Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:00

А. Сасыкбаева: Аргынбаевдин кабыргасы сынгандай


Петровка жаңжалынан улам абакта жаткан үч адамдын абалы боюнча укук коргоочу Асия Сасыкбаева “Азаттыкка” кеп салып берди.

- Сиздер кечээ Бишкектеги №1 убактылуу тергөө абагында кармалып турган Эркин Бөлөкбаев, Сапар Аргынбаев жана Уран Рыскуловду көргөнү барган экенсиздер, алар менен жолугуша алдыңыздарбы?

- Ооба, жолугуштук. Сабалды делген Сапар Аргынбаевдин денесин карап чыктык. Ал өзү көрсөтпөй жатты, бирок биз андан аябай чоң талап кылып көргөнгө аракеттендик.

- Сабалыптыр деген маалыматты тактай алдыңыздарбы?

- Денесинин баары бүт көгала, анан кабыргасы сынган окшойт, аябай шишип кетиптир. Анын адвокаты деле кыйкырып жиберди “сынган окшойт” деп. Бирок дарыгерди чакырбаптыр, өздөрү дагы эмне үчүн ушундай болду деп суроо беришпептир. Биз кайрылуу жаздык, андан мурун 21-июлда да кайрылуу жазганбыз биздин мамлекеттеги чоңдорго. Бирок алардан эч кандай жооп келген жок. Төрт күн өтүп кетти, бүгүн эмне кыларыбызды билбей эл аралык уюмдарга кайрылуу жазганга мажбур болуп атабыз.

- Сиздер менен атайын прокуратуранын өкүлү да чогуу барган экен. Ал эмне үчүн медициналык экспертизадан өткөрүүгө каршы болду?

- Ал "процедуралар бар, мыйзам боюнча мындай, тигиндей кылышыбыз керек, тергөөчүгө барышыбыз керек" деп айтып атты. Анан биз айттык, бул башка жумуш, силер бүгүнкү күнү сабалганын көрүп туруп, чара көрбойсүнөрбү деп талап кылып, кечээ кечке прокуратурада жүрдүк. Кабыргасы сынып атса жардам бергенге да эч чара көрүшкөн жок.

- Айрым укук коргоочулар бул иштин артында бийлик турат дешүүдө. Сиз буга кандай баа бересиз?

- Менин оюмча, бийлик турат. Анткени Москва районунун соту жашыруун түрдө УКМКнын абагынан №1 тергөө абагына которуп атпайбы. Аларды кайда алып кетишкенин адегенде эч ким, туугандары да билген эмес. Анан 8 киши отурган камерадан 16 кишиликке көчүрүшкөн. Кабыргасы сынгыча эч ким чара көрбөсө муну кандай түшүнсө болот?

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG