Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:37

“Ыңгайсыз суроолор” сыналгы берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы Алтайдан Ала-Тоого Манас жолу менен атчандар жүрүшүнө арналды.

Талкууга катышкандар:



Укук коргоочу Ниязалы Бекбердинов









Жүрүштү уюштуруу штабынын жетекчиси, Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Акылбек Мураталиев





Кыргыз-түрк “Манас” университетинин доценти, тарыхчы, окумуштуу Муратбек Кожобеков










“Азаттык”:
Алтайга барып, кайра 40 ат минип жүрүш жасоонун максаты эмне? Бул Кыргызстанга эл аралык деңгээлде кандай аброй алып келет?

Акылбек Мураталиев: Эң негизгиси бүгүнкү күндө элибизге өтө керек болуп турган, улутубуздун улуулугун даңазалаган, ынтымагын түптөгөн, келечегин тилеген улуу жүрүш. Бүгүнкү күндө элибиздин патриоттук, атуулдук, мекенчилдик сезимдерин ойготуу – эң негизги максаты болуп эсептелет.

“Азаттык”: Азыркы маалымат технология гүлдөп, өнүгүп турган заманда мындай жүрүштү жасоонун зарылдыгы бар беле?

Акылбек Мураталиев: Эң негизгиси Алтайдан Ала-Тоого биздин миңдеген ата-бабаларыбыз жашап кеткен жер менен бүгүнкү күндө руханий байланышты түзүү. “Арбак ыраазы болмоюн тирүүнүн иши жүрбөйт” дейт. Бул чындык экенин, окумуштуулар ошонун бардыгын далилдеп айтып аткан нерселердин бардыгы бүгүнкү күндө чындык болуп чыгып атат.

“Азаттык”: Маселен кандай чындык?

Акылбек Мураталиев: Чындык дегеним, көзгө көрүнбөгөн дүйнөнүн бар экендигин, мурда тек гана өзүнүн мүмкүнчүлүгү бар касиеттүү адамдар айтып келсе, окумуштуулардын деңгээлинде булардын баары далилденди дегеним.

“Азаттык”: Манаска байланыштуу кандай чындыкты таптыңыздар?
40 жигит менен барып эле, анан 40 жигит келип кыргызды ынтымакка чакырып жиберет деген ойдон алыс болуш керек.


Акылбек Мураталиев: Манас өзү тирүү, улуу рух, улуу аң сезим. Бүгүнкү күндө акыл-эстин, ойдун тирүүлүгүн окумуштуулар далилдеген сыяктуу эле кыргызда ошол нерселердин бар экенин ата-бабаларыбыз, баарыбыз билип келгенбиз. Ошол нерсе кандайдыр бир деңгээлде үзгүлтүк болуп калгандай. Ошол нерселерди кайра кайрып, элибизге ишеним, элибиздин ой жүгүртүүсүнө ушуну жаңылантып берүү максатында.

“Азаттык”: Ниязалы мырза, сиз бул жүрүшкө абдан катуу каршы болуп жатасыз, эмне үчүн?

Ниязалы Бекбердинов: Себеби азыр КТРден, радиолордон, бардык жерлерден кыргыздар толугу менен 100 пайыз мусулман деген сөз айтылып жатат. Балким ошондойдур. Чын чынына келгенде баарынан тескериси ушунда болуп жатат. Манас руху, кыргыз эмнеге ишенет? Мисалы, Манаста жүрбөй калган атты чапса, ошону Манас 40 чоросу менен колдосо, ал сөзсүз чыгып келет деген ишеним. Исламда эмне? Манасты ислам тааныбайт. Мусулман болуп калган кыргыздар Манасты билгиси да келбейт, шариат жол бербейт. Куран каршы чыгат. Анда биздики 100 пайыз кыргыздар мусулман болуп жаткандан кийин кандайча бул жүрүштүн пайдасы бар?

Экинчиден, баргандар сөзсүз куран окушат. Аны Манас түшүнбөйт. Ал теңирчиликке ишенген адам. Ал эми биз мусулман болуп кеткенбиз, теңирчиликти саткан адамбыз. Ошондон кийин Мурат ажы Союз убагында “кыргыздар жана теңирчиликке ишенген элдерди кудай уруп таштады, бирөөгө кул болуп калды, себеби алар өздөрүнүн теңирчилигин сатып жиберип, мусулманга кирип кетти” деп жазган. Ошондо мындай чыкканда Манастын руху кайра бизди уруп таштабасын. Бул жагынан болбойт.

Анан кийин булардын долбоорун окуп көрдүм, “40 байтал менен келебиз жана Аккула породасын чыгарабыз” дейт. Айланайын, ал жакта якут жылкысы, бул жагынан монгол жылкысы, Алтай жылкысы деген бар, ошол экөөнүн ортосундагы эле жылкы. Аккула, Саякбай Каралаев айтмакчы, Анжияндан буудай айдап, анан кийин ошол сатып алган Аккуланы. Түспөлүн окуп көрсөң, Көкүл кызга жалдуу деп коет. Демек, ал жанагы эле Ахалтекин породасын сатып алган. Демек кудайга жүндүү Алтайдын жылкысын алып келет, болгондо да бээлерин алып келет. Кыргыз бээге минбейт. Булар 40 жигитти бээге мингизип ташташат экен.

Тарых сүйлөйт

“Азаттык”: Муратбек мырза, сиз тарыхчы катары айтсаңыз, Алтайга жүрүш кыргыздар Алтайдан Борбор Азиядан 16-кылымда эле келген деген божомолду бекемдеп койбойбу? Чыгыш Түркстандагы, Монголиядагы, Кытайдагы кыргыздардын тарыхына көлөкө түшүрүп койгон жүрүш болбойбу?
Кээ бир нерсени колу менен кармап, анан көзүбүз менен көргөндө гана бул чындык деп көнүп калганбыз.


Муратбек Кожобеков: Мен мурда да угуп келгем замандаштардын Алтайга жүрүшү, азыркы талаш боюнча да. Алтай дегенде Тоолуу Алтай жөнүндө сөз болуп атат окшойт. Тоолуу Алтай бүгүнкү күндө Орусиянын курамындагы өзүнчө аймак. Ал эми тарых жагына келгенде, географиялык жагынан Алтай деген 3 бөлүктөн турат. Тоолуу Алтай деген Орусияда, анан Монгол Алтай, анан Гоби Алтай деген үч бөлүктөн турат.

Алтай өзү байыркы түрк мамлекеттик салты боюнча кыргыздар да кошулуп калат. Мамлекет куруу салтында куттуу жер деп эсептелинет. Мисалы, ашина түрктөрү деп коюшат, 460-жылы Алтайга көчүп барышат да, Алтай деген аталыш боюнча түрк деген ысымды алып, ал жерде өздөрүнүн мамлекет жагын курушкан. Кийин уйгур кагандары да өздөрүнүн мамлекетин Алтай тоолоруна алып барып курушат. Кыргыздар да 840-жылы уйгур каганатын талкалагандан кийин алар да өздөрүнүн мамлекетинин борборун Алтай тоосуна көчүрүп келгенге аракет жасашкан.

Айтылуу окумуштуу Анатолий Натанович Бернштам 840-жылкы окуя менен кыргыздардын бул “Манас” окуясы жана Чоң казаты да ушул окуяга байланыштырат, «Манастын» негизги окуясы Монгол Алтайында жүрөт деп эсептелинет. Мен билгенден сиздердин жүрүшүңөр Тоолуу Алтайды көздөй болуп атат, эмне үчүн Монгол Алтай тоосуна барбайт деген суроо туулат.

“Азаттык”: Тарыхый, илимий жактан алганда Кыргызстанга эл аралык кандай аброй алып келет деп турасыз? Деги ушундай жүрүштүн зарылдыгы барбы?

Муратбек Кожобеков: Мен ушундай жүрүштүн чыгышынын себебин ушундан көрөм, кыргыздардын башына оор кырдаал келди. Эмнегедир кыргыздар кыйын мезгилде Манасты эске алышат. Бүгүнкү күндө кыргыздарды ынтымакка чакыра турган адам жок, анан биздин замандаштар ушундай миссияны, руханий өзөктү Алтайга барып, ошол жерден алып келип, анан кыргыздарга отун тутантып, ошого келип ишенип эле, анан кыргыздар ынтымакта жашап калат деген. Бирок ага деле ишениш кыйын, менимче.

“Азаттык”: Акылбек мырза, ушул жүрүштү жасоо идеясы кайдан келип чыкты, популисттик эле жүрүш болуп калбайбы?

Акылбек Мураталиев: Албетте бүгүнкү күндө көп кыргыздардын жан дүйнөсү, илими бул эки куш эки канаты менен учкандай. Бири кыргызчылык менен кетип атат, куштун экинчи канаты ислам деп койсо болот. Бүгүнкү күндө экөөнү тең жокко чыгарууга болбойт.
Биз кандай коомдо жашап атабыз, кандай коом курабыз деген ой жүгүртүүнүн өзү да жакшы. Акчанын айынан бизде жан дүйнөнүн баары тең өзгөрүп кеткен убак.


Экинчиден, адегенде Кыргызстанда жашаган кыргыздардын жан дүйнөсүн оңдоп алсак. Чет жакта жүргөн кыргыздар да ушул улуу жүрүштү колдойт деп ойлойм. Себеби бул жүрүш жеке эле адамдын акылы менен жүрүп аткан жүрүш эмес, бул адамдын каны менен молекулярдык деңгээлде болуп аткан нерсе деп мен толук кандуу ишенем.

Кандай аброй алып келет? Элибиздин бүгүнкү күндө баатыр экенин дүйнө эли көрдү. Ал эми Манас атабыздын айкөлүн бүгүн дүйнө эли көрүш керек. Биз да тынчтыкты тилеген калк экенибизди көрүш керек. Биз Орусияны, Казакстанды басып өтөбүз. Ошол жерде өзүбүздүн башка улуттар менен болгон мамилелер, оюн-зооктор, чыгармачылык концерттер жүрүштөр менен коштолуп кетет.



Кеңири программа, түрдүү иш-чаралар

“Азаттык”: Ошол жүрүштүн программасы кандай, кайсы мамлекеттерди басып өтөсүздөр, жүрүштү уюштуруу үчүн ошол мамлекеттер менен укуктук негиздер жөнгө салынчу макулдашуулар түзүлдүбү? Кийин карама-каршылыктар пайда болбойбу?

Акылбек Мураталиев: Бүгүнкү күндө токтом чыкты. Уюштуруу тобунун демилгеси гана эмес, мамлекеттик деңгээлде болуш керек. Себеби 3 мамлекетти басып өтөбүз. Булар менен Кыргызстандын тогуз министрлигине жолдомо берилди, ошолор чек ара маселеси боюнча, ветстанциялар менен азыркы күндө Орусияда 40 жылкы карантинден өткөрүп атат, ийне сайылып ал транзит аркылуу Кыргызстанга өтө турганы, дегеле бардык жагынан каралып келатат.

Эсиме түштү, сиз 40 байтал деп атпадыңызбы. Бул 40 байтал эмес, анын он чактысы байтал болушу мүмкүн, калгандары асыл тукумдуу жылкылар. Бул жерде ырымды төлгөсүн аткарып коюу, аны менен катар улуу нерселер аткарыла турган өзүнчө программа.

“Азаттык”: Ошол программада кандай иш-чаралар бар?
Жол аябай татаал болот. Күн ысыкта түнөгөн жери талаа болот. Ошондуктан бардык жагынан төп келген жигиттерди тандап атабыз.


Акылбек Мураталиев: Биз бул жерден жөнөп кеткенден баштап ал жерге алты манасчы, комузчу, чопо чоорчу, фольклор тобун алып барабыз. Ошол жердеги жергиликтүү элдерге биздин улуттук өнөрүбүздү тартуулап, ошонун ичинде бүгүнкү күндө өткөн каскадер балдар аттар менен таанышканча өнөрлөрүн көрсөтөт. Илимий адамдар да барышат.

Чамалган жеринде Манас атабыз төрөлгөн деп айтылган кеп бар, анан Манас көлү да бар экен. Чамалган жеринен Манас атабыз Кыргызстанга келип өзүнүн акыркы денеси ошол жакта жайгашкандан кийин, өзүнүн киндик каны тамган, топурагы буюрбай калган деген да ырым бар. Ошол топурагын алып келип себүү. Албетте бул Манас атабыздын кайсы өрөөндө, кайсы жерде жатканы биз үчүн зор табышмак. Ошондуктан биздин жети облуста ыйык жерлер бар, ошол жерлерде ырым катары себип өтөт.

“Азаттык”: Жүрүш өтө турган Орусия, Казакстандын аймагында кандайдыр бир укуктук жактан, коопсуздук жактан талаш-тартыштар чыгып калышы мүмкүнбү? Эгер жүрүштөгүлөрдүн атын тартып алып, өзүлөрүн тоноп жиберишсе, ага ким жооптуу болушу керек?

Ниязалы Бекбердинов: Азыркы кабарды уккандан кийин мен бир нерсени айтып коеюн: эр экенсиңер, замандаштар, ал эмес өкмөттү алдаптырсыңар. Себеби бул жүрүш менин оюмча, укук коргоочу катары айтайын, бул - “Замандаш” партиясынын рекламасы.

Саясат жана маданият

“Азаттык”: Бул жүрүштүн артында саясий кызыкчылык барбы?

Ниязалы Бекбердинов: Сөзсүз бар. Ар бир нерсенин аягында бир нерсе болот. Булар Манасты көрсөтүп коюп, өзүнүн саясий кызыкчылыгын көздөйт. Экинчиден, кыргыз эли эки канат дейт, кыргызчылык жана исламчылык дейт. Күнүгө бирден эмес экиден, керек болсо бүт бардык балдарыбыз намаз окуйт. Аларга Манастын арбагы десең чалкасынан кетет. Ошон үчүн мен кыргыз болом деп туруш керек, исламдын мага кереги жок деп, же болбосо “мен исламчымын, мага Манастын кереги жок” деш керек.

Акылбек Мураталиев: Биринчиден, сиз абдан жаңылып калдыңыз. Бул жерде «Замандаш» партиясынын кызыкчылыгы жок. Киши бир доордо жашап аткан үчүн эле “замандаш” деп айтылып калды. Бул жерде партиянын эч кандай тиешеси жок.

Ниязалы Бекбердинов: Болуптур, сиз кайсы партиядасыз?

Акылбек Мураталиев: Мен партияда эмесмин, партияда болуп көргөн эмесмин.

Ниязалы Бекбердинов: Уюштуруучу эч бир партияда жок, баарыңар партияда эмессиңер?

Акылбек Мураталиев: Партияда жокмун, эч бирөө партияда эмес.

Ниязалы Бекбердинов: Сөзүңүздө туруңуз. Мен эртең эле тизмени алып келип берем.

Акылбек Мураталиев: Мейли, себеби бул чындык.

“Азаттык”: Руханий жан дүйнөнү тазалоонун мындан башка формасы жок беле?

Акылбек Мураталиев: Мындан башка жолу көп, бул ошонун бирөө. Бүгүнкү күндө элибизге эмне керек болуп атат? Ынтымак, тынчтык керекпи? Ошону башка элдер көрүш керекпи? Биздин жакшы ниет менен барганыбызды, биз ата бабаларыбыз салтыбызды, руханий байлыктарыбызды бүгүнкү күнгө чейин баалап келүүдөбүз. Мунун эч кандай жаман нерсеси жок деп ойлойм.

Ниязалы Бекбердинов: Мен мындай деп жатам, кыргызмын деген адам накта мусулман бололбайт жана болбош керек. Накта мусулманмын деген адам ал кыргыз эмес.

Акылбек Мураталиев: Андай аксиома катары коюуга болбойт.

Ниязалы Бекбердинов: Молдокелер айтып жүрөт, мен эмес.
Биз жөнөп кеткенден баштап ал жерге алты манасчы, комузчу, чопо чоорчу, фольклор тобун алып барабыз.


Акылбек Мураталиев: Сиздин оюңуз болсо жакшы болмок. Менимче, ар бир нерсе тепкич сыяктуу. Мен башында куран окуп, намазга жыгылып жүргөн баламын. Бул менин жан дүйнөмдүн өсүшүнө тепкич катары болду. Андан кийин мен ошол аркылуу кыргыздын кыргызчылыгын, улуулугун тааныдым.

“Азаттык”: Ниязалы мырза, балким сиз ушул жүрүшкө кошулсаңыз колдоп кетет белеңиз?

Ниязалы Бекбердинов: Эч качан. Азыр Кыргызстандын накта кыргыз тили, кыргыз дили корунучта. Биринчи коркунуч – ислам. Накта бардыгы исламдыкка өтүп кетсе, анда коом Манаска да, кыргызчылыкка да оомийин деп ташташ керек, Көк-бөрүнү да тартпай калышыбыз керек, үйүбүзгө комуз илинбей калыш керек.

“Азаттык”: Дин тутуу ар кимдин эркиндиги.

Ниязалы Бекбердинов: Туура, ар кимдин эркиндиги, мен ошон үчүн айтып жатам. Экинчи коркунуч – Чыгыш. Ал дагы кыргызчылыкка каршы. Ушул эки күчкө каршылыкка туруштук бериш үчүн албетте Манасты көтөрүш керек. Бирок сиздин жолдор менен эмес. Ошол Манасты айтып жүргөндөрдү колдош керек. Мисалы, мен Кытай өкмөтүнө ушунчалык чоң рахмат айтам, алар «Манас» айткандарга акча төлөйт экен.

Уусу күчтүү уруу талашы

“Азаттык”: Мурат мырза, ушул жүрүшкө баа берсеңиз, окумуштуулар чөйрөсүндө кандай кабыл алынып атат, кандай баа берилип жатат?

Муратбек Кожобеков: Бул таң каларлык окуя катары.

“Азаттык”: Коомдо тарыхый зарылдык болуп калдыбы?

Муратбек Кожобеков: Биз кандай коомдо жашап атабыз, кандай коом курабыз деген ой жүгүртүүнүн өзү да жакшы. Акчанын айынан бизде жан дүйнөнүн баары тең өзгөрүп кеткен убак. Бул топ да ойлонуп атышат, биз Манас жүрүшүн баштасак, анан Манас менен келсек кыргыздардын ички дүйнөсүнө да өзгөрүү жүрүп кетеби деген бир өзүнчө кыймыл.

“Азаттык”: Акылбек мырза айтпадыбы, азыр ушул жүрүштүн программасында кыргыздын ичиндеги 40 уруунун тандалма жигиттери Алтайга барып, 40 жылкыны минип Кыргызстанга топурак, таш алып келип, Манастын күмбөзүнө коет экен деп. Кандай деп ойлойсуз, бул Кыргызстандын уруу-урууга, жердешчиликке бөлүнүүнү азайтышы мүмкүнбү?

Муратбек Кожобеков: Жок, тескерисинче, бул көбөйтөт. Уруулук мамиле дегенден баш тартсак жакшы болот эле. Эмнегедир биздин туугандар такыр андан баш тартпай коюшту, уруучулук түзүлүштү мактап, уруучулукту даңазалап. Уруучулук деген өзү биримдикке такыр алып келбей турган нерсе. Мисалы, азыр ким айта алат, ким кепилдик бере алат, биздин жигитибиз эмне үчүн барбай калды деп башка уруу эртең чуу чыгарбайт деп. 40 уруу дегенди кантип тандап аласыңар, 40тан да көп уруулар бар бизде.



“Азаттык”: Барчу кишилерди тандоонун критерийи кандай, санына, же келбетине, же акчасына карап тандап атасыңарбы?

Акылбек Мураталиев: Уруунун деңгээлинде эмес, улуттун деңгээлинде сүйлөшүшүбүз керек. Бирок кыргыздын 40 уруусу деген илгертен келаткан сөз бар. Бир эле уруудан алып кетсе болот, же болбосо бул жерде өтө бышык каскадерлордун баарын алып кетсе болот, бизде кудайга шүгүр бар.

Уруу деген ким? Уруу деген сиз, мен, жалпыланып келгенде улут. Аларды тандоо эң негизгиси ден соолугу, андан кийин жан дүйнөсү, «Манасты» билүү, көкүрөгүндө ыйман болуу, эгерде «Манас» айта билгени болсо, ырдай билгени болсо бул да жакшы. Жол аябай татаал болот. Күн ысыкта түнөгөн жери талаа болот. Ошондуктан бардык жагынан төп келген жигиттерди тандап атабыз.
Эмнегедир кыргыздар кыйын мезгилде Манасты эске алышат. Бүгүнкү күндө кыргыздарды ынтымакка чакыра турган адам жок.


“Азаттык”: Албетте өкмөттүн токтому чыгыптыр. Бул кагаз жүзүндөгү чечим. Ал эми аны ишке ашыруу үчүн албетте каражат да, унаа да, бардык нерсе керек болот да. Силердин демөөрчүңөр кимдер?

Акылбек Мураталиев: Кандайдыр бир бөлүгүн уруу башчылары, маселен сарбагыш, саяк уруусу азыркы күндө балдарын тандап, бирок бир эле уруудан үчтөн-төрттөн балдар даярдалып атат. 80 миң сомдон балдардын барып-келиши, жол жүрүшү, тамак-ашын каржылоо алардын мойнунда. Мүмкүнчүлүгүнө жараша, мен ойлойм, сиздерге окшогон кыргызмын деген жарандар, бүгүн-эртең биз жарыя кылабыз, булар да сөзсүз түрдө бул нерсени колдойт. Себеби жеке эле уюштуруу тобунан эмес, жалпы мен кыргызмын деген атуулдардын керек болсо мойнундагы парзы деп түшүнөм.

Аян, кут, белги

“Азаттык”: Кыргызда сөз бар эмеспи, “жаман айтпай жакшы жок” деген. Жаманчылыктан кудай сактасын, бирок жолдо жүргөндө чыгым болуп кала турган болсо жоопкерчиликти ким тартат?

Акылбек Мураталиев: Ар бир кетип аткан атуул уюштуруу тобуна өзүнүн жоопкерчилигин, “жаман айтпай жакшы жок” дегендей, “мен эгерде кокус жолдо кандайдыр бир кырсыктар болуп калса жоопкерчилигин өзүмө гана жүктөйм” деген кагазды жазып калтырып кетет. Муну уюштуруу бир эле Алтайдагы шамандын аян келип эле өкмөттүн баары эле башы айланып калды дегенге мындай деп айтаар элем, бул аянга, шаманга, же мага келген жок.

Ниязалы Бекбердинов: Сиз жазганыңызды айттым, муну мен өзүм ойлоп тааптырмынбы?

Акылбек Мураталиев: Менин айтайын дегеним, аныкы да, меники да эмес, бул Манас атадан түшкөн аян деп түшүнүш керек. Бул чоң буйрук болот, ааламдан түшкөн буйрук, биз тек гана аткаруучубуз.

“Азаттык”: Жогорудан келген буйрук экенин ким, кантип далилдеди?
Киши бир доордо жашап аткан үчүн эле “замандаш” деп айтылып калды. Бул жерде партиянын эч кандай тиешеси жок.


Акылбек Мураталиев: Жогорудан келген буйрук экенин бүгүнкү күндө биздин кыргыздын атуулдары, кыргыздын жигиттери жылаңач колу менен окко чуркагандары, акыркы күндөрү элдин бары Манас деп калганы. Ар бир адамдын көкүрөгүндө бул ойгонуп атат. Кээ бир нерсени колу менен кармап, анан көзүбүз менен көргөндө гана бул чындык деп көнүп калганбыз да. Андан сырткары да башка дүйнө бар экенин, аны көрө билген адамдар бар экенин бүгүнкү күндө чыгып атат.

“Азаттык”: Ошол жүрүштүн натыйжасы канча убакыттан кийин кыргыз элинин жашоосунда көрүнөт, кантип көрүнөт, кандай натыйжа күтүп жатасыздар?

Акылбек Мураталиев: Абдан жакшы гана болот деп күтүп жатам. Себеби бул өзү чындык нерсе, мен өзүм ушунчалык ишенген нерсе. Анан кандай, качан деген, кимге деген нерсе ар бир адамдын жан дүйнөсүнүн деңгээли, канчалык ишеничи көп, жан дүйнөсүнүн аруулугу, тазалыгы, ыйманы болсо, ал адамдарга сөзсүз таасир берет.

“Азаттык”: Мурат мырза, бул жүрүш кыргыз тарыхы үчүн эмне берет?

Муратбек Кожобеков: Кыргыз тарыхы үчүн эгер жыйынтыктуу болсо жакшы болот. Бул жүрүштүн аркасында эгер кийин саясат жакты көздөй ооп кете турган болсо, анын жоопкерчилиги кимде калат жана андан башка да толгон-токой суроолор бар.

Акылбек Мураталиев: Бир партиянын бир өкүлү штабга мага телефон чалды, кайсы партия экенин айтпайм. Ошол партия канча чыгым кетип атат дейт. Мен айттым 5 млн. сомдой кетип атат десем, ушул чыгымдардын баарын биз көтөрөлү, биздин партиянын атынан кетпейсиңерби деди. Анан мен “жок, биз өзүбүздүн партия менен кетебиз” дедим. Чочуп кетти, сиздин партияңар кайсы деп? Мен айттым, биздин кыргыз деген партиябыз бар дедим. Ошону менен токтоду.

Руханий дүйнө жардылыгы

“Азаттык”: Ниязалы мырза, сиз бул жүрүшкө таптакыр каршы болуп жатасыз. Тарыхты, улуттук каада-салтты иликтөөнүн, таануунун азыркы учурга шайкеш кандай жолун сунуш кылаласыз?

Ниязалы Бекбердинов: Мен шайкешти айтаардын астында, бул кишинин айтканын кичине комментарийлеп коеюн, тарыхчы мени калп айттырбас. “Манасты” окусаңар, анда кыргыз деген жалпы эле улут. Ошол кыргыздын ичинде каракалпак Сыргак кирет экен, нойгут Чубак кирет экен, казак Көкчө, Аргын кирет экен, ушинтип чогулган эл да.

“Манастын” идеясы эмнеде жатат? Идеясы - бул өлкөдө жашайсыңбы, демек жалпыбыз кыргызбыз, кыргыз бололу деген. Бул идеяны кудай берген өлкөлөр колдонуп алышты, мисалы, Америка. Америкада төрөлдүңбү американец деп жазып коюшат. Францияда жашайсыңбы, француз кылып жазып коюшкан.

“Азаттык”: Улутуна, тегине карабай?
Албетте бул Манас атабыздын кайсы өрөөндө, кайсы жерде жатканы биз үчүн зор табышмак. Ошондуктан биздин жети облуста ыйык жерлер бар, ошол жерлерде ырым катары себип өтөт.


Ниязалы Бекбердинов: “Манаста” ошондой да тегине карабайт, жалпы жонунан баланчанын баланчасы кыргыз деп коет. Мына Өзбекстан колдоно баштады, Өзбекстанда жашайсыңбы өзбексиң деп коет. Демек биз биринчи жанагы нерсеге жетиш үчүн «Манаста» жаткан идеяны колдонушубуз керек. Кыргызстанда төрөлдүңбү кыргызсың деп жазып коюшубуз керек.

Экинчиден, аян берди шамангабы, же осьминоггобу – ал башка иш. Негизи биздин кыргыз элге кут келди деп мен 7-апрелден бери айта алам. Себеби аны референдум менен тастыктадык. Парламенттик башкарууга да өттүк. Прибалтика, Монголия, Чыгыш Европа бүт эле парламенттик башкарууга кирип жатпайбы. Эмне жаман болуп жатабы? Парламент башкаргандыктан кут кирип жатпайбы.

“Азаттык”: Ал эми кыргызды таануунун, иликтөөнүн өз тарыхын, улуттук каада-салтын таануунун кандай жолун сунуш кыласыз?

Ниязалы Бекбердинов: Болгону эле мындай окумуштууларга, манасчыларга татынакай шарт түзүш керек. 5 млн. акчаны ушуларга эле бериш керек, үйүн салып бериш керек. Ошолор бизди таанытат.

“Азаттык”: Жүрүш болду дейли, өттү дейли, ошондон кийин кыргыздын рухий, коомдук турмушуна эмне берет?

Акылбек Мураталиев: Жалпы кыргыз эли тиги жактан келаткан 40 жигитин жакшы тилек менен, ошолор жакшы бир нерсени алып келатат, элибизге буюрсун деп тиленсе, ошол сөзсүз түрдө аткарылат деп ишенем.

Ниязалы Бекбердинов: Барып келишсе, кокустан “жаман айтпай жакшы жок” дейт, өздөрү мен бир нерсе болсо эч ким күнөөлүү эмес деп кат жазса да, токтом бар болгондуктан биздин бийлик жооп берет. Энеси “мына токтомго сиз кол койдуңуз, менин уулум азгырып барып жолдон өлүп калды, жооп бергин” деп эртең эле сотко кайрылат. Айласыздан ушул балакет болот. Экинчиси, булардын туристтик экспедицияга барып келген сыяктуу кылып видео, китеп чыгарылат. Бөлөк кыргызга эмне ал?

Муратбек Кожобеков: 40 жигит менен барып эле, анан 40 жигит келип кыргызды ынтымакка чакырып жиберет деген ойдон алыс болуш керек. Анткени бүгүнкү күндө кыргыздар бири-бирин укпай турган, бири-бирин түшүнбөй турган абалга жеттик. Ошондуктан бүгүнкү күндө ал кырдаалдан чыгуу үчүн, укук коргоочу мырза айткандай, практикалык иштерди жасаш керек. Мисалы, сиздер өзүнчө топ куруп алып, арасына окумуштууларды кошуп эмне үчүн элдин арасында түшүндүрүү иштерин, маданий үгүттөө, агартуу иштерин жүргүзүүгө болбойт.

“Азаттык”: Анда эмесе чоң рахмат. Жүрүшкө барып калсаңыздар ийгиликти гана каалайбыз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG