Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

Адам аткезчилиги быйыл былтыркыдан көп


Кулчулукка көбүн эсе жумуш издеген эмгек мигранттары туш болушат
Кулчулукка көбүн эсе жумуш издеген эмгек мигранттары туш болушат

Расмий маалыматка ылайык, былтыр Кыргызстанда жүз элүүдөй киши кулчулукка кабылса, ушул жылдын тогуз айында адам сатуунун курмандыгы болгондор жүздөн ашты. Алардын көпчүлүгү кыз-келиндер, жаштар.

Алияс Малакеев 2006-жылы жазында жумуш издеп Москвага барган. Ал жерден жолу болбой, “Чукотстройподрядчик” фирмасынын жетекчисинин сунушу менен Каряк автономдуу аймагына беш кыргыз жигит менен жөнөп кеткен. Кожоюндар аларды баардык шарты менен айлыгы көп иш күтүп турат, деп ишендирген. Бирок иш жүзүнө келгенде баары тескерисинче чыккан.

- Барганда биз эч кандай шарты жок жатаканада жашадык. Айлык акыны такыр алган жокбуз. Жумушка чыкпай койсок тамак бербей, жаткан жерден кууп салчу. Жумушка кирээр алдында түзгөн келишимибизди алар алып, бербей коюшту. Беш айдай тамак-аш үчүн гана иштеп, айлабыз куруганда бир нече чакырым алыстыкта жайгашкан Тилички айылына качып барып, эмгектенип, жол кирелик акча таап анан Кыргызстанга кайтып келдик. Көрсө бизди сатып жиберишиптир, ал жерде төрт мекендешибиз калган эле, менде алар тууралуу маалымат жок

Алияс минтип кулчулуктан башын аман куткарып чыккандардын бири. Болбосо бирөөнүн бал тилине кирип, адам сатуунун торунан чыга албай арып-азып жүргөндөр көп экенин талдоочулар белгилешет.

Адистердин пикиринде, адам сатуу - маңзаттарын жана курал сатуудан кийинки мыйзамсыз кирешелүү бизнестердин бири. Адатта бул кылмыш калыптанып калган жолдор менен ишке ашат: адамдарга аңга чыккандар базарларды, айылдарды кыдырып же тааныштар аркылуу жумуш таппай карайлап тургандарды табат. Аларга чет өлкөлөрдөн айлыгы чоң, шарты мыкты жумуш бар деп алдап, өлкөдөн алып чыгып кетет. Анан дароо паспорттору тартылып алынат да, ар бирин сүйлөшүлгөн баага сатылат же оор жумушка салынат.

4-ноябрда бир катар министрлик, жергиликтүү бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Бишкекте чогулуп, адам аткезчилигинине каршы күрөшүүнүн натыйжалуу чараларын талкуулашты.

Миграция жана калкты ишке жайгаштыруу боюнча комитеттин төрайымы Айгүл Рыскулова соңку учурда иш издеп четке чыккандар арасында кожоюндардан кордугуна кабылып, кайра мекенине келе албай кыйналгандар көбөйүп жатканын белгиледи:

- Биздин жаш кыздар сатылып кеткендиги тууралуу фактылар бар. Эмгек мигранттарга айлык акысын бербей аларды кордоп, сабап иштеткен мисалдар көп кездешүүдө. Биз буга жол бербей, ар бир атуулга түшүндүрүп, мамлекет бул көйгөйдүн алдын алышыбыз керек.

Эл аралык миграция уюмунун түштүк региону боюнча координатору Химия Сүйөркулова эл арасында кулчулукка кабылып, алардын тагдыры тууралуу аңыз кептер айтылып, маалыматтар берилсе деле, бул көрүнүш жылдан-жылга өсүп жатканына кабатырланат:

- Адам сатууга уюшкан топтор менен катар жеке адамдар дагы аралашууда. Адамдар товарлардай эле болуп биринен экинчилине сатылууда. Кыргызстандын ичинде дагы мындай мисалдар кездешүүдө. Былтыр Өзгөн районунан жакшы жумуш беребиз деп бир нече кызды жубайлар алдап алып келишкен. Аларды коркутуп денесин сатууга мажбурлашкан. Акыры кыздар качып чыгышып, укук коргоо органдарына кайрылышкан соң иштин бети ачылып, жубайлар беш жылга соттолушту.

Серепчилердин билдиришинче, адам аткезчилиги боюнча кылмыш иши козголуп, сот жообуна тартылгандар дээрлик аз. Кулчулуктун курмандыгы болгондор көп учурда укук коргоо органдарына кайрыла бербейт.

XS
SM
MD
LG