Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:38

ЕККУнун ММК эркиндиги боюнча өкүлү Кыргызстандын Кылмыш-Жаза кодексиндеги “жалган жалаа жана ар-намыска шек келтирүү” боюнча беренелерди Конституцияга шайкеш кылып оңдоо демилгесин көтөрүп, Жогорку Кеңешке кайрылуу жөнөттү.

Кыргызстанда 2010-жылдын 27-июнунда кабыл алган Баш мыйзамга ылайык, эч ким башка бирөө туурасында жалган маалымат таркаткандыгы үчүн кылмыштык куугунтуктоого алынбайт. Ар бир адам өз оюн эркин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укугу бар. Анткен менен Баш мыйзамдын мындай беренелерине Кылмыш-Жаза кодексинин 127-128-беренелери каршы келип, тескерисинче, ушактоо жана мазактоого жол берген адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылары, керек болсо эркинен жыратылары белгиленген.

Дунья Миятович
Мындан улам Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун ММК эркиндиги боюнча өкүлү Дунья Миятович аталган кодексти Баш мыйзамга ылайык оңдоо демилгесин көтөрүп, жаңы ишке киришкен парламентке кайрылуу жөнөткөн.

ЕККУнун Бишкектеги Медиа эркиндиги боюнча өкүлү Бурул Усманалиева маалымдагандай, уюмдун кайрылуусунда ушактоо жана мазактоо боюнча кылмыштык куугунтуктоо алынып салынса, Кыргызстан сөз эркиндигине ылайыктуу өбөлгө түзүлгөн Борбор Азиядагы жападан жалгыз өлкөгө айланары жазылган:

- Жаңы кабыл алынган Конституцияга карата мыйзамдарды калыбына келтирүү өтүнүчү болду. Эгерде Кыргызстан ушуга аягына чейин чыга турган болсо, Борбордук Азияда маалымат үчүн куугунтук болбогон биринчи өлкө, ЕККУнун өлкөлөрүнүн арасында 12-орундагы өлкө болуп саналат. Бул аябай алдыңкы орундар. Ушундай үмүтүн билдирип, Жогорку Кеңештин биринчи күнүндө ушундай суранычты жөнөткөн.

Буга чейин Кылмыш-Жаза кодексин өзгөртүү демилгелеринен майнап чыккан эмес

Кылмыш-Жаза кодексинин 127-беренесинде белгиленгендей, ушак таратканда, башкача айтканда, экинчи бир адамдын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген же анын беделин кетирген жалган маалыматтарды атайылап жайылтканда бир айлык акынын элүү өлчөмүнөн жүз өлчөмүнө чейин айып төлөм салынат. Эгер жалган маалымат калк алдында айтылып, же массалык маалымат каражаттары аркылуу жасалса, ошондой эле “оор кылмыш жасады” деген жалган жалаалар менен коштолсо жазанын күчү жогорулап, жалган маалымат таркатты деген адам үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ал эми мазактоо же адамды шылдыңга алуу боюнча 128-беренеде мазактоонун мүнөзүнө карата айлык акынын жыйырма өлчөмүнөн, жүз өлчөмүнө чейин айып төлөм салынат.

Акмат Алагушев
Буга чейин Кылмыш-Жаза кодексинин бул беренелерине өзгөртүү киргизүү, же аларды таптакыр эле алып салуу үчүн бир катар журналисттик уюмдар демилге көтөрүп келишкен. Медиа өкүл Акмат Алагушев билдиргендей, бул аракеттерден майнап чыккан эмес . Анын айтымында, кайсы бир мааниде ушактоо жана мазактоо боюнча беренелер бийликтин журналисттерди ооздуктоочу куралы катары колдонулган:

- Бул бийликтин колунда бир топ эле курал болчу. Анткени он жылдан бери үч жолу бул маселе көтөрүлгөн. Анан биздин парламент үч жолу аны карап туруп кыйып коюшту. Эми чынын айтканда бир макала болобу, телевидение, радиодон айтылган сөздөрү үчүн бул эч качан кылмышкер деп эсептелбеши керек.

Башка мыйзам долбооруна муктаждык барбы
?

Кайсы бир адам туурасында жалган маалымат таркатып, аны мазактаган адамга карата кылмыш жоопкерчилигинин алынышы журналисттик коомчулук тарабынан колдоого ээ болууда. Деген менен бул беренелер жокко чыгарылса “журналисттердин жазган макаласы үчүн жоопкерчилиги азайбайбы, алар каалаганын жасабайбы" деп кооптонгондор да бар.

Укук коргоочу жана эркин журналист Илья Лукашовдун пикиринде, журналисттерди кылмыштык куугунтуктоого алган бул беренелерди алуу мезгил талабы болгону менен журналисттердин ишмердүүлүгүнө көзөмөл кыла турган башка мыйзам долбоору керектигин белгилейт:

- Кылмыштык куугунтуктоону алып салуу боюнча абдан ылдам аракеттер, Конституцияда жазылганына карабастан тескери таасирин тийгизиши мүмкүн. Биринчиден, учурда гезит басылмаларда улутчулдук маселеси айдан ачык. Эгер мыйзамды тез арада өзгөртүп коюшса, басылмалардагы улутчулдук көрүнүшү көбөйүп, коом аймактык жана этникалык өзгөчөлүктөрү боюнча бөлүнүүгө дуушар болушу мүмкүн. Бирок беренелерди алып салуу керек экендиги – бул факт.


Анткен менен бир катар юристтер Кылмыш-Жаза кодексинен 127-128-беренелер алынып салынган күндө да, массалык маалымат каражаттарынын жана журналисттердин мыйзам алдындагы жоопкерчилиги башка кодексте сакталарын билдиришет.

“Фергана өрөөнүнүн көз карандысыз юристтери” уюмунун юристи Каныбек Токтосун уулу аталган беренелер кодекстен алына турган болсо, жалган жалаа жана мазактоо фактылары боюнча жоопкерчилик Административдик кодекске өтөрүн, журналисттер жалган жалаа, же мазактоо үчүн кылмышкер деп аталбай, укук бузган адам катары саналарын белгиледи:

- Кылмыш-Жаза кодексинде бир гана кылмыштар жазылат. Муну алып салып, Административдик кодекске киргизип койсок, ага ылайык ал адам, мисалы, журналист бирөөнү атайын мазактап, же болбосо ушактай турган болсо, бул учурда журналист кылмышкер катары эмес, укук бузуучу катары саналып, ошол эле айыпты тартат, бирок административдик кодекске бул киргизилиши керек.


“Кылмыш-Жаза кодексин өзгөртүүгө туура келет”

Кылмыш-Жаза кодексинин аталган беренелеринин тагдыры жаңы парламенттен көз каранды болууда. Ал эми жаңы ишке киришкен Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” партиясынан депутаты Жоомарт Сапарбаев белгилегендей, бул мыйзам алдыңкы отурумдарда каралышы мүмкүн.

Жоомарт Сапарбаев
- Маалымат каражаттарын колдоо максатында Конституцияга мындай мыйзам киргизилген. Экинчиден, албетте Кылмыш-Жаза кодексин өзгөртүүгө туура келет. Өзгөртүш керек болот. Анткени Конституцияга кирип калгандан кийин. Болгону эми бул жакта маалымат каражаттары өзүлөрүн тескеп, сын-пикирлерди бир сыйра серептеп, текшерип туруп чыгарат го деп ойлойм.

Кылмыш-Жаза кодексиндеги так ушул беренелер боюнча буга чейин бир катар журналисттер айыпталып, айрым гезиттер жабылган.

Медиа адис Илим Карыпбеков билдиргендей, Кыргызстанда ушактоо жана мазактоо боюнча бир жылда кеминде бештен онго чейин соттошуу иштери болот. Буга чейин "Республика" гезитинин редактору Замира Сыдыкова, таластык журналисттер Козубек Иманкулов, Батыркул Боромбаев өңдүү бир катар журналисттер 127-берененин негизинде сот жообуна тартылып, жаза тартышкан болчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG