Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:33

Каржы капсалаңы адам аткезчилигин арбытат


Кыргызстанда адам аткезчилигин азайтуу боюнча иш жүргүзгөн эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын билдиришинче, учурдагы каржы каатчылыгы адам сатуу көрүнүшүн кыйла көбөйтүшү мүмкүн.

Адам аткезчилиги же башкача айтканда адам сатуу дүйнөдө криминалдык чөйрөдөгү, баңгизат менен курал сатуудан кийинки үчүнчү кирешелүү иш катары эсептелинет.

АКШнын юстиция департаментинин маалыматына таянсак, мурдагы Советтер Союзунун курамына кирген өлкөлөрдөн жылына 700 миңден ашуун аялдар жана балдар сатыкка дуушар болуп турушат.

Кыргызстанда мындай аткезчиликке айрыкча кыздар кабылып жатат. Алардын дээрлик бөлүгүн сексуалдык кулчулукка дуушар болгондор түзүүдө. Эң кейиштүүсү биздин көп нускалуу гезиттердеги жарнактар, кулактандыруулар абалдын курчушуна түздөн-түз таасирин тийгизип келет.

"Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова буларды айтат:

- Бизде кыздар көбүнчө сексуалдык кулчулукка кабылып жатат. Жакынкы жума күнкү эле “Вечерний Бишкек” гезитин алып көрсөк кандай гана жарыя-жарнамалар бар. Ошол жарыяларга ишенип чалып, кулчулукка кабылып жаткан жаштар жок эмес да. Алардын тагыдыры эмне болуп жатат?

"Сезим" бейөкмөт уюму да Кыргызстандагы ондогон бейөкмөт уюмдар катары эле адам сатууга каршы иш чараларды өткөрүп келет. Уюмдун жетекчиси Бүбүсара Рыскулованын пикиринде, адам аткезчилигине дуушар болгондордун саны мындан ары да өсүшү ыктымал. Анын себебин дүйнөлүк кризистен улам жумуштан бошогон мигранттардын санынын жогорулашы менен түшүндүрсө болот:

- Биздин жарандардын бир тобу Орусияда, Казактсанда тыйын таап жүрүшөт. Алар жумуштан бошогондон кийин эмне кылат? Кыргызстанда жумуш жок болсо. Ошол жактан эле шылуундардын колуна кирип, алдоосуна барып мажбурлоолорго барып жатат. Бул жаатында дагы өсүүсү ыктымал.

Мындай божомолду Эл аралык эмгек уюму да айтып отурат. Өткөн кылымдын 70-жылдарындагы дүйнөлүк мунай кризисин жана 90-жылдардагы Азия каржы кризисин алып караганда учурдагы дүйнөлүк каржы кризиси да жалпы легалсыз эмгек миграциясын курчутуп, анын бир буту болгон адам сатуунун өнүгүүсүнө өбөлгө түзүп берет.

Эл аралык эмгек уюмунун “Эмгек миграциясын жөнгө салуу ” долбоорунун координатору Светлана Рахимова мындай дейт:

- Миганттарды азайтуунун радикалдуу аракеттери, жөнгө салынбаган көмүскө миграцияга алып келет. Кризистин кесепетинен иштен бошоп жаткан адамдар булар экономикалык активдүү адамдар катмары болуп эсептелинет. Алар үй-бүлөнүн негизги багуучулары. Ошон үчүн мамлекет жана башка социалдык шериктер жумушчуларды дароо иш менен камсыз кылуу жана өзүн-өзү жумуш менен камсыз кылуу үчүн жаңыча иш чараларды иштеп чыгуусу зарыл.

XS
SM
MD
LG