Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:46

Panorama: Европадагы ири финансылык чуулгандын жандырмагы Бишкекте


11-мартта Panorama журналы Гуревич жөнүндө көлөмдүү макала басып чыгарды
11-мартта Panorama журналы Гуревич жөнүндө көлөмдүү макала басып чыгарды

Өлкө тарыхындагы ири көз боемочулук жөнүндө жазган италиялык гезиттер Евгений Гуревичти бул иштеги табышмактуу адам деп бир ооздон аташат. Эмне дегенде Кыргыз өкмөтүнүн кеңешчиси тууралуу Аппенин жарым аралында көп маалымат жок.

Апта сайын чыгуучу Панорама (Panorama) журналы 11-март күнкү санында Гуревичтин Fastweb-Telecom Italia Sparkle ишиндеги ролун, башка шектүү адамдар менен байланыштарын иликтеген көлөмдүү макала басып чыгарды.

Чет өлкөлүк басылмадарда Гуревич Кыргызстанда туулуп өскөн, атүгүл аны кыргыз деп атап жүрүшөт. Панораманын кабарчысы Жакомо Амадори Европадагы эң ири финансылык алдамчылыктын жандырмагы Борбор Азияда орун алган Кыргыз жумуриятынын борбор шаары Бишкекте жатат дейт. Соттун болжолунда, шылуундар 2 жыл ичинде мыйзамсыз жол менен алышкан 2 миллиард еврону Панамадан Гонгконгго, Дубаиден Сейшел аралдарына Вена аркылуу ташып адалдашкан. Бирок уюшкан топтун “мээси” Лос-Анжелес же Лондондо эмес дал ошол Бишкекте жашайт, - деп жазат Амадори.

Гуревичти камакка алуу буйругун берген судья Алдо Моржининин ишениминде, мыйзамсыз жол менен өндүрүлгөн акчанын эки жакка которулушунда ал негизги ролду ойногон жана арам акчаны адалдоого жана капиталдын кайра инвестициялоосуна чечүүчү салым кошкон.

Маселен, швейцариялык “Велко холдинг” компаниясынын кеңешчиси болуп турганда Гуревич Планетариум (Planetarium) деген компания түптөп, ага 250 миң евро бөлгөн. Планетариум 2006-жылдын сентябрынан 2007-жылдын май айына чейин банктагы өз эсебинен дээрлик 850 миллион еврону ошол эле топко таандык башка компанияга которгон деп шектелүүдө.

Кабарчы Гуревичти уюшкан топтун эң жаш жана акылдуу мүчөсү деп сыпаттайт. Алгачкы ирет ал тууралуу тергөөчүлөр 2007-жылдын май айында маалымат алышкан. 15-17-майда банданын айрым адамдары Лондондо жолугушкан. Англиянын жашыруун кызматынын офицерлери аларды көзөмөлдөп, камералар алардын кыймыл аракеттерин, асыресе Гуревичтин топтун айрым мүчөлөрү жайгашкан “Метрополитэн” мейманканасына келгенин тартып алышкан.


Ошол эле жылдын сентябрында Италия полициясынын атайын операциялар боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери аны Милан шаарынын аэропортунда байкап калышат. Ал эки жан сакчысынын коштоосунда аэропорттогу почтага жөнөйт. Аларды полиция билгизбей аңдып барат. Ал жерден Гуревичтин уюшкан топ боюнча шериктеринин бирине таандык компаниянын Римдеги кеңсесине конверт жөнөтүлөт. Полиция конверттен англиялык 10 сим карта таап алат да, алардын номерлерин жазып алгандан кийин адресатына жиберет. Ошентип, банданын мүчөлөрү алардын сүйлөшкөндөрүн полиция тыңшап жатканын билбей калышат.

Ошондо Италияда болгондо Гуревич Пиаченца деген шаарга барууга да үлгүрүп, өнөр жай машиналарын сатып алуу жөнүндө сүйлөшүү жүргүзөт. Болжол менен жабдыктар Россиянын Газпром ишканасы үчүн сатылып алмак. Ооба, себеби Гуревич алектенген чөйрө жана байланыштары өтө кеңири болчу, - дейт италиялык журналист.

Андан ары Амадори 2008-жылдын январында Кипрдин арам акчаны адалдоого каршы күрөшкөн агенттиги – Mokas Италия Банкына Гуревич эки компаниясы аркылуу “кылмыштуу ишмердүүлүктөн түшкөн акчаны адалдоо үчүн колдонгон” деген эскретүү жолдогонун айтат.

“2 жылдан кийин италиялык судьялар кыргызды камоого буйрук беришти. Бирок ал, балким, алыс кетип калууга үлгүрдү. Сыягы, туулуп өскөн Бишкек же бала кезинде Фрунзе деп аталган шаарда жүргөндүр. Ал убакытта арам акчаны адалдоо анын кесиби боло элек болчу”, - деп жыйынтыктайт өз макаласын Панорама журналынын кабарчысы.

XS
SM
MD
LG