Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:07

Бишкекте бир адамды бычактап өлтүргөнүн мойнуна алган Тахмина Амантаева аттуу келин камакта отурган жеринен "Азаттыкка" көкүрөгүн тепчиген ыймандай сырын ачып, кандуу окуяны төкпөй-чачпай баяндап берди.

Ушул айдын башында кылмыш хроникасында "Жылан" аттуу гезиттин редактору атанган, 58 жаш курактагы Сейит Мураталиевди 27 жаштагы бир аял бычактап өлтүрүптүр деген маалымат чыкты. Туш-тараптан сураштырып, бирок мындай журналист болгонун тастыктай албадык.

Мыкаачы атанган аял ким болду экен, аны кандай жагдайлар адам өлтүрүүгө түрттү? - деген суроолорго жооп табуу үчүн биз окуянын чоо-жайын иликтөөгө кириштик. Бирок окуя болгон жерге барып, эч кимден жарытылуу маалымат алалбадык. Ошол жердеги чач тарач, дүкөндөргө кирип сураштырдык.

Бир дүкөнчү: “эч нерсе айтпайм”- деди кесе эле. “Сурак бергидей алым жок, дагы милициялар ары-бери сүйрөп, кудай сактасын анан дагы камап койгондон деле тартышпайт, кой, кой” деп колун силкип, жактырбагандай болуп койду.

Экинчи бир коңшулаш жайгашкан чачтарачка кирип баратсак, алар шаша-буша жоо келаткандай эшиктерин кулптап, сөзүмдү угуп-укпай, “билгендерден сурагыла, биз билбейбиз, ал кишини биз эмес, милициялар өздөрү жакшы билишет, ошолордон сурагыла” , - деп кагынып-силкинип, кетип калышты. Ошол эле жерде Ленин райондук күзөт мекемеси бар экен. Алар деле кепке келер түрлөрү жок.

Ички иштер кызматынан да жарытылуу жооп ала албаганыбыздан кийин Мураталиевди өлтүрдү деген келинге кирүүнү туура көрдүк.

Аңгыча Ички иштер министрлиги мыкаачы аталган келин “Жылан” деген гезиттин редактору Сейит Мураталиевди он үч жерине бычак сайып өлтүргөндүгүн расмий түрдө маалымдап жиберди. Бирок “Жылан” деген гезитти окуган киши же катталган жери табылбады.

Мыкаачы, жаналгыч атка конгон кызбы, келинби деги кандай неме? Буга чейин кылмыш кылбаган, соттолбогон, үй-бүлөлүү, эки баланын энеси кандайча минтип киши өлтүргөнгө чейин жетти?

Ушундай чиеленишкен суроолорубузга камактын түбүндө жаткан “кылмышкер” эсептелген кыз өзү гана жооп бербесе, башка жактан жооп алуу кыйын эле. Анан да тергөө тартибине тоскоолдук болот деп, тергөөчүнүн да уруксат бере коюшу кыйын.

Кантсе да ортолуктагы тоскоолуктарды кечип, киши өлтүргөн келинге жеттик. Толмочунан келген орто бойлуу, сулууча келген келин милициялардын жетегинде келип, маңдайыбызга отурду. Ал журналисттен качкан жок. Андай-мындай суроолорго жооп бербеймин деген да жок. Уялган да жок. Эч бир тайсалдабастан, жүзүн ала качып жашырбастан түз келип отурду да, ичиндегисинин эч нерсесин калтырбай төгүп, ыйлап отуруп айтып берди.

- Мен Тахмина Амантаева болом, эже. Ушул жерде 27 жашка чыгып, туулган күнүмдү камакта тостум (оор үшкүрүп). Бул Сейит Мураталиев деген кишини үч-төрт жыл мурда эле таануучумун, жолдошум аркылуу. Жолдошум Эркин Айжигитов азыр ал дагы камакта. Аны Мураталиев отургузуп койгон. Сотуна ана барам, мына барам деп, же барбайт, же соттоп жибербейт, же кое бербейт. Мына үч ай болду. Ленин райондук ички иштер бөлүмүндөгү Алмаз Касымакунов деген тергеди. Бул окуянын болушун каалабайт элем. Болор иш болду, эми бул окуяга кантип барганымды айтайын. Күйөөм камакта. Ал жакка да кириш керек экен. Колумда эки балам бар. Чынын айтайын ачка эле калдык. Ошол Мураталиевге акча таап берем деп ушундай абалга келдик. Айлам кетти. Тосмо арыз жазып берсе, күйөөңдү кое берет деп айтышты. Күйөөм өзү да ошентип: “эптеп-септеп, Мураталивге акча берип тосмо арыз жаздырчы, балдарымды сагындым, көрсөтүп кетчи” деп суранат. СИЗОго ойноп кирмек белем. Аякка деле акча керек да. Атам каза болуп калган. Үстүмдө үйүм, арка-бел болор атам жок азыр.
Ошол Сейит Мураталиев дегенге акча таап беребиз деп ушундай абалга келдик.


Турмуштун оор жүгү аялдарга жүктөлгөн турбайбы көрсө. Билбейм, же менин турмушум эле ушундай болдубу? Жалданып иштеп, үй-бүлөмдү багуу менин мойнумда. Анысы аз келгенсип, жолдошум казино деген балекетке кирип кетип, азап тартканымды айт. Кантмек элем, эки балам бар. Университеттин юрфагында окучумун. Контракт дегенди төлөй албай таштап койгом (ыйлап). Жамандык бир басса, ушинтип басып алат турбайбы эже. Апам жесир, байкуш болуп жүргөн кызынан жардам күтөт. Айтпайм да, не кылам ооруган жүрөгүн дагы оорутуп. Кудайдын айтканы бардыр. Кандай болбосун балдарымды багып өстүрүшүм керек эле. Бул кыйынчылык да артта калар дечүмүн. (Көпкө соолуктап ыйлап отурду)

- Тахмина бул жерге келгенден кийин оюң өзгөрүп, бекер кылыпмын деп өкүнүп жатасыңбы?
Тахмина Амантаева "Азаттыктын" кабарчысынын суроолоруна жооп берүүдө.

-Жо-ок. Эч качан. Өкүнгөнүм башка. Тескерисинче, ырас кылдым дейм. Билесизби, Мураталиевдин өлгөнүн көргөндөн кийин, башымдан баскан бир тонна ташты ыргытып, кутулгандай жеңилдедим. Мен эмне пландаштырып, аны өлтүрөйүн деп ойлоп, же атайын даярданды дейсизби? Жок, кокусунан болду. Бирок эч качан кылганыма өкүнбөйм. Мен эмес, бир канча адам ошондон кутулду. Анын эл арасында жүрүшүнүн өзү азап болчу.
Мен аны өлтүргөнүмө өкүнгөнүм жок.


Ошол жердегилер айтчу, “бул өтө коркунучтуу, этият болуш керек” деп. Мураталиев өзү болсо “Мен органдар менен кызматташам, алар мага төлөп берет” деп мактанчу. Канчалык чындыгы бар билбейм.

- Тахмина, сени кармап келиштиби?

- Өзүм эле келдим. Качып деле кетсем болмок. Антпедим. Мураталиев айтчу: “азыр мыйзам жок, арыздана билиш керек. Канча адам азыр артымдан жүгүрүп жүрөт. Милициялар мени тааныйт. Керек болсо алардын да үстүнөн министрге жазам, шешесин таанытат” – деп, толгон-токой, жайнаган каттарын мактанып, айрымдарын ырахаттанып окуп калчу. Ушул окуядан бир күн мурда ойлондум. Мен деле министрге кирсем неге болбойт. Ушундай акмакты деле кабыл алат турбайбы. Мага окшогон бей-бечараны деле кабыл алганга неге болбосун дедим.

Жаным ачышып, же ал киши айткан сөзүн аткарып, тосмо арыз дегенин жазып бере койбойт. Жөн эле мени топтой кылып, ары-бери тепкилеп, каалаганда мени үйүнө чакырып, “Сен каяктасың, сага тосмо арыз керекпи же керек эмеспи?” – деп чалат. Чиедей эки жаш балам бар, Чынгыз, Илгиз деген. Тамак-аш жок. Тияктан жолдошум чалат, балдарды алып келип көрсөтүп кетпейсиңби деп. Акча жок дейм. Апам жесир калган. Үйдүн чоңумун. Атам өтүп кеткенден кийин, аябай кыйналып калдык да. Жанымды карч уруп, жалданып болсо да акча таап, каралашайын дедим.

Аялдын душманы өзүнүн этек-жеңине жармашып, бирге жүрөт турбайбы? Аны кайдан билдим. Айылда кайдагы акча дейсиз? Зор максат менен үйдөн чыгып кеттим эле. Болор иш болду. Эми мага демектен бышырып жешсин. Аяк-быякка берер бир тыйын акчам жок. Же ишенерим да жок. Мени уккан апам байкуш не болуп атат деп, эстесем бул жарыкчылыктын караңгылыгы көптөй туюлуп, жарыкчылыктан кечким келип кетет.

Автордон: - Тахминанын көзүнөн аккан жаш кан аралаш агып жаткандай туюлду. Чыныгы алсыздыктын, армандын, акыйкатынан жалганы көп замандын уусуна уугуп турган Тахминага кандай кылганда, ким бул абалына аралжы болот? Биз отурган жер да түрү шумдук, отурган стулдар жерге цементтелген, тергөө жүргүзө турган жер болгондуктан, айла амалыбыз мукурап, бизди жаалап турган милиция өкүлдөрү жаныбыздан жарым карыш жылбай жабыккан жан дүйнөнү азапка салып, кошул-ташыл болуп турду.

Бизди жалгыз койгула дегенибизге кызыл шапкечендер ынашпады. Тахмина ага карап да койгон жок. Сөзүн улай берди. Балким жеңилдегиси келип, айткысы келди окшойт. Тахмина тагдырдын башка салганына эбак ынанып бүткөндөй, болгон окуянын келип чыгышына байланышкан бардык жагдайды кымындай калтырбай эчкирип ыйлап айтып отурду. Кылмыш жасаганын, көз көрүнөө адам өлтүргөнүн мойнуна алмак түгүл, темир торго өзү келип түшүп бергени менен сөзүн бүтүрдү.

Алдымда бирөөнү он үч жолу бычак сайып өлтүргөн деген мыкаачы атанган, жапжаш Тахмина: “Менин ар-намысымды коргоп, зордук-зомбулуктарга каршы берген жообум адам укуктарында кандай жазаланат? Деги аял укугу басмырланбасын, аны тебелеп-тепсеген жазаланат деген мыйзам барбы?” дегендей суроолорду ачык айтып бербесе да анын көкүрөк кыйкырыгы ушундай чакырыкка жык толгондой сезилди.

- Кандай болгондо ушул окуя болбойт эле дейсиң, Тахмина?

- Эже, болбойт эле. Эгер менин арыздарым, көз жашым тиешелүү жерлерге жетип, тескелгенде, көңүл бурганда, албетте, болбойт эле. Ачыгын айтайын. Жолдошумдун камалганына үч ай болду. Же соттоп жиберишпейт, нары камап. Же чыгарышпайт. Кайдагы бир акмакка жалдырап, биздин тагдыр, биз жете турган укуктук мыйзам ошол кишинин колунда гана тургандай шарт эч жагына өзгөрбөй туруп алды. Жолдошумдун камактагы тагдыры да Мураталиевдин колунда экен. Тосмо арыз алып келсек, бошотушат экен. Биздин тагдырыбызды неге тартип коргоо жааты өз колуна алып, ак-көгүн териштирип бербейт? Мураталиев биздин тагдырыбызды чечсе, анда укукту коргогон жерлердин кимге кереги бар? Кереги жок экен да. Чиеленишкен адам тагдырына аралжы боло алышпайт экен да. Алар кандайдыр бир жагдайга көз каранды турбайбы.
Биздин тагдыр, биз жете турган мыйзам ошол кишинин гана колунда тургандай шарт өзгөрбөй туруп алды.


Бул жерден Мураталиевдин милицияга арыздана билгени, анын бизге караганда колунда бардыгы чыныгы укуктук жактан жогору туруп жатпайбы. Болбосо жолдошума Мураталиев ижарага машина берип, акысын алып турчу. Мен жолдошумду да актабайм. Не кылайын, эки балам бар. Алардын атасы да. Мураталиев менен жолдошум ар убак эле майда-чүйдө маселеде чырлашып, талаш-тартыш болуп жүрчү. Ошондой бир көрүнүш болуп, күндөрдүн биринде акчанын айынан айтышып отуруп, мушташып кетишти. Кайра жарашып, келишип, бири-бирине түшүнүшүп жаткандай эле болгон. Мураталиев кимдир бирөө менен милициялашып турбаса башы ооруган киши экен да. Анын арызы кандай болбосун айткандары аткарылат. Болбосо ал арызды аткарбаган милициянын үстүнөн жазат Мураталиев. Милицияга анын арызы боюнча өзү кыйналгандан көрө бирөөнү камап койгону жакшыраак эмеспи. Сурасаңыз, аны арызчыл катары жакшы билишет. Бирок чара көрө албай келишкенинин себебин айталышпайт.

Мени Мураталиев чакырып эле, тажатып бүттү. Тосмо арыз жазып бербей кыйнай берди. Сураган акчасын деле бердим. Эмне кылайын деп канча кайрылдым. Форма кийгендин баары эле тартип коргоочу милиция эмес экен да. “Бар, сени зордосо, зордоду деп арыздан анан зордоду деп иш козгойбуз” дешет. Мен зордукталып туруп анан арызданышым керекпи? Ушинтип теңселбедимби. Билбейм, менин ушундай кордукка калган абалым соттор тарабынан эске алынабы?

Автордон: Тахмина ушул сөздү айтып, оор улутунуп алды. Көзүнүн кан тамырлары кызарып чыкты. Кан басымы көтөрүлдү окшойт, бети-башы кызыл-тазыл болуп, үстүнө илип алган спорт кемселинин жеңи менен көз жашын сүртө берип, алай-дүлөй болуп шишип чыкты. Адам өлтүрүүгө түрткөн кылмыш окуясын эмнегедир кайрадан башынан түшүп, айткысы келбей жийиркенип, ичиркенип да турду. Бул турушу жапжаш баланы элестетип, байкабай чок басып алганына бүт жан-дүйнө, тулку бою өрттөнүп жатканы сезилип турду. Мурда соттолбогон же бир кылмыш жасап көрбөгөн, эки балалуу кыргыздын бир момун кызын адам өлтүрүүгө жеткирген замандын көз жашыбы?

- Тахмина, өзүңдү кармап, баштан кечирген окуянын кандай болгонун айтып берсең? Бирөөдөн уккандан көрө өз оозуңдан уксак. Минтип сураганым үчүн кечирим сурайм.

- Албетте. Адам өлтүрдүм деп айтып отуруу канчалык кыйын болсо да айтайын. Өзүмдүн башымдан кечиргенимди эл таразасына салайын. Мени мыкаачы карап, жийиркенгендер да болор. Менин тагдырымды өз тагдырына салыштырып, көз жашын көлдөтүп отуруп менин сөзүмдү окугандар да болор. Мен өлтүргөн киши ким болгонун салыштырып айталбай жатам. Билесизби, кырылдап өлүп баратканда акмак, сен ушинтип өлүшүң керек эле. Адам болсоң адамча өлмөксүн деп үстүнө одеал жаап жатып, ылдый ныктап, кимдир бирөөлөрдү чакырып, телевидениеден көрсөтүп, мына көргүлө, муну мен минтип өлтүрдүм, турушу ушу дегим келди. Түн бироокум болгондуктан анте албайм да. Убакыт канча экенин деле билбейм.

Ошол окуя болгон 2-ноябрь күнү Сейит Мураталиев күндүзү мага чалды “каяктасың” деп, тим эле мени сатып алган кулунан бетер жекирип сүйлөп. “Байке мен үйдө элемин. Балдарым ыйлап, атасына барам деп атат, апам да келген экен” дедим телефондон. “Качан келесиң? Сага тосмо арыз керекпи, же керек эмеспи?” деди. Дайым эле чалганда ушинтип сөз баштайт. Ошентсе, ии, мага тосмо арыз жазып бергени аткан экен деп сүйүнбөйм. Билем, антпейт. Апам үйдө эле, сурап калганынан Мураталиев чалып жатат, тосмо арыз берем деп дедим. Апам “бар анда, барагой, мен балдарыңды карап турам” деп калды. Мен чыдамым кетип болбой калгам го чагым, апа, ал мени аялдыкка чакырып жатат деп кыйкырдым. Эмне кылайын, көңүлүң тартса бир жөн деп ыйлап-сыктап, буркан-шаркан түштүм. Арызданар, мени уккан жалгыз апам болсо, анан кантмек элем. Атамдын азасын көтөрүп жүргөн апамдын да үйдө отурбаганы туура эмес да. Сиз кете бериңиз деп апамды жөнөтүп жибердим. Жакшы эле кылган экенмин. Анан бир инимди чакырып, балдарымды каратып коюп, Мураталиев жашаган жерге келдим.

Консерва, вино коюп отуруптур. Ичесиңби деди. Кайдагы тосмо арыз, өзүнө чакырып жатпайбы. Байке, жазып бересизби, жокпу, балдарым жалгыз калды кетейин дедим. Ал кебиме деле көңүл бурбай, орусчалап “я люблю ласка” деп жылаңач жатып алып, ар нерсени айтты. А түгүл “күйөөң жок азыр, түрмөдө отурат, сени ким көрмөк эле” дегендей айтты. Чын эле эже, айтайын, эптеп алдап-соолап тосмо арыз жаздырып алайын, эрим эмне билип коюптурбу деген аргасыздыкка бардым. Жок, ал дале мени жасап алган куурчагы менен ойноп жаткансып, “приватташтырып” алгандай мамиле кылат. Кичине вино ичип алдым эле, ачка жаным дене боюм ысып, ошондогу абалым капаска түшкөн бөдөнөдөй чыйпылыктап, койчу сөз менен жеткире айталбайм.

Эми дагы тосмо арыз болбойт экен деп, тагдырдын тамашасына таң берип, эндиреп отурдум. Телефон чырылдап калды. Алсам балдарым ыйлап: “апа качан келесиз” деп жатпайбы. Ачка да эже. Тиги болсо жылаңач, чалкалап жатат, “я люблю ласка” деп коюп. Сол колумду болсо керек, кармап ичине коюп, дагы мени тарткылап жатканда карасам консерва ачкан аш бычак туруптур.
Бычак колумдан чыкпай калды, мына сага деп ар кайсы жерине сая бердим.

Ээ-э, дедим. Балдарым ачка ыйлап отурса. Атасы түрмөдө отурса, кечке тосмо арыз жаздырып келчи деп. Апам байкуш көзүнүн жашын көлдөтүп, мени эмне болду экен деп отурса. Ошолорду жалдыратып коюп, мунун жанында кыйналган жанымды ого бетер кыйнагыдай мен эмне көчөдөгү каңгып жүргөн итминби? Же бул түшүнбөсө, же укугумду талашып арызданган жерим укпаса деп, бычакты алдым да , көкүрөгүнө сайдым. Кантип, кандайча бычак саят билбейм деле да. Эки жолу сайганымда эки колумду кармап өйдө турду. Бычак колумдан чыкпас болуп катып калыптыр. Аркасына сайдым, мына сага деп. Чала сайып, өлбөй калса деле мага ушундай жазаны алып бермек ал. Билбейм бычак ийрейип, кирбей калганда жерге таштадым. Тиги бүк түшүп ылдый болуп, кырылдаганын уктум. Тынбай сүйлөп жатканым өзүмө кайра угулуп, алдастап калдым. Өлдү окшойт, жер жайнап кан акты. Анын жанында калган костюмум көзүмө урунду. Тартып алсам, чыланган ысык кан. Ошондо көзүм ачыла түштү, эмне кылдым дегендей. Костюмумду кийип, дубалдан ашып түшүп кеттим.
Балдарым менен коштошуп, милицияга өзүм келдим.

Эшик караңгы. Ал жерде тирүү жан жок. Себеби өзү иштеткен СТОсунда (автоунаа оңдоочу жай) жашачы. Балдарым телефон чалып атат. Эсиме келсем, мен бирөөнү өлтүрдүм, мени азыр милициялар келип алып кетет, камалам деп үнү ачылбаган телефонго карап алып ыйлап жатам. Телефон чырылдаган бойдон, чөңтөгүмө түштү. Костюмумдагы кан бутуман ылдый агып, бүт эле кан болуп калсам керек эле. Көчөдө ары-бери басып жүрдүм. Мага милициядан телефон чалат, мен каерде жүргөнүмдү айтышым керек деп чарчагам, мас немедей басып жүрдүм. Камакка барам деп коңгуроо күтүп атам.

Кой, балдарым менен коштошойун дедим окшойт, үйгө бардым. Ыйлап кирдим үйгө. Балдарым уктап жатышыптыр. Менин киргенимди билишкен жок. Чөгөлөп отурдум да, беттеринен өөп, эки-жагын кымтып, эми көрүшпөйбүз дегендей болуп эшикти чала жаап чыгып кеттим. (Тахминанын напазы бирде буулуп, саамга токтогондой болуп, соолуктап ыйлап сөзүн улантып отурду). Костюмумду сууга салып жуудум да , суу бойдон кайра кийип алдым. Ичиркенип, үшүп чыктым. Өзүм менен өзүм сүйлөшүп эле абдырап жүрөм. Ал кишини өлтүргөнүм үчүн эмес, мен кантип адам өлтүрүүгө бардым деп. Ошол учурда жолдошум чалып калды, ага мен адам өлтүрдүм, эми мага чалба. мен азыр камакка кетем, деп бакырып ыйладым. Бир нерселерди айткан болду, уккан деле жокмун. Ошол күндүн таңы ушинтип атты эже. Ошол кейпимде милицияга келдим. Мен милициядан коркуп келгеним жок. Кайда барат элем. Өчөшүп келдим да. Мына менин арызымды сурабадыңар эле, эми сурайсыңарбы, адам өлтүрүп койдум демекчимин. Алардын алы жетпегенге менин алым жетти. Эми тосмо арыздын да кереги жок. Биздин укугубузду коргогондордун да кереги жок.

Адам укугуң менен адам экенсиң да. Укугуң корголбогондон кийин, сен эч ким эмес экенсиң. Мына эми камактамын. Балдарымды сагындым. Мага эч ким келбейт. Балдарым жаш, күйөөм түрмөдө. Ушул жердин берген тамагын ичип отурам. Тергеп жатат. Ушуларды айтып бердим. Мага окшогондорго сыртта орун болбосо, түрмөдөн ордумду тапкандырмын.

- Тахмина, балдарымды сагындым деп жатпайсыңбы? Балдарым үчүн деле ушул ишке барбай койсом болмок деген өкүнүү болуп жаткандыр?
Укугум тиешелүү жактардан корголбосо эле өз абийиримди, аялдык намысымды өзүм коргой албаймбы?

- Болот да, болбой коет беле. Бирок ал кишиден кутулуу бир эле мен эмес, көптөргө жакшы болду. Акыры угасыңар. Ушундай мүнөздү туу тутуп жүргөндөргө да сабак болсун, аял эркекти өлтүргөн бул окуя. Укугум тиешелүү жактардан корголбосо эле, өзүмдүн адамдык абийиримди, аялдык намысымды өзүм коргой албаймынбы? Мен адаммын да. Неге ушунчалык, тебеленип-тепселишим керек? Өлтүргөн кылмышыма карата берген жазага кайылмын. Пешенеме ошондой жазылгандыр. Балдарым чоңоет. Балдардын өз ырыскысы бар дейт го. Кыйналып чоңоюшар. Кантмек элем, тирүү болсом түшүндүрөрмүн.

Ка-ап десе, балдарымды окутуп, билимдүү-илимдүү кылам деп, аттарын да улуу максат менен улуу инсандардын атынан Чынгыз, экинчи уулумдун атын Илгиз койдум эле. Кудай деген бар. Ушундай ит көргүс, итке ыраа көрбөгөн азабымдын ырахаты болор. Мен көрбөсөм, балким ал ырахатты балдарым көрөр. Эгер балдарым, пешенеңерге органда иштеген кесипти жазса арызданып келген энеге, аялга жана балага үзүлүп түшүп карагыла. Арам тамак болбогула. Анда адамдын айбандан не айырмасы бар деп тарбияламакмын, деп да кыялданам. Ушул жерин жазып коюңузчу. Балдарым балким чоңойсо окушар.

Автордон: Ушинтип тагдыр таразасында чайналган Тахмина Амантаева эркек кишини кантип, эмне себептен өлтүргөнүн мойнуна алып, чындыкка тике карап, темир торго өзү келип түшүп бергени менен ыйын да, сөзүн да бүтүрдү. Анын мындай деп айтканы мага кан жамынган Тахмина милиция кызматына өзү келип: “Мына менин арызымды убагында карабадыңар эле, менин аялдык намыс-абийиримди коргогонго жарабадыңар эле. Өзүм жарадым. Өлтүрүп келдим. Эми сурайсыңарбы” деп сурак үстөлүнө отургандай таасир калтырды.

Тахмина менен коштошуп жатып, аны аяп да, кейип да турдум. Кантсе да мен да аялмын да. Аны курчап турган муздак дубал, сенек болгон система. Далай адамдардын арманын уга берип дүлөй болуп калган стол-стулдар. Сыртта ит башы менен билип-туюп жаткансып, муңдуу үргөн иттин добушу. Ушунчалык мүңкүрөп турдум. Көзүмдөгү бир тамчы жаш төгүлүп-төгүлбөй кабатталган темир эшиктердин кайчылдагын кечип чыгып келаттым.

Атаганат десе, укуктук мамлекет курабыз деген бийликтин куру кыялдануусу экен го. Ушул аялдын улуган үнүн президент укса эмне болот эле дедим. О-ол ал жакка жетүү кайдан. Милиция кызматында адамдын тагдырына дыкат карагандык, ички духу жетишкен, рухий дүйнөсү кенен кадр маселеси өсүп чыкса кана деп асман менен жердин ортосундагы айырмачылыкты салыштырып кыялдандым. Учурдагы күч органдарынын коомдогу орду тууралуу ким кандай деп баалайт? Толтура мыйзам болгону менен иштеши кандай? Кеп ал жазылган мыйзамдардын жазылганында эмес, анын аткарылганында.

“Прокуратура көзөмөлдөөчү орган эмес эле, куугунтуктоочу орган болуп калды”, “Соттор мыйзамдын тили менен эмес паранын күчү менен чечим чыгарат” дегендер канча. “Милиция тартипти сактоо милдети жүктөлгөнүнө карабай, уруп-сабап моюнга алдырууну курал кылып алышкан” деген ачуу кыйкырыкты бүгүн ким жокко чыгара алат.

“Күндүн бетин этек менен тосуп кое албайсың” дегендей, кантип жалган дейбиз, калк-какшап айтып турса. Анткендин бир себеби деп, жалпылап айтканда калктын басымдуусу укуктук сабатасыздыктан пайдалангандыктын кесепети катары сыпаттаса болот. Экономикасы очорулган өлкөдө адам укуктары коррупцияланган күч органдарынын курмандыгына айланат тура. “Акыр заман болордо акыйкаттын үнү угулбайт, элдин канын соруп, жеп-ичкен чоң курсактардын өмүрлөрү узарат. Топон суу каптайт. Бөөдө кырсыктар көбөйөт. Адамды атып өлтүрүү чымчыкты аткандай эле болуп калат” делиптир. Ошол заман келдиби?

Мен Тахмина Амантаева адам өлтүрсө да тарабын алып жаткандан алысмын. Бирок Тахминага байланышкан үй-бүлө очогу ыдырап, чиедей эки баласы кароосуз калды, кандай болгон күндө да бир адамдын өмүрү кыйылды дегендей, ушуларды болтурбай коюу тартип коргоо, ага көзөмөл кылган органдардын колунда болчу. Кимди күнөөлөйбүз, кайдыгерликти, адам тагдыры менен эсептешпегендикти айыптайбыз да.

Эми ар-намысын коргоп, киши өлтүргөн Тахминанын көз жашын, кылмыш жасоого түрткөн ошол кадамга барууга мажбур кылган окуянын өңүтү милиция, прокуратура, сот органдары тарабынан эске алынабы?

"Азаттыктан": Кабарчыбыз Жаркын Темирбаева бул маселе боюнча иликтөөсүн улантууда. Бирок азырынча маркум Сейит Мураталиевдин жакындарына жолугуп, алардын пикирин билүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Бул маселеде экинчи тараптын пикирин берүүгө да даярбыз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG