Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:38

8-июль: Тарых барактары


Ричард Никсон
Ричард Никсон

Кыргызстан аймагы Орусия империясынын курамына киргенден кийин мында жүргүзүлгөн административдик реформаларга ылайык, кыргыз жергеси Түркстан генерал-губернатордугуна караштуу Жетисуу облусуна киргизилген. Түркстан генерал-губернатордугу 1867-жылы уюшулуп, Чүй өрөөнүндө Токмок уезди түзүлгөн.

Токмок уездинин аймагы Кан Тоого жана Нарын дарыясынын тоолуу жергесине чейинки аймакты кучагына алган. Колониалдык бийлик аймактагы административдик түзүлүштү келиштирүү максатында, Жетисуу менен Сырдарыя облустарынын башкаруу системасы туурасында долбоор иштеп чыккан.

Ал үчүн аймакта жашаган калктын санын тактап, ага жараша административдик бирдикти түзүү иши каралган. Бул максатта уюшулган комиссия 1867-жылдын 11-декабрында Токмокко келип, каттоо ишин баштаган. Каттоо иши 1968-жылдын 8-июлунда соңуна чыгып, комиссия Кыргызстан аймагында 24 072 түтүндү тизмеге алган. Комиссиянын сунушуна ылайык 24 072 түтүн кыргыздар 19 болуштукка бөлүнгөн.

Кыргызстан бардык Борбордук Азия өлкөлөрү сыяктуу эле 1992-жылдын январь айында Европанын коопсуздук жана кызматташтык уюмуна кабыл алынып, 8-июлда ал уюмдун негизги талаптарын кабыл ала турган документтерге кол койгон.

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан мамлекет башчыларынын 1994-жылдын 8-июль күнү Алматы шаарында өткөн саммитинде Борборазиялык экономикалык биримдик курулган. Үчтүктөр биримдигине Кыргызстан президенти Аскар Акаев, Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев, Өзбекстан президенти Ислам Каримов кол коюшкан.

Борборазиялык экономикалык биримдиктин алкагында мамлекет башчыларынын жана өкмөт жетекчилеринин башын бириктирген Мамлекет аралык кеңеш уюшулган. Мындан тышкары Тышкы иштер жана коргоо министрликтер үчүн атайын кеңештер курулуп, алардын ишин жумушчу органы катары түзүлгөн Аткаруу комитети жүзөгө ашырары белгиленген.

Шериктеш мамлекеттер биримдигинин Аткаруу комитетинин төрагасы Владимир Рушайло 2004-жылдын 8-июлунда Бишкекке келген. Иш сапары маалында ал Кыргызстан жетекчилиги менен жолугушуп, Биримдиктин азыркы абалы, келечек өнүгүүсү жана кызматташууну арттыруу тегерегинде пикир алмашкан.

Архитектор О. Монферрандын долбоору менен иштелип чыккан Петербургдагы Исаакиевск собору 1819-жылдын 8-июлунда түптөлгөн.

Америкалык командор Мэтью Перри 1853-жылдын 8-июлунда Токио кысыгына түшүп, АКШнын атынан жылдын соңуна чейин Жапониянын АКШ менен соода мамилесин түзүүнү талап кылган.

«Уол стрит жорнал» гезитинин биринчи саны 1889-жылдын 8-июлунда жарык көргөн.

Украинанын Мамлекеттик сенаты 1918-жылдын 8-июль күнү Киев шаарында түзүлгөн.

Англиянын Чыгыш Африкадагы колониясы 1920-жылдын 8-июлунда Кения аталышын алган.

СССРдин Жогорку Кеңешинин Президиумунун 1944-жылдын 8-июль күнкү жардыгы менен «Баатыр эне» ардактуу наамы, «Энеге даңк» ордени жана «Эне медалы» кабыл алынган.

Улуу Ата мекендик согушта талкаланган СССР Илимдер академиясынын Кырым астрофизикалык обсерваториясы 1945-жылдын 8-июлунда калыбына келтирилген.

АКШ президенти Ричард Никсон 1972-жылдын 8-июлунда Советтер Союзу үч жыл ичинде Кошмо Штаттардан 750 миллион долларга буудай сатып ала тургандыгын билдирген.

КПСС Борбордук комитети 1974-жылдын 8-июлунда Байкал-Амур магистралынын (БАМ) курулуш долбоорун жактырган.

Чех Республикасы 2008-жылдын 8-июлунда Европа космос агенттигинин 18-мүчөсү болуп кабыл алынган.
XS
SM
MD
LG