Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:44

А. Молдогазиев: Балыкчы окуясы боюнча сот бир жактуу жүрүүдө


Балыкчы окуясы боюнча сот иши
Балыкчы окуясы боюнча сот иши

Бүгүн Балыкчы окуясы боюнча сот иши уланмакчы. Адвокат Асантур Молдогазиевди бул иш боюнча материалдар шашылыш жасалган, мыйзам чегинде эмес деп эсептейт.

- Балыкчы окуясы оюнча сотто адвокаттар судья Болот Дүйшөмбиевге ишеним көрсөтпөө боюнча өтүнүч менен Ысык-Көл облустук сотуна кайрылдыңыздар эле. Бул боюнча облустук соттун чечимине кандай карайсыздар?

- Облустук соттун чечими канааттандырбаганы үчүн биз Жогорку Сотко кайрылганбыз. Жогорку Сот азырынча баш тартуу боюнча арызды карай элек.

- Эгерде Жогорку Сот карабаса анда бүгүнкү Балыкчыда боло турган сот канчалык мыйзамдуу?

- Бул жерде карама-каршылыктар пайда болуп калат. Ошон үчүн биз сунуш, өтүнүч киргизип, Жогорку Сот карамайынча токтото туруусун өтүнөбүз го.

- Ал эми камактагы он адамдын ал-акыбалы кандай, алар кайда Балыкчыдабы, же Караколдобу?

- Аларды азыр Балыкчыга алып келишти. Абалдары уламдан-улам оорлоп баратат, мына кыш да келди. Сот процесси аягына чыга элек, ошон үчүн биз азырынча так айта албайбыз. Бирок кандай болгон күндө дагы облустук соттун чечими бизди канааттандырбайт.

- Балыкчы окуясы боюнча ишти айрымдар саясий буйрутма деп жатышат. Сиз жактоочу катарын соттун жүрүшүндө эмнелерди байкадыңыз. Сот кандай жүрүп атат, бир жактуубу, же калыс жүрүп атабы?

- Бир жактуу жүрүп атат, калыс жүрсө анда биз судьядан баш тартуу боюнча арыз бербейт элек да. Соттон баш тартууну негизи судья тараптан чындыгында тактыктар жоктугунан улам бергенбиз. Судьядан баш тартуу бул жөн эле маселе эмес, процессте өтө көп кетирген кемчиликтердин негизинде болуп чыгып атат. Биз азырынча мунун баарын толук айта албайбыз сот процесси бүткөнчө.

- Ал эми сиз айыпталып жаткандардын жакындары менен жолугуп, алардын ал-акыбалын билдиңиздерби, айрымдарынын жаш балдары, айрымдарынын карыган ата-энелери бар деген маалыматтар бар.


- Ооба, жолугуп, сүйлөшүп атабыз. Ал кишилерге биз колдон келгенин айтып атабыз. Ар бирине эле оор тийип атат. Булар кайсы күнөөсү үчүн кармалып атат, ушунчалык күнөөлөгөн беренелер коюлуп атат деген суроолорго биз, адвокаттар да жооп бере албай атабыз, негизи ал айыптар мыйзамсыз коюлуп калганына байланыштуу.

- Сот жараянында айрым бир күбөөлөр өздөрүнүн көрсөтмөсүнөн баш тартышыптыр, ошол эле укук коргоо органдарынан. Ушундай учурлар кездешип атабз. Ага сот кандай реакция кылып атат?


- Негизинен иш такыр эле мыйзамга чектелбеген абалда жүрүп калган. Кээ бир материалдарда керек болсо тергөөчүлөрдүн, соттолуучулардын, адвокаттардын колдору жок, ушундай материалдар менен келген да, числолору жок, кандайдыр бир түшүнүксүз иш материалдар болуп калган, шашылыш түрдө жасалган десек болот, мыйзам чегинде эмес.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG