Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:44

Кыргызстанда бүгүн Улуу Үркүн окуясы эскерилип жатат. Улуттук китепканада Үркүн темасында көргөзмө ачылды. Боом капчыгайында шейит кеткендерге кыргыз салты боюнча куран окулуп, аш берилди.

Өткөн жылы апрелде Кыргызстандын парламенти август айынын биринчи жума күнүн 1916-жылдагы окуяларда шейит кеткендерди эскерүү күнү катары белгилөө тууралуу чечим кабыл алган. Ошондон бери бул күн экинчи жолу белгиленип жатат. Улуттук тарых музейинди Үркүн боюнча көргөзмө ачылды. Боом капчыгайында эскерүү жыйыны өткөрүлүп, кыргыз салты боюнча куран окулуп, аш берилди. Бул иш чарага парламент депутаттары, өкмөт өкүлдөрү, коомдук ишмерлер катышты.

Жогорку Кеңештин депутаты Бейшен Абдразаковдун айтымында, бул иш чаранын максаты – бирөөлөрдү күнөөлөп жоопко тартуу эмес, ата-бабанын астынан өтүп, атуулдук милдетти аткаруу болуп саналат.

1916-жылы жай айларында падышалык Россиянын оорукка аскер алуу амирине каршы Кыргызстан менен Казакстанда эл көтөрүлүп чыгып, элдин каршылык падышанын армиясы тарабынан ырайымсыздык менен басылган. Чүй, Ысык-Көл, Нарын өрөөнүндөгү кыргыздар тоо аралап, бир бөлүгү Кытайга качып, ач-бел куу-жондо көп миңдеген кырылган. Тарыхый булактар үркүндө 150 миңден үч жүз миңге чейин эл кырылган деген маалыматтарды берип келатышат.

Бедел ашуусундагы кырылган элдин сөөгү мал сөөгүнө аралашып токсон жыл жатты
Кочкор районунун тургуну Кеңешбектин атасы бир туугандары менен Үркүндө Кытайга качып барып, көрбөгөн кыйынчылыкты көрүп, акыры кайтып келген. Атасынын иниси Аалы Кулубеков ошол үркүндө көргөн азап-тозокторун жазып калтырган экен. Эми балдары ошол атасынын эскерүүлөрүн китеп кылып чыгарып, Улуттук китепканага тапшырышты. Кеңешбектин айтымында, анын атасы Үркүн маалында ач бел, куу жондо эл кырылган окуяларды далай ирет айтып берген экен.

- Тамак жок кыйынчылыктан далай адам өлгөн, далайы карышкырга, чөөгө жем болгон. Чөө деген балээ экен. Кочкордун ичи ошондо төө кирсе көрүнгүс жер экен. Чөө деген толтура болгон экен. Ыраматылык атам көп айтар эле, чөө кубалап, сууга киер качып кутулганын,-дейт Кеңешбек.

1916-жылдагы окуяларга коомчулукта бир кылка көз караш жок. «Асаба» партиясы, «Ашар» кыймылы сыяктуу бирикмелер Үркүндү орус баскынчыларына каршы улуттук көтөрүлүш катары маанисин баса белгилеп айтып келатышат.

Экинчи тараптагы иликтөөчүлөр Үркүндү улуттук көтөрүлүш катары көтөрө чалып көрсөтүүнүн кереги жок, бул окуяны улуттук трагедия катары гана кабыл алыш керек деген көз карашта болуп келатышат.

- Трагедиясы көп, баатырдык жагы жокко эсе болгон деген ойдомун. Ушул ойду акырындык менен элге түшүндүрүүгө аракет жасашыбыз керек. Антпесек, биз адашып туура эмес көз карашта болуп келе беребиз,-дейт тарых илимдеринин доктору Акылбек Жуманалиев.

2006-жылы Үркүндө Кытайга бараткан көп эл кырылган Бедел ашуусуна экспедиция барып, адам сөөктөрүн жыйнап жерге жашырып, эстелик коюп кайткан.
2006-жылы Президент К. Бакиевдин Жарлыгы менен Үркүндүн 90-жылдыгын белгилөө боюнча иш чаралар өткөрүлгөн. Үркүндө Кытайга бараткан эл кырылган Бедел ашуусуна экспедиция барып, адам сөөктөрүн жыйнап жерге жашырып, эстелик коюп кайткан. Андан кийин Боом капчыгайында Үркүн курмандыктарына арналып эстелик тургузулган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG