жылдын 28-майында соңуна чыккан. Конференция бүтүмүнө ылайык, Совет өлкөсү «Жаңы экономикалык саясат» (НЭП) багытына түшкөн.

Советтер Союзундагы биринчи беш жылдык план Москва шаарында 1929-жылдын 28-май күнү өткөн СССР Кеңешинин V съездинде кабыл алынган.

Палестина боштондук уюму 1964-жылдын 28-май күнү уюшулган.

ФРГнын жараны Матиас Руст башкарган «Сессна-173П» учагы 1987-жылы Кызыл Аянтка конгон. Совет мамлекетинин тирегине доо кетирген 19 жаштагы учкуч 4 жылга эркинен ажыратылып, бир канча советтик жооптуу аскер жетекчилери ээлеген кызматынан алынган.

Орусия менен Украина өлкөлөрү 1997-жылдын 28-май күнү Киев шаарында Кара деңиз флотун бөлүп алуу туурасындагы документтер пакетине кол коюшкан.

Австралиялык жазуучу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Патрик Уайт 1912-жылдын 28-майында туулган. Ал адабият дүйнөсүнө эпикалык жана психологиялык чеберчилик ыкмасын тартуулаган.
XS
SM
MD
LG