Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:44

Журналисттер биримдиги ишембилик өткөрдү


Марат Токоев
Марат Токоев

Бүгүн Журналисттер биримдиги Айни жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги эл алуу багында ишембилик өткөрдү. Бул иш-чара тууралуу аталган биримдиктин жетекчиси Марат Токоев “Азаттыкка” маек куруп берди.

- Бүгүнкү ишембилик 7-апрель ыңкылабында шейит кеткендердин элесине арналып өткөрүлүп жатканы маалымдалды эле. Ушул тууралуу өзүңүз айтып берсеңиз?

Марат Токоев: Бул 7-апрелде шейит болгондордун арбагына жана ошондой эле биздин кесиптештерибиз Алишер Саипов, Генадий Павлюк, Алмаз Ташиевдин элестерине арналды. Ошондой эле келе жаткан Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндик күнүнө карата ишембилик өткөрөлү дегенбиз. Бул демилгени илгертеден эле көтөрүп келгенбиз, бирок аны ишке ашырганга мүмкүнчүлүк болгон жок. Эмне үчүн дегенде шарт да ушундай болуп калды.

- Бүгүнкү иш-чарада канча бак тиктиңиздер?

Марат Токоев: 150 түп бак отургуздук.

- Киши колдуу болгон 3 журналисттин өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишин убактылуу өкмөт аягына чыгарат деп үмүт артсак болобу?

Марат Токоев: Азыркы утурумдук өкмөт бул иштин баарын тең аягына чейин чыгарабыз деген убадасын берип атышат. Бизде көп учурда убадасын берип коюп кийин аткарылбай калчу эле. Эми үмүт кылып туралы. Эгерде аягына чейин чыкпаса, анда медиа уюмдардын кызматкерлери муну жөн койбой, аягына чейин чыгарганга аракет кылабыз.

- Кыргызстандагы сөз эркиндигине убактылуу өкмөттүн мамилеси кандай болмокчу?

Марат Токоев: Азыркы кезде баш аламандык байкалып атат. Бир чети азыркы бийликке келип отургандар өз убагында сөз эркиндиги үчүн күрөшүп, аны талап кылып келген саясатчылар болуп атат. Бирок кээ бир жерлерде мүчүлүштүк кадамдары бизди да тынчсыздандырбай койбойт. Ошол эле УТРК боюнча коомдук кылабыз деп убада беришип, кайра айныгансып атышат. Ошондой эле кээ бир жерлерде цензура киргизүү аракеттери болуп атты.
XS
SM
MD
LG