Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:30

Сириядагы аба чабуулдардан 26 адам курман болду


Сирия.
Сирия.

Хас кыштагына 26-октябрда орусиялык жана сириялык аба күчтөрдүн чабуулунда 26 адам набыт болду. Анын көбү балдар экени кабарланды. Куткаруучулардын маалыматына караганда, эл жашаган районго жана ал жакта жайгашкан мектепке сокку урулган. Сириянын мамлекеттик телеканалы аба күчтөрү Хастагы согушкерлердин позицияларын бутага алганын маалымдады. БУУнун Балдар фонду, ЮНИСЕФтин жетекчиси Энтони Лейктин билдиришинче, эгерде бул чабуулдар атайлап жасалса, аскердик кылмыш болуп саналат.

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Виталий Чуркин Reuters агенттигине бул чабуулдарга Москванын тиешеси жок деген үмүттө экенин билдирди.

Хас кыштагы оппозиция көзөмөлдөгөн Идлиб провинциясына карайт. Аймакта оппозициянын да, радикал күчтөрдүн да топтору бар. Аба соккудан кийин тартылган сүрөттөрдө мектептин имараты талкаланганы көрүнөт. Андан 15-20 окуучу өлгөн деген маалыматтар чыгууда.

XS
SM
MD
LG