Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:00

“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” сыналгы берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы Кыргызстандын түштүгүндө болгон окуяларга жана андан чыгуунун жолдоруна арналды.

Талкууга катышкандар:




Коомдук ишмер, мурдагы Ош облусунун губернатору Накен Касиев







“Кыргызстан-Өзбекстан” достук коомунун президенти, коомдук ишмер Бахтияр Фаттахов







“Азаттык”:
Мындан жыйырма жыл мурда эки элдин ортосуна бүлүк салган окуянын кайра кайталанышына эмне себеп болду деген ойдосуз?

Накен Касиев: Чынында бул маселенин түбү – социалдык проблемалар дагы эле болсо курч бойдон калды. Айрыкча акыркы жылдардагы өлкөдөгү коррупция, башкаруу бийлигиндеги акыйкатсыздык, элдин турмуш деңгээлинин төмөндөп кетиши, 7-апрелдеги элдик ыңкылаптан кийин ушул коомдогу курчуп турган маселелерди кайра басаңдатыштын ордуна кээ бир адамдардын чагымчыл иштери жана үчүнчү күч өзүнүн ролун чоң ойноду. Менимче, негизги маселелер мына ушулар.

“Азаттык”: Бахтияр мырза, сиз жаңы эле Оштон келдиңиз. Ал жерде абал кандай болуп жатат? Ушул кандуу окуянын чыгышына кандай күчтөр, кимдер кызыктар болду деген ойдосуз?

Бахтияр Фаттахов: 1990-жылы болгон окуянын себептери жакшы анализделип, жыйынтыгы жакшы көзөмөлдөнгөн эмес. Кадр саясатынын туура болгону да себеп. Бул деген – Кыргызстандын эли болгондон кийин, билесиз, беш балаңыз болсо бир балаңыз өзбек болуп турат, ушул балдардын бийликтин бутактарында өзүнүн өкүлдөрүнүн жоктугу, күч органдарында, армияда, милицияда өзбек балдардын болбогондугу 90-жылдын да себептеринин бири ошол болгон.
Дүйнөдө да улут аралык чыр-чатак кайсыл жерде көбүрөөк болот? Социалдык проблемалар чечилбегенде болот.


Бүгүн болгон окуяга саясий баа бериш керек. Кийин бул нерсе кайталанбай тургандай болуп ал элдин көзөмөлүндө болуш керек. Кудайга шүгүр дешибиз керек, өзгөрүш жакшы болду деп референдумдун жыйынтыгын айтсак болот. Элибизге жаман күчтөр мылтык менен ок атса, элибиз душмандарга каршы замбирек менен ок атты. “Биздин келечегибизди ала албайсың, элдин ынтымагын жогото албайсың, биз бир элбиз, эртең да бир болобуз” деген жообун берди. Бул бизди үмүттөндүргөн ошол жакшы ой менен күткөн жыйынтыкка ээ болду.

“Азаттык”: Сиз “өзбек улутундагы кадрлар тартип коргоо органдарына, аскер тармагында жок болуп жатат” деп айттыңыз. Андай адистерди даярдап, сунуш кылганга эмнеге болбосун?

Бахтияр Фаттахов: Бул бир күндө боло турган иш эмес.

“Азаттык”: Армияга өзбек улутундагы жоокерлер көп барышабы?

Бахтияр Фаттахов: Тилекке каршы, аябай аз. Эмне үчүн армияга өзбек балдарын чакырбай жаткан себебин изилдеш керек.

“Азаттык”: Чакырбай жатышабы же өздөрү каалабайбы?

Бахтияр Фаттахов: Эмне себептен армияда өзбек балдары болбогонун комиссия менен текшериш керек.

“Азаттык”: Атайын чакырылбай жатабы же альтернативдик кызмат кылабыз деп акчасын төлөп коюп барбай жатышабы?

Бахтияр Фаттахов: Мен мындай күнөөнү кое албайм. Балдарыбыздын ошол жерде болбогондугу ынтымактын жоктугунун бирден бир себеби.

Накен Касиев: Кээ бир “патриоттор” өзбек эли 700 миң киши болду, ошого пропорционалдуу кадрлар, жетекчи болсо” деп айтып атпайбы. Мен буга каршымын.

Биримдик+ынтымак=тынчтык

“Азаттык”: Укук коргоочу Азиза Абдырасулова Оштогу кандуу окуяга алдына ала даярдыктар көрүлгөн жана кылмыш дүйнө өкүлдөрү менен облустун жетекчилери байланышта болгон деп билдирди. Буга негиз барбы?

Накен Касиев: Кандайдыр бир деңгээлде мен кошула алам, ал киши да анализ кылып иш жасап атат. Мен толугу менен болбосо да ушунун төркүнү бар экенине ишенем.
Тил маселесин азыр козгой турган убакытпы? Өзбек жана кыргыз тилдерин бөлүп жарып, же болбосо автономия тууралуу ушундай кыйын убакта козгой турган убакытпы?


Бахтияр Фаттахов: Абдыганы Эркебаев Ошко барды, мен ал кишиге жолугуп айттым, аты-жөнүн айтып, бирөөнү күнөөкөр дегенге эч кимдин укугу жок. Укуктук өлкөдө ошол укуктуу чечим чыккандан кийин болот. Комиссиянын ишин тездетип, күнөөкөрлөрдү аныкташ керек. Ошондо эл айтат: “өкмөт бар экен, бийлик бар экен, бийликтин ээси экенбиз, биздин көзөмөлдө болот экен” деген жыйынтык болот.

“Азаттык”: Бахтияр мырза, өзбек элинин көрүнүктүү өкүлдөрү, мурдагы депутаттар бар. Жалалидин Салахудиновдун үйүнөн жана Иномжон Абдырасуловдун тууганынын үйүнөн курал жарак табылды. Салахудинов, Даврон Сабиров, Имонжан Абдырасулов менен сиз бирдиктүү көз карашта болгонуңуз коомго белгилүү. Салахудинов менен Абдырасулов курал-жаракты кайдан, эмне үчүн алганы сизге белгилүүбү? Деги эле ушул тынч заманда курал-жаракты үйдө кармоонун кандай зарылдыгы бар?

Бахтияр Фаттахов: Биринчиден, “алар менен көп жылдан бери бир болуп жүргөнсүз” деген сөзүңүзгө мен кошула албайм. Алардын пикирилери мага, меники аларга туура келбегени үчүн алар менден четтеп жүрөт. Даврон Муротович менен телефон аркылуу сүйлөштүм, ал киши колдон келген жумушун жасап атат. Жалалдин Салахудиновго “сен элди ынтымакка, биримдикке чакыр, колуңдан келген иш-чараны көр” деп айттым. Имомжан менен жолуккан жокмун, эмне оокат кылып атканын билбейм.

“Азаттык”: Демек курал-жаракты эмне үчүн алгандыгы сизге белгисиз турбайбы?

Бахтияр Фаттахов: Элдин алдында калпты жашырган болбойт. Күнөөсү болсо жоопкерчиликке тартылыш керек, улутуна карабастан жоопкерчиликке тартылыш керек. Ошондо гана бир элден болобуз. Улутуна карап туруп “бул менин улутумдан” деп жанына ала турган болсок анда чындык болбойт. Менин Салахудиновго “элди биримдикке, ынтымакка чакыр” деп айткан сөздөрүмдү ал киши угуп атса керек. Даврон Муратович менен көп жолу сүйлөштүм, ал кишиге да “колуңдан келген кызматыңды кыл, элди ынтымакка чакыр” деп айттым.

“Азаттык”: Накен мырза, “Ош жана Жалал-Абадда элдин жашоосу өнүкпөй жатат, паракорчулуктан көтөрүлө албайт” деп айтып жүрөсүз. Бирок элдин арасында “паракорчулуктун күчөшүнө аткаминерлер күнөөлүү, себеби жеке кызыкчылыктан көтөрүлө алышпайт” деп айтып жүрүшөт. Эмне себептен деп ойлойсуз?

Накен Касиев: Абдан туура, мен буга кошулам. Себеби коррупция айрыкча кадрларды тандоо маселесинде башталат. Себеби эл журт көрбөйт деген менен баары көрүнүп турду. Биз чакан республикабыз, кимдин кандай кылып атканы көрүнүп турат. Кичинекей республикабызда адилеттүүлүктөн кайткан жерде татаал чыр-чатак болот.

“Азаттык”: Кайткан жердин негизги чекити кайсы жерде? Жогорку бийликтенби?

Накен Касиев: Бийликтин башында турган адамдар эгер калыстык жана акыйкаттык менен элге мамиле кылса ошол жерде тынччылык да, бейпилдик да болот.

“Азаттык”: Облус жетекчилеринин чечкиндүү кадамга барышына тоскоолдуктар барбы?

Накен Касиев: Ош тополоңунда облустук жетекчилерге убакыт өтө аз болуп калды. 90-жылдардагы маселеде эң негизги чыр-чатак кайдан чыккан? Жогору жактан элге туура эмес мамиле, акыйкатсыздык болгон үчүн чыккан. Бул тополоңдо да беш жылдын ичинде топтолгон маселе акыры келип жарылды. Эл курал катары пайдаланылып кетти. Биз мындан эч нерсе уткан жокпуз, өзбек да, кыргыз да уттурдук.

Фаттахов мырза абдан туура айтып атат, азыр бардыгыбыз бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, элибиздин биримдигин сактап, ынтымагыбызды, достугубузду кайрадан тезирек калыбына келтирсек анда биз ута алабыз.

Жоопкерчилик бардыгы үчүн бирдей

“Азаттык”: Бахтияр мырза, You Tube деген интернет сайт бар эмеспи. Ошол интернет сайтка Кадыржан Батыровдун “Кыргызстандагы өзбектерде өзүнчө автономия болуш керек” деген чакырыктарын МезонТВ сыналгысы аркылуу бергени жайгаштырылды. Буга чейин 2002-жылы да Кадыржан Батыровдун демилгеси менен өзбек тилине расмий тил макамын бериш керек деген демилгелер да көтөрүлгөн болчу. Кандай деп ойлойсуз, мындай чакырыктарды Кадыржан Батыров өз демилгеси менен айтып жүрөбү же атайын бир программанын негизиндеби?



Бахтияр Фаттахов: Автономия жөнүндө сөз 90-жылда да болгон. Түштүк жергесиндеги калктын 30 пайызы өзбек болсо, 70 пайызы кыргыз туугандар. Автономия болсо өзбек бийликтин ээси болуп калабы? Андай болгон эмес, ал четтен берилген ой пикир.
Ош шаарынын өзүнүн архитектурасы, көркү бар. Бир кабат менчик үйлөрдүн ордуна көп кабат куруп койгондо эле проблема чечилбейт.


Биз үчүнчү күчтүн таасири бар дегенди билип турбайбызбы. Кадыржан тил жөнүндөгү нерсени айтып кеткендей эле мен бир нерсени айтып кетейин: тилдин Конституцияда өзүнүн мыйзамы бар, мен парламентте иштеп турганда Кыргызстанда мамлекеттик тил кыргыз тил болот деп өзүм демилге көтөрүп чыккам. Ал жашап аткан жерде мыйзамда аныкталат, аны Конституция кабыл алып атканда көтөрүп чыгып, талап кылуу негизсиз. Элдин баласы болсо элди аралап жүрүш керек да, Кыргызстандын жаранымын, Кыргызстандын элинин баласымын десе элдин арасында жүрүш керек. Кайсыл бир күчтөрдүн оюн ортого сала коюп, элдин ортосуна от жагып кеткен жигиттерибиз жоопкерчиликке тартылыш керек. Кудайдын алдында да жоопкерчиликке тартылыш керек.

“Азаттык”: Демек Кадыржан Батыров мындай чакырыктарды өзүнүн демилгеси менен айтып жүрөбү?

Бахтияр Фаттахов: Мен ал кишинин ой пикирине кошулган эмесмин, ошон үчүн мени жактырбайт. Бул бийликтин да күнөөсү бар. Бишкекке келип, булар менен жолукканда Бахтияр Азизовичти бир чакырып коюп, бирге жолугалы десе анда жакшы болот эле. Көп жылдан бери Бишкекте жашап аткандан кийин өзбектердин проблемасы болгондо, сүйлөшүп атканда чакырып, “Бахтияр, сиздин кандай оюңуз бар?” десе мен ортодо чындыкты айтып коет элем. Бардыгына кайрылам: бүгүнкү күндө элди ынтымакка тартып, жүрөгүндө улуттук духу чоң, жүрөгү таза, оорусу жок эки эл бирбиз. Тарыхты көп окуган адамбыз, тарыхты изилдесеңер – эки эл бири-бирине эң жакын.

Мен Ошто жүрүп, элдин маанайын көрүп, үмүттөнүп атам. Себеби көпчүлүктүн ой-пикири ушундай. Көпчүлүк “ынтымакта бололу, жакшы бололу, тезирек базарлашып, мечиттерге баралы” деп атышат. Биз жолугуп кедик, аксакалдар келди. Ильяз Жусубалиев жана Ош шаарынын кеңешинин төрагасы Бөрүбай Жураевич аксакал экөөнү алып, мечиттерге барып, эл менен сүйлөшүп атабыз. Бата берип атышат.

“Азаттык”: Накен мырза, массалык маалымат каражаттары Кыргызстан аркылуу күнүгө миллиондогон доллар баңги заттар өтүп турат деп айтышууда. Жакында эле дагы бир маалымат агенттиги Бакиевдер баңги жолун кайра өздөрүнө кайтарып алуу үчүн жанталашып жатат деп жазышты. Сиз губернатор болуп иштеп турган кезде баңги жолу кимдин колунда эле? Азыр кимдин колуна өтүп жатат?

Накен Касиев: Баңги жолуна мен иштеп турган убакта деле бийлик аралашкан. Чынында укук коргоо органдарына да түздөн түз кийилигишип, ошол жолду ачканга аракет кылган адамдар болгон. Бийлик буга түздөн-түз аралаша алат жана ага жол да, шарт да түзүп бере алат. Ошондуктан сиздин суроо туура.

“Азаттык”: Азыркы бийликте кимдер буга кызыктар жана кимдин колуна өтүп жатат деген ойдосуз?

Накен Касиев: Менимче, Убактылуу өкмөттүн ага деле убактысы аз. Кийлигишкенге убактысы жеткен деле жок. Бул бийлик ушул маселеден четте турса элге да, жалпы ошол трафикте болуп аткан иштерге да жеңилдик алып келет го деген оюм бар.

Бахтияр Фаттахов: Билесизби, үчүнчү күч дегендин өзүнүн да кысымы бар. Ошол бирөө баңги зат менен алектенген кишилер – үчүнчү күчтүн бири.

“Азаттык”: Ошолордун аттарын так атай аласызбы?

Бахтияр Фаттахов: Жок, мен 15 күндөн бери Ошто болуп атам. Бул тополоң кимге керек эле, ошол тополоңдон кандай пайдаланса болот, ошол тополоң аркылуу кандай иштерди кылса болот деген суроолорго жооп берип атканда наркотрафиктин ээлери ушундан пайдаланат деген жыйынтыктар бар. Бул өкмөт мындан четте турбаш керек, өкмөт буга жол бербеш керек.

Баңги заттар менен күрөшүүчү агенттик бар эле, аны жоюп жиберишпедиби. Ал агенттикке жүрөгүндө оту бар балдарды алып келиш керек. Кыргызстандын атын тазалап, эл аралык аброюбузду көтөрүшүбүз керек. “Кыргызстан – наркотрафиктин жолу” деген сөз бардыгыбыз үчүн уят. Ооганстан менен коңшу жашап да ата-бабабыз буга жол берген эмес, ошого көңүл бурушубуз керек.

“Азаттык”: Бахтияр мырза, эл арасында “каза болгондордун кыркылыгы өткөн учурда дагы бир кагылыш болот, аны тымызын даярдап жаткан күчтөр бар” деген имиштер пайда болду. Буга негиз барбы? Деги эле карапайым эл андай кагылышты каалайбы же мунун артында чоң максат турабы?
1990-жыл менен 2010-жылдагы сабак ар бир кыргыздын, ар бир өзбектин жүрөгүндө туруш керек. Ар бир адам ушул маселени курчутпаш керек.


Бахтияр Фаттахов: Биринчиден, кыркылыгы болот. Бул мусулмандын шартында коюлган күнүнө карап туруп болот. Ошол күнү болжолдоп аткан кара ой кишилерге айтып коеюн: колуңардан келбейт, элде мындай маанай жок. Төрт күн мурун бир аксакал келип “инимдин кызын турмушка бердик, той кылат элек, ушундай болуп калып болбой калды, кандай кылабыз” дегенинен ошол жерге барып, өзүбүз билген куранды окуп бата бердик. Жаштар эмнеге күнөөкөр болмок эле? Алар да үйлөнсүн, той болсун деп ошол жерден той өткөрдүк. Андан кийин куданыкына бардык. Анан “бала төрөлсө атын Тынчтыкбек” койгула деп бата бердик.

Туура, бардыгыбыз кайгырып атабыз, бардыгына көңүл айтабыз. Биз жүрөгүбүз менен ошолор менен биргебиз, кыйын болду. Кечиримдүү болушубуз керек, мен үмүттөнүп айтып кетем: мындай ишке жол бербейбиз, үмүт жакшы, кудай буйруса жакшы жолго түшөбүз, коркунуч жок.

Ордолуу Оштун архитектурасы жана планы

“Азаттык”: Азыр албетте ар бир адамдын жүрөгүндө бүлүнгөндү бүтөйлү, сынганды кайра калыбына келтирели деген ой бар. Мына ушундай пикирлери менен “Азаттыктын” көрүүчүлөрү “Ыңгайсыз суроолорго” келип өзүлөрүнүн суроолорун берип кетет. Алардын бири – “Ак шумкар” партиясынын мүчөсү Өмүрбек Султанов суроо берди:

- “Ак шумкар” саясий партиясынын лидери Темир Сариевдин демилгеси менен убактылуу өкмөт Ош жанан Жалал-Абад шаарларын өнүктүрүү боюнча чечим кабыл алып, дирекция түзүлдү. Бул ойлор ишке ашкан учурда Ош жана Жалал-Абад шаарлары абдан көркөмдүү жана жашоого ыңгайлуу болот деп архитекторлор да ишендирип жатышат. Ушул демилгени ишке ашырууга каршылар болбойбу жана дирекция жергиликтүү тургандар менен бирге иш алып барабы?

Бахтияр Фаттахов: Биз жабыр тартып, үйлөрү күйгөн элдерге чатырларды берип, үйүңөргө барып бир бурчунда жашап тургула деп атабыз. Чыгып кеткен мародерлор бар экен. Бардык жерде күйгөн үйлөрдү бузуп, көп кабаттуу үйлөрдү курабыз деген сөз негизсиз. Бул ошол мамлекеттик дирекция түзүлгөндөн кийин өзүнүн долбоорлорун иштеп чыгат.

Жантөрө Жолдошев шаарда, облуста жетекчи болгон жигит. Ал өзүнө жакшы команда түзүп, жакшынакай иштеп, инфраструктурасы бар жерге суунун тартып, канализациясын карап куруш керек. Эми биз бул иш менен элди нааразы кылбашыбыз керек. Элди үйлөрүнө кайтаргандан кийин ар бир жерге даректери менен өкмөттүн комиссиясы бар, ошол келгендерди аныктоо керек. Тилекке каршы, комиссиянын иши жакшы болбой атат. Бул үйлөрдү бузуп салып, көп кабат курабыз деп элди алып барып аткан саясатка каршы чыгарбашыбыз керек. Бул дирекция өзүнүн иш-чарасын иштеп, өкмөткө сунуштап, жергиликтүү бийликтин ой-пикирин эсепке алып, анан бекиткенден кийин элге жарыялаш керек.



“Азаттык”: Демек көп кабаттуу үйлөрдү куруу керекпи?

Бахтияр Фаттахов: Куруу керек, шаардын планын жакшылап карап чыгып, өнүгүү жерлерин түзүшүбүз керек.

“Азаттык”: Өрттөнүп кеткен эле жерге үй куруп беришсин деп айтасызбы, же ошол жерге көп кабаттуу үйлөрдү курса жакшы болот беле?

Бахтияр Фаттахов: Базар экономикасында мүлктүн ээси – ал үйдүн ээси. Ал кишинин тилегин эсепке алышыбыз керек.

“Азаттык”: Үйү өрттөнүп кеткен кварталдарда көп кабаттуу үйлөрдү куруш керек деген пикирлер көп айтылып жатат. Сиз орундуу деген ойдосузбу?

Накен Касиев: Менин оюмча, Ош шаарынын өзүнүн архитектурасы, көркү бар. Бир кабат менчик үйлөрдүн ордуна көп кабат куруп койгондо эле проблема чечилбейт. Адегенде шаардын архитектурасын терең изилдеп, мурунку калыбына келтирүүнүн амалын кылыш керек.

Мен Темир Сариевдин демилгесин колдойм, бул жигит реалдуу сунуш киргизип атат. Бирок Оштун көркүн бузбай, калыбына келтирип, элге жакшы маанай тартуулашыбыз керек.

Бахтияр Фаттахов: Ушул жерде жардамчысы Арзыбек деген инибиз министрдин орун басары. Ошол ар күнү биз менен катышып колдон келген каржылоо жагындагы көйгөйлөрдү чечип турду, ошого биз ыраазычылык айтып коюшубуз керек. Темир Сариевдин өкүлү Ош жеринде жакшы иштеп берди.

Ырчы – элчи

“Азаттык”: Өзбекстандан чыгып кеткен эл артисти Юлдуз Усманова деген ырчы бар. Ал азыр Түркияда жашайт. Ошол кайгылуу окуядан кийин кыргыздардын башкы суусундугу болгон кымызын келекелеп, кыргыз элинин намысына тийген ыр ырдады. Бул боюнча Кыргызстандын Маданият министрлиги билдирүү таратып, элчи менен ырчы кандай кырдаал болбосун калыс болуш керектигин айтты. Кандай деп ойлойсуз, эл ырчысынын ушундай ырды ырдоосунун жеке өзүнүн патриоттуулугубу же бирөөнүн буйругун аткардыбы?

Бахтияр Фаттахов: Жок, менин оюмча, өлкө жөнүндө айтканда биз Өзбекстан элине, бийлигине ыраазыбыз. Алар биздин элди жакшынакай карап, өзүнүн жардамын берип, бүгүн да калган жарадарларды дарылап, бизге жакшынакай кылып өткөрүп берип атышат.
Кайсыл бир күчтөрдүн оюн ортого сала коюп, элдин ортосуна от жагып кеткен жигиттерибиз жоопкерчиликке тартылыш керек.


Ал ырчы кыз ырдап атканда саясаттын жолуна түшпөшү керек эле. Түркияда болуп алып бул жердеги кыргыз-өзбек элинин ортосуна от жакпаш керек болчу. Жүрөгү күйбөгөн ким бар? Азыр бардыгынын жүрөгү күйөт. Акылга салып, акылдан тилге чыгарып атканда бир дем алып анан сүйлөш керек.

Азыр Түркияда жүрүп өзбек элине жакшы көрүнөйүн дегениби? Өзбекстанда жашап аткан кыргыз туугандарыбыз биздин эл эмеспи? Эмнеге от жагыш керек? Бүгүн элдин арасына сөз айтам деген адам ынтымакка чакырбаса бул элдин кишиси болбойт. Мына Өзбекстандын жетекчилерине биз рахмат айттык. Элдин, кудайдын алдында ак болом десеңер ынтымакка чакыргыла, тарых өзүнүн баасын берет.

Кандуу окуялардын сабагы

“Азаттык”: Накен мырза, эми мындан ары мындай кагылыштар болбосу үчүн бийлик, коомчулук жана коомдук ишмерлер эмне кылыш керек?

Накен Касиев: 1990-жыл менен 2010-жылдагы сабак ар бир кыргыздын, ар бир өзбектин жүрөгүндө туруш керек. Ар бир адам ушул маселени курчутпаш керек. Анан кээ бир “патриоттор” ушундай кыйын маалда эле маселени алып чыгат.

Мисалы, тил маселесин азыр козгой турган убакытпы? Өзбек жана кыргыз тилдерин бөлүп жарып, же болбосо автономия тууралуу ушундай кыйын убакта козгой турган убакытпы? Ошондуктан ким жапа чегет? Элибиз жапа чегип атат. Жанагындай чагымчылар чагып коет дагы чыга берет. Ассамблея деп койдук, акыркы беш жылда бул болгону декорацияга айланып калды, эч иш болгон жок. Бул чай ичишмей гана, дасторкондун арасындагы сөз болуп калды, ассамблеяда иш кылыш керек.

Бахтияр Фаттахов: Ата мекен бири. Кудайга шүгүр, өзүңөрдүн батаңар, добушуңар менен жакшы заманды баштап алдык. “Элдин баласымын, элге кызмат кылам” деп бардыгыбыз үлүшүбүздү кошсок элдик ак батасын алабыз.

“Азаттык”: Бизге Абыкалиева Зинат деген көрүүчүбүз суроо узатты:

- Кыргызстандан Өзбекстанга миңдеген киши качып, кайра кайтып келди. Алардын арасында экстремисттик топтордун өкүлдөрү кошо кирген жок деп ким кепил болот? Алар кийин дагы бир кагылышты жасабайт деп айта аласызбы?

Бахтияр Фаттахов: Карындашымдын тынчсызданып берген суроосу эң туура. Коргоодо тургандар документине жакшылап карап өткөрүп атат. Ал жакка өткөндө да документин карап, ошол күндөрү өткөнбү-өтпөгөнбү деп атат.

“Азаттык”:
Документтери өрттөнүп кеткендер эмне болду?

Бахтияр Фаттахов: Документтери өрттөнүп кеткендерге биз менен келди деп кепил болгон кишилер бар, алардын тизмесине түшкөн. Андай коркунучту биз да органдарга айтып атабыз, өзүбүз барып караганда андай күчтөр жок деп эсептесек болот. Анткени палаткада жашагандар башка элди киргизбей кайра өткөрүп берди. Мен Ош элинин 90 пайызын көзүм менен көрүп тааныйм, ошон үчүн андай коркунуч жок болсо керек. Бирок көзөмөлдү күчөткүлө деп органдарга тапшырма бердик.

“Азаттык”: Накен мырза, HRW эл аралык уюму ушул кандуу окуяларды эл аралык деңгээлде изилдеш керек деп айтты. Анын зарылдыгы барбы?
Эмне себептен армияда өзбек балдары болбогонун комиссия менен текшериш керек.


Накен Касиев: Эл аралык уюмдар сөзсүз керек. Бирок биз өзүбүз жакшы изилдеп, анан эң негизгиси ошону болтурбоо үчүн иштерди жасай турган болсок анда иш жакшы болот.

“Азаттык”: Үчүнчү күчтөр деп атабыз. Ош окуяларында Бакиевдер Өзбекстандын Ислам кыймылынын желдеттерин колдонду деп айтылууда. Бирок алардын сүрөтүн жана дарегин так көрсөткөн жок. Кандай деп ойлойсуз, ошолор чын эле колдонулдубу?

Бахтияр Фаттахов: БТРди алып, артынан снайперлерди кошуп атып жүргөндөр ким? Анан ошол жерде аксакалдар биз тааныбаган балдарды көрдүк деп атышат. Ал үчүнчү күч бар экендиги анык. Ким аркылуу бул жерге келгенин аныкташ керек. Башка улуттун өкүлдөрү снайперлер кармалбадыбы. Аларды ким алып келди? Алар көп акча менен келди да.

“Азаттык”: Сиз аларды өз көзүңүз менен көрдүңүзбү, далилденеби?

Бахтияр Фаттахов: Снайперлердин атып жүргөнүн көрүп, ошонун арасында жүрбөдүмбү. Кармалгандарды болсо укук коргоо органдары изилдеп атышат, тергөө тартиби бар. Ошол жерде атылган окту снайперлердики болгонун көрүп туруп айтып атам. Бул жаман күчтөрдү биздин Кыргызстанга жөнөткөн адамдар бар, мунун ээлери бар, аны аныкташ керек.

“Азаттык”: Накен мырза, эки улут ортосундагы араздашууну эми болтурбоонун бир жолу катары, мисалы, Акаевде “Кыргызстан – жалпыбыздын үйүбүз” деген ураан бар эмес беле, ушундай ураанды алдыга коюш керекпи же Путин сыяктуу социалдык саясатты күчтөндүрүү керекпи? Деги дүйнөлүк кандай практика бар?

Накен Касиев: Дүйнөдө да улут аралык чыр-чатак кайсыл жерде көбүрөөк болот? Жогоруда айткандай социалдык проблемалар чечилбегенде болот. Ошондуктан бул проблеманы чечүү үчүн биз элдин жашоосун кичине жеңилдететишибиз керек. Бийликтеги коррупцияны жоюшубуз керек, ата мекендин тынччылыгы үчүн ар бир атуул күрөшүш керек. Мисалы, өзбек элинде бир жакшы сөз бар “үйүңдө тынччылык болбосо мекениңде тынччылыктын кереги эмне?” дейт. Ошондуктан биздин бир гана мекенибиз бар, бул – Кыргызстан. Ошонун тынччылыгын сактайлы. “Жалпыбыздын үйүбүз” дегенге мен башынан деле кошулган эмесмин, азыр да кошулбайм. Бул үй эмес, бул – биздин ата мекен.

Бахтияр Фаттахов: Азыр аябай көп жаштарыбыз үйлөрүндө отурат. Алардын күчүн жаңы үйлөрдү курууга тезинен тартышыбыз керек. Иш жерлерин түзүшүбүз керек, ошону менен өнүгүү жагына өтүп кетебиз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG